БААТЫРДЫН БААТЫР УРПАГЫ

Гулгаакы Осмонкулова

Байыркы замандардан бери эле ата – бабаларыбыз уулдары эс тарта баштагандан тартып: “ Жети атасын билбеген- жетеси жок кул!”- дешип, түпкү тегинен берки жети атасын жадыбалдай жаттатып, көкүрөгүнө кыттай куюшчу. Аталардын эрдиктери, эл-журтуна сиңирген эмгектери жана табият тартуулаган кайталангыс өнөрлөрү тууралуу далилин кошо айтып, балдарын эли-жерин, Мекенин сүйүүгө үндөшүп, эмгекке, адептүүлүккө тарбиялап келишкен. Андыктан,  кыргыздын ар бир атуулу өзүнүн ата-бабалары менен сыймыктанып, алардын жолун, ишин улоого аракет кылышкан. Таалим-тарбиянын соолгус башаты  болгон этнопедагогиканын маани-маңызы жан дүйнөсүнө, кулк-мүнөзүнө терең сиңген жоокер элибиздин бул “талаа мектеби” кылымдарды бойлоп, муундардан муунга өтүп, канчалаган жаштарды тарбиялап өстүргөн. Анын сыъарындай,  өзүмдүн ата-бабаларым тууралуу эскерүү, басып өткөн жолдоруна сереп салып, аз да болсо баян куруу  мен үчүн да сыймыктуу. Бир чети өтө жооптуу дагы…

Түпкүлүгүбүз  Солто- эзелтен Сары-Өзөн Чүй боорун жердеген кыргыз элинин айтылуу урууларынан. Солтонун санжырасынын түбү Тагай бийге барып такалат. Тагай бийден- Эштек, Эштектен -Богоростон, Богоростондон -Солто, Солтодон -Чаа, Чаадан- Талкан, Талкандан- Кошой, Кошойдон -Жамансарт, Жамансарттан -Түлөберди, Түлөбердиден- Канай, Канайдан- Байсейит, Байсейиттен -Медетбек, Медетбектен- Кошой, Кошойдон- Осмонкул, Осмонкулдан -Көчөркул, Искендер, Андаш, Убалий.

Элдик санжыраларда Чаа, Түлөберди, Байсейит, Медетбек баатырлардын эли, жерин душмандардан коргоодогу  көрсөткөн эрдиктери эл оозунда али күнчө айтылып келе жатат. Чаа баатыр кыргыз-казак ханы Эр Эшимдин доорунда жашап, Эшим хан менен бирдикте калмак баскынчыларынын кыргыз-казак жерине болгон алгачкы жортууларынын мизин кайтарса, Медетбек баатыр XIX кылымда өмүр сүрүп, эли- журтун ар кандай тышкы зордук-зомбулуктардан коргогон. Биздин чоң аталарыбыздын Чүйдөн Таласка көчүп келип, Таласты мекендеп калуусуна ушул Медетбек баатыр себепчи болгон.

Тагай бийдин тукуму Канат баатырдын небереси Байсейит баатырдын уулу Медетбек баатыр 1832-жылы төрөлүп  84 жашында, 1916-жылы дүйнөдөн  кайтыптыр. Байсейит баатыр Ашмара өрөөнүнүн оозунда жашап, жайы- кышы жер которуп көчүп жүргөн. Медетбек баатыр балдарынын улуусу эле. Анын инилери Шекербек, Өмүрбек , Бообек, Түлөк, Жанбагыш, Байбагыш “Кара–Балта” өзөн-сайынан Ашмара өрөөнүнө чейин Бошкой байкесинин балдары менен бирге коӊушулаш болуп жашап келишкен. Ар бир үйдөн үйүр-үйүр жылкы, жүздөгөн майда жандыктар чыккандыктан Чүйдүн бул аймагында жайыт тарый баштаган. Андыктан, Байсейит уулдарын чогултуп Медетбек менен Шекербекти мал-жанын алып, агайын-туугандары менен Таластын баш жагындагы “Талды-Булак” өрөөнүнө көчүп баруусун сунуш кылат. Ошентип, Медетбек баатыр баштаган Солто уруусунун жүз түтүндөй, бир айыл эли 1878-жылы Байсейит баатырдын сунушу боюнча орус бийлигинин уруксаты менен Талкан болуштугунун жерин кеңейтүү максатында “Кум-Белди” ашып Суусамырга, “Үч –Кошойго” көчүп келишкен.

Совет доорунда “Талды-Булакта” жашаган Байсейит, Медетбек баатырдын урпактарынан жумурай журтубузга белгилүү Жанузак Төрөкулов, Искендер Осмонкулов, Убалий Осмонкулов, Марифат Осмонкулов  сыяктуу мыкты инсандар өсүп чыгышкан.

Кыргыздын эчен чабаны,

Кыйлага аты тарады.

Ошонун бири Искендер,

Өлкөнүн барктуу адамы.

Өзү алган алтын жылдыздай,

От болуп жанат жамалы.

Берилип адал иштесе,

Бермет тер жерде калабы…

Мал жүргөн кокту колоттон,

Маскөөгө жетти кабары.

Элибизге аттын кашкасындай белгилүү акын Байдылда Сарыногоевдин ушул саптары жөн жеринен жаралып калган эмес. Чон атам Искендер Осмонкулов учурунда өзүнүн чабандык ак эмгеги, маӊдай тери менен Кыргыз журтчулугуна эле эмес, бүткүл союзга белгилүү болгон. Ал 1907-жылы Талас өрөөнүндөгү Талды-Булак айылында, Жылаӊач-Кошой жайлоосунда туулган. Анын эмгек жолу жалаӊ кой багуу менен өткөн. Бар болгону 4-класстык билими болсо да өзүнүн тубаса зиректиги менен кой чарбасын өнүктүрүүгө өтө зор салымын кошуп, чарбанын, райондун, республиканын  экономикасын чыӊдоодо даӊазалуу ийгиликтерди жараткан. Ошондон улам мээнеткеч инсан эл арасында, коомчулукта зор кадыр-баркка ээ болгон.

Искендер чон атамдын балалык өспүрүм курагы 1917-жылдагы октябрь төӊкөрүшүнө туш келип, чарбаны коллективтештирүү,  30-жылдардагы ачарчылык, кулакка тартуу, анын жеке жашоо турмушуна да өзүнүн таасирин тийгизбей койгон жок. Атасы бай-манаптын тукуму деп куугунтукталып турмуштун запкысын тартып эс тартканы ата-энесине, бир туугандарына каралашып мектепти да толук окуй албады. 40 жашка чейин куруучу болуп кыш куюп, шыбак шыбады, дыйкан болуп – кызыл данга кырман толтурду, талаачылык боюнча бригадир болуп эл башкарды, жылкы да кайтарды. Кыскасы чарбада ал иштебеген жумуш калган жок. Бирок, эмнегедир ушул иштердин баары анын  көӊүлүнө отурбады. Акыры, 1947-жылы ѳзүнүн киндик каны тамган айылы болгон — №113 жылкы заводунун бир короо токтуларын  ѳткѳрүп алды. Анын бактысы ушул жерде күтүп турса керек. Адегенде, 1948-жылы 900 баш токтуну эч кандай шарты жак жайдак короодо ачык асман алдында төлдөтүп, ар 100 тубарынан 80 ден козу, ар бир токтудан 3 кг жүн алып “Ардак грамота” менен сыйланды. Бул көрсөткүч анын алгачкы ийгилиги болуп демине дем, шыгына шык кошту. 1948-1952-жылдары өӊүнө бекитилип берген 3254 тубар койдун ар жүзүнөн 106 дан козу, ар бир койдон 3.4 кг. жүн алган. 1953-1958-жылдары  3714 тубар койдун ар 100 тубарынан 117ден козу, ар бир койдон 3.2 кг. жүн берген. Бул ийгиликтер оӊой эле жарала койгон эмес. Ал үчүн кышы жайы түн уйкусунан кечип короо күзөтүп, чыла кечип, күндүн ысык суугуна карабай керели кечке үй бетин көрбөй мал артынан түшүп кыр кесип   кой оторлотуп нечендеген түйшүктүү күндөрдү өткөргөн. Эмгекти сүйгөндүгү ишке болгон жоопкерчилиги, мээнеткечтиги бат эле элге билинип, ар жүз тубар койдон ошол кездеги жакшы көрсөткүч болуп эсептелген 100 койдон 115-120 козудан алууга жетишкен. Эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1958-жылы 16-октябрда  СССР дин Жогорку Советинин Президимунун чечими менен «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.

Ак эмгектин акыбети кайтып жогорудагы көрсөткүчтөрө жылдан жылга арбый берди. 1959-1965-жылдардары ар 100 тубар койдон 150 дөн козу, ар бир койдон 3.6 кг. жүн алган. Эмгектенүүдөн чаалыкпагандыгы, өз ишине болгон жоопкерчилиги жана зор тажырыйбасынын натыйжасында ал республикадагы өз кесиптештеринин алдына чыккан. «Мээнетиӊ каттуу болсо, тапканыӊ таттуу бол от» демекчи  1960-жылы «Кыргыз ССРнин мыкты чабаны» деген ардактуу наам алып, СССР дин Москвадагы ВДНХ нын катышып мал чарбасындагы жетишкендиги үчүни СССРдин коло медалы менен сыйланган. 1966-жылы 22-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимунун Указы менен «Ленин» ордени, «Орок жана Балка алтын жылдызы» менен «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген ардактуу наам берилген.

Мал киндиктүү кыргыз жергесинин кайраткер чабаны Искендер Осмонкулов алган милдеттенмелерин ашыгы менен аткаруу үчүн такай талыкпай эмгектенген. 1966-1970-жылдары  2930 баш тубар койдун ар жүзүнөн 134төн козу ар бир койдон 3.8 кг. жүн алып берсе, 1971-1975-жылдардары ар жүз тубар койдон 158ден козу, ар койдон 4.6 кг. жүн алып берген.  Бийик адамдар бийик жерде төрөлүп бийиктикке умтулат окшобойбу. Анысы кандай Искендер да улам жаӊы бийиктиктерди багындырып эмгегинин акыбети кайтып 1971-жылы 24-апрелде “Октябрь Революциясы” ордени, 1972-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Ленин ордени” менен сыйланган.

Туура максат -туу чокуга жеткирет демекчи 70-80- жылдары Искендердин жылдызы жанып, эмгеги Республикабызга гана эмес бүт союзга таанылып ар жүз тубар койдон 160-175ке чейин козу, ар койдон 5.2 кг. чейин жүн алууга жетишкен. Мындай көрсөткүчкө ишенбөөчүлүк менен карагандар да болгон. Мал боор этиӊ менен теӊ дегендей ал 40 жыл кой артынан ээрчип малдын сырын анча мынча жогорку билимдүү ветврвчтардан да, зоотехниктерден да мыкты билген. Анын катары  Чаткалдык Ташбай Айдаров, Тогуз-Торолук Ниязалы Султанкулов, Токтогулдук Карачал Асанбаев, Түптүк Белалы Окенов, Кировдук Асыран Эсенбаев, Таластык Ыдырыс Орозалиев. Базылбек Айтбаев сыяктуу мыкты чабандар менен толукталгандан кийин анын мээнетинин акыбети кайтып көпчүлүктүн көзү толук жетти окшойт. Эли журтуна, мекенине, мамлекетке сиӊирген эмгеги жогору бааланып 1976-жылы СССР  Жогорку Советинин президимунун Указы менен СССР дин Мамлекеттик сыйлыгынын Лауреаты диплому жана алтын медалы менен сыйланат. Сөздүн кыскасы Социалисттик  Эмгектин  Баатыры  СССРдин  Мамлекеттик Сыйлыгынын  Лауреаты  Искендер Осмонкулов 1948-жылдан 1988-жылга чейин мамлекетке 28545 баш козу, 83 тонна 140 кг. жүн берген. Мамлекет жана өкмөт өз учурунда  анын бул эмгегин жогору баалап«Москвич 412» жана «УАЗ», «Волга» автомашиналарын сыйлыкка берген. Эл үчүн ак эмгегин арнаган баатыр чабан жалаӊ эле кой чарбасы менен чектелип калбастан чебер саяпкер, таап. дарыгер да эле. Колунан дарыланып кеткен адамдар жүздөп саналып, али күнгө чейин эстеп айтып жүрөт. Саяпкерлиги менен нечен күлүк аттарды таптап Суусамырда кыргыздардын, казактардын тойлорунда 1-байгени алып, даӊкы алыска кеткен. Көзгө атаар мергенчи жана  комузчу, жамакчы болгон.

Социалисттик Эмгектин Баатыры, эки “Ленин”, “Эмгек кызыл туу”, “Октябрь Революциясы” ордендеринин ээси, Мамлекттик сыйлыктын лауреаты Искендер Осмонкулов 1999-жылдын 25-январында өз сынынан кетпей 93 жашында оо дүйнөгө салган.  2004-жылы айылы  «Искендер Осмокулов айыл өкмөтү» деп аталды.

1949-жылы туулган  жалгыз уулу, агам  Марифат атабыздын  ысымына шек келтирбей төрөлду. Мал чарбасынын жогорку билимдүү адиси болом деп Фурунзедеги айыл чарба институтунун “зоотехник” бөлүмүн 1972-жылы бүтүрүп, өзүнүн айылына зоотехник болуп иштеди. Жакшы иштеди. Элине алынды. Тажрыйбасы артты. 1985-жылы совхоздун (“Талды- Булак” айылы) директору болуп шайланды. Жетекчи катары чарбага чоӊ ийгиликтерди жаратты. Койдун саны 40 миӊ, топоздун саны 2миӊ, жылкынын саны 1 жарым миӊге жетти. Эмгекти сүйгөн, элди сыйлаган, улуу кичүүнү урматтаган сыпайы, ак пейил,  иш  дегенде уктабаган жигит эле. Тагдыр экен, алдындагы албан максаттарды аткара турган курагында 1992-жылы 19-ноябрда автокырсыктан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты…

Искендер чоӊ атамдын эӊ кичүү иниси атам Осмонкулов Убалий 1933- жылы  5- февралда Талас районунун  “Талды-Булак” айылында төрөлгөн. 1950-жылы, орто мектепти  аяктагандан кийин Бишкектеги айыл чарба институтун бүтүрүп, ветеринардык врач адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1956-жылы “Көпүрө-Базар” айылындагы ветеранардык участкада ветврач болуудан баштаган. 1957-жылы Талас облусунун Буденный районундагы машина — трактордук станцияда улуу ветеринардык врач болуп эмгектенген. 1960-жылдан тартып 1964-жылга чейин Талас райондук ветеринардык станциянын врач — эпизоотолугу болгон. 1964-жылдан 1984-жылга чейин, башкача айтканда жыйырма жыл бою Киров районундагы  мал бордоочу совхоздун директору, айыл чарба башкармасынын башкаруучусу, “Көк-Сай” асыл тукум совхозунун  директору болуп эмгек өтөгөн.

Ал эми 1984-жылдан тарта 1995-жылга чейин облусубуздун ветеринардык ар башка бөлүмдөрүндө башчы, эпизоотолог- облустук ветеринардык лабораторияда директор болуп  эмгектенип жүрүп 1995-жылы республиклык мааниде пенсияга чыккан.

Ветеринария тармагындагы мыкты адистердин бири болгон. Өзүнүн бай тажрыйбасынан бөлүшүп газет беттерине бир нече жолу ветеринария тармагында макалаларды жарыялап кесиптештерине өз тажрыйбасынан бөлүшкөн.

Өзүнүн көп жылдык ишинде өзү жетектеген жааматына активдүүлүгүн арттырып, ветеринардык эпизоотикалык иш чаралардын демилгесин жогорулата  алгандыктан  эл депутаттарынын Киров райондук Кеӊешине бир нече жолу депутат болуп шайланган.

Өзү жетишкен ийгиликтери, эмгектеп жогорку көрсөткүчтөрү, талыкпаган эмгек жогору бааланын, респуликабыздын 40-жылдыгына карата Кыргызстан Коммунисттик партиясынын “Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген ветеринардык врачы” наамын алган. Кийин, эки жолу айыл чарба министрлигинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.

Көп жылдык талыкпаган эмгеги “Ардак  белгиси”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендери жана бир нече медалдарга татыган. Убалий эки уул, беш кызды тарбиялап, баарына жогорку билим бере алды. Азыр алар ар кызматтарда эмгектенип жатышат.

Атам тууралуу замандашы Казакбаев Маматкул — “Иш десе- ичкен ашын жерге койгон”, мамлекеттик ишке абдан жоопкерчиликтүү, иштин көзүн таап иштей билген, өзгөлөрдү да иштете билген адам эле. Ар дайым ишти тыкыр көзөмөлгө алып, ар бир ишти көз жаздымда калтырчу эмес. Убалий Осмонкуловичтин уюштуруучулук иш аракетинин натыйжасында 80-жылдары “Көк-Сай” асыл тукум мал өндүрүү совхозу ар бир койдон 5 килого чейин жүн алып, алдыӊкы чарбалардын катарына теӊелип, Республикалык “Ардак тактада” турчу. Оштон, Нарындан келишип колхоз, совхоздоруна бизден өзгөчө породадагы кой-козуларды сатып алып кетишчү. Ар бир козуну кылдат анализден өткөрүп, тастыктап, ар бирине күбөлүк жазчубуз – деп эскерет. (Гүлгаакы Осмонкулова. Аталар баяны. Бишкек 2017-ж. 134-бет,)

“Көк-Сайдын” койлору “Майдан-Тал”, “Ой-Кайыӊ” деген жайлоолорду жайлоочу. Чынын айтсам, Таластагы жайлоолордун жайлоосу мына ушул жайлоо. Бирок, ал жерге машина барчу эмес. Чабандарды вертолёт менен көчүрүп, тузду да вертолёт менен жеткирчүбүз. Күзүндө чабандар ат, өгүз, төө менен эптеп көчүп келишчү. 1983-жылы кыш эрте түшүп, 17- сентябрда кар жаап, ашуу бекип, эки короо кой белден аша албай, 80 ден ашык койду кар басып калды. Ашууда кар 2 метрге жеткен. Аба ырайынын катаал шартында вертолёттун баруусу да кыйын эле. Убалий Осмонкулович совхоздун активтерин чогултуп, өзү баш болуп атка минип, 50 киши белге барып, эки күн кар күрөдүк. Убалий Осмонкулович эки күн биз менен чогуу болуп, биз менен чогуу иштеп, биз менен чогуу тамактанды. Ошол күн али эсимден кетпейт – деп эскерет кесиптеши Туралиев Амантур.. (Түогаакы Осмонкулова. Аталар баяны. Бишкек 2017-ж. 144-бет,)

Чоӊ  атабыз  Осмонкулдун  үчүнчү  уулу Андаш атабыз 1931-жылы азыркы  Талас  облусунун, Талас районуна караштуу “Талды-Булак” айылында туулган. Балалык чагы кеӊ Талас өрөөнүнүн “Жылаӊач” өзөнүнүн боюнда, “Жер басты” кыштоосунун  койнунда  өтөт. Кийин, ошол эле айылдын 7 жылдык мектебин аяктап, 1946-жылы, 15 жашында алгачкы эмгек жолун № 113- Конезавод совхозунун 2-бригадасына жөнөкөй жумушчу болуп иштөөдөн  баштайт. Ал жерде 2 жыл иштеген соӊ, 1948-жылы талаа эсепчиси кызматына дайындалат. Эсепчинин ишинен 1949-жылы № 2- фермага кампачы болуп которулуп, ошол эле жылы үйлөнөт.

1951-жылы  атуулдук парзын аткарып, Советтик Армиянын катарына, аскер кызматын өтөөгө чакырылат. Аскер кызматын ошол кездеги Орусиянын (РСФСР) Владивосток  шаарында, аскер-деъиз  флотунда өткөрөт. Атуулдук парзын ак аткарып, 4 жылдан соӊ өз айылына келип, Буденный райондук  суу башкармалыгына суу байкоочусу болуп ишке орношот.

