Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Эсимде жана Жарандык агартуу академиясы «Жымжырттыкты бузуп» мектебине ачык кабыл алууну жарыялайт!

21 августа, 2023 г.

 Сүрөттүн автору Болот Исабеков. «Эсимде» аянтчасынын алкагында — «Космонавттар айылы» семинарында тартылган.

«Жымжырттыкты бузуп» мектеби жеке өзү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүгө, жамааттык өткөндү түшүнүүгө жана азыркы учурдагы ордубузду аныктоого багытталган.

Биз жеке жана коомдук турмушта да колониялык мамилелерден бошонууга салым кошууну каалайбыз. Биздин субъективдүүлүктүн чектерин аныктоо жана тынч кадыр-баркка ээ болуу.

Өзүн жана өз ордун аныктоодо түшүнүү аздык кылат, андан ары жылыш керек.

Биз биргелешип практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү, стратегияларды жана эрежелерди алабыз, тармактарды жана жамааттык иш-аракеттерди түзөбүз.

Мектеп окутпайт, бирок катышуучулар үйрөнүшөт.

💡ИДЕЯ

  • “Жымжырттыкты бузуп” мектеби — изилдөө жана активдүүлүктөгү деколониалдык көз карашты бирге өздөштүрүү аракети. Өзүбүз жөнүндө жамааттык талкуулар аркылуу өтүмүштү кайрадан карап чыгуу менен учурду аңдап түшүнүп, келечегибизди аныктайбыз.📌
  • Биз үчүн “Жымжырттыкты бузуп” мектеби – көп жылдан бери коомчулукту курчап келген колониалдык аң сезимден бошонуу үчүн кезектеги чакырык.
  • Мектептин ар бир сессиясы өз кесибиндеги адистерди: изилдөөчүлөрдү, тарыхчыларды, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана журналисттерди угуу жана суроо берүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
  • Биз мектептин катышуучулары жана спикерлери үчүн баалуу билимге ээ болууга, коомдогу көйгөйлөрдү бирге талкулоого жана пайдалуу нетворкинг жаратууга мейкиндикти түзөбүз.
  • Лекцияларды, семинарларды жана формалдуу эмес баарлашууларды айкалыштыруу аркылуу биргелешип окутуунун жаңы формасы түзүлөт: Ар бир катышуучу, эксперттер жана конок спикерлер бири-бирибиз билбеген билимге, маалыматка ээбиз. Бул мектепте биргеликте катышуучулар алып келген жалпы билимдин үстүндө иштейбиз.

📋ПРОГРАММА

  • Мектеп 3 сессиядан (ар бири 4 күн) турат. Сессия Кыргызстандын түрдүү аймактарында өтөт.
  • Сессиялар 2023-24-жылдардын сентябрь, ноябрь жана март айларында өткөрүлөт.
  • Сессиялардан тышкары, топтун ичинде on/offline семинарлар жана жолугушуулар болот.“Эсимде” аянтчасы мектеп менен айкаш деколонизация жана эс-тутум боюнча курсту түзөт.
  • Мектептин тили: кыргыз жана орус.
  • Транспорт жана жатакана чыгымдары камсыздалат, катышуу акысыз.

ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ:

  • Мектепке активдүү катышууга даяр талапкерлерди арыз берүүгө чакырабыз. Арыз берүү учурунда, талапкерлер мектеп процессинде иштеп чыгууну каалай турган өз долбоору үчүн идеяга ээ болушу керек. Эң ийгиликтүү долбоорлор каржылык жактан колдоого алынат.
  • Кеңири аудиторияга ээ болгон талапкерлерге артыкчылык берилет.
  • Тандалган катышуучулардын өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан процесстерге кайдыгер эмес позициясы, коомчулукта олуттуу өзгөрүүлөрдү жасоого туруктуу ниети бар болуусу зарыл.
  • Кыргызстандын бардык аймактарынан катышуучуларды күтөбүз.

Катышуу үчүн шилтеме аркылуу өтүп резюме жүктөп жана суроолорго жооп берүү шарт.

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfYrcMt9mQaAZErZNaJIPm1_kt6BGmztIvmE-rhLRFVq6Y04w/viewform?usp=sharing&fbclid=IwAR0AGDQ1Whz97yi9tma7WaIj35EqL5fdvsSgS0r8vBDw9n5u1oTGqHKagVc

‼️Катышуу үчүн орундардын саны чектелген (20), арыздар 2023-жылдын 28-августуна чейин кабыл алынат.

Бардык суроолорду esimdekg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтсөңүз болот.