Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Аудиокитеп «Чиеш Тагдырлар»: Корейлердин 37 жыл илгерки армандуу көчү

2 февраля, 2021 г.

Светлана Петровна «Эсимде» аянтчабыздын дилгир окурмандарынын бири. Башынан өткөргөндөрүн айтып бериш үчүн бизге атайын келиптир. Ал чоң энеси Ти Сиден чиедей үч баласы менен кантип Өзбекстанга көчүрүлгөн окуясын баяндап берди. Ушу тапта Борбор Азияда жашап жаткан корейлердин көбү — 1937-жылы Ыраакы Чыгыштан Борбор Азияга өкүмзордук менен көчүрүлгөн 172 миң корейдин тукумдары. Так ушул жылы большевиктик ири канабайрам күчөгөн. Сталин менен Молотов Эл комиссарлар кеңеши (Совнарком) менен ВКП(б) БКнын атынан «Ыраакы Чыгыш аймактарынын чек арага жакын аймактарынан корей калкын көчүрүү жөнүндө» жашыруун токтомго биргелешип кол коюшкан.

Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

https://youtu.be/Z767LccaPwg

Опубликовано в разделах: important, Аудио, Чиеш тагдырлар I