1957-жылдан   бир жыл бою “Конезавод” совхозунда айдоочу кызматын аркалап, ошол жылы Коммунисттик партиянын катарына өтүп, элге кызмат кылууга билек түрө киришет. Андан соӊ, 1958-жылы ушул совхоздун дүкөнүнүн башчылыгына дайындалат. Кийинчерээк, ошол дүкөндүн директору болуп бекитилип бир топ жыл иштейт.Аскер кызматында жүргөн кезинде эле окуусун улантууга багыттама ала келген  атабыз,  1964-1967-жылдары  кечки мектепти окуп бүтүрөт. Ал эми 1968-1973-жылдары  Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз  айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүрүп, зоотехник  кесибин алуу менен бирге  жогорку билимге ээ болот. Андаш атабыздын илим-билимге болгон ынтызарлыгын, анын улуу кызы Гүлсайра менен институтту чогуу аяктагандыгы айгинелейт.

Тырышчаактык, өжөрлүк, көздөгөнүнө жетип, беттегенин бербеген асыл сапаттары Советтер Союзуна жасаган эмгегинде дагы өз натыйжасын берип, мээнеткечтигинин акыбети кайтып, өкмөт тарабынан калыс бааланып, 1970-жылы Талыкпас ак эмгеги үчүн Лениндин юбилейлик  медалы менен сыйланган.

1970-жылы талаа жумуштары боюнча бригадир болуп дайындалат. Ал кызматта жети жыл үзүрлүү иш көрсөткөн соӊ, 1977-жылы кой чарбасына зоотехник-селекционер болуп иштейт. Өз ишин берилгендик менен мудаа жасап, жакшы жыйынтык чыгара билген Андаш атабызга 1987-жылы мүйүздүү ири малдарды жасалма уруктандыруу боюнча бригадирлик кызматын аркалоо ишеничи артылып, ал кызматта бир топ ийгиликтерге, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен.

1992-жылдан баштап пенсия курагына келгенине байланыштуу ардактуу эс алууга чыгат.

Көчөркул чоӊ атам  Осмонкулдун уулдарынын улуусу болгон. Ал 1906-жылы кой жылында, Таластын “Талды-Булак” айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Осмонкул тектүү манап тукумунан болуп, арабча кат сабатын жойгон, молдо жана саяпкер киши болгон. Көчөркул үй-бүлөнүн улуусу катары атасы Осмонкул күлүктөрүн алып, эл аралап кыдырып кеткенде өзүнөн кийинки ини-карындаштарына баш-көз болуп , аларды эч нерседен кем кылбай асыроо милдетин эртелеп мойнуна алат. Ошол себептенби,   айтор,  Көчөркул   тирикарак,  ар бир иштин көзүн таап жасаганга эрте жашынан каныгат.

Көчөркулдун өспүрүм курагы 1917-жылдагы Октябрь төӊкөрүшүнө туш келгендиктен чарбаны коллективдештирүү, 30-жылдардагы ачарчылык,  кулака тартуу өӊдүү  оор  кырдаалдар   анын  жеке  жашоо-турмушуна да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Атасы Осмонкул бай-манаптын тукуму деп куугунтукталгандан, турмуштун запкысын көп тартып, энесине, бир-туугандарына каралашып, жер оодарып көчүп-конуп, манап тукуму  экенин жашырып жүрүүгө аргасыз болушкан. Турмуштун оор кырдаалына карабастан, латын тамгасында сабатын жоюп, 3-класска чейин окуган.

Коллективдештирүүдө чарба иштеринде жигердүү иштегендиги үчүн бир нече жолу «Эмгектин ударниги» деген наамга татыктуу болгон. Ал кандай гана ишти аткарбасын, чын пейили менен шымаланып киришип, эл оозуна алынып дайыма алкышка ээ болгон. Өзүнүн чын пейили жана күжүрмөндүүлүгү менен, мейли талаачылык жумушунда болобу, мейли, ферма иштеринде болобу, берилген норманы ашыгы менен аткарууга жетишип келген. Кыскасы, чарбада ал иштебеген жумуш