Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Аудиокитеп «Чиеш Тагдырлар»: Мурат Салихов — таанылбаган тагдыр

15 февраля, 2021 г.

Сталиндик репрессиянын курмандыгы Кыргыз ССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын кызматын аткарган Мурат Салиховдун белгисиз өмүр жолу.

Салихов Мурат (туурасы Салыков) – мамлекеттик жана саясий ишмер. 1905-жылы азыркы Баткен облусунун Баткен районундагы Рават кыштагында туулган. 1923-жылы Кокон педтехникумун, 1925-жылы Ташкендеги агартуу институтун бүткөн. 1925-27-жылдары Ош округдук комитеттин үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы. 1929-30-жылдары Өзгөн райондук аткаруу комитетинин, Ош округдук элге билим берүү бөлүмүнүн, Ош округдук аткомунун төрагасы. 1930-37-жылдарда партиялык кызматтарда. 1937-жылы Кыргыз Эл комиссарлар советинин төрагасы. 1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы. Ак жеринен айыпталып, 1938-жылы атылып кеткен.

https://youtu.be/LJ7uNNe5QF0

Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

Опубликовано в разделах: important, Аудио, Чиеш тагдырлар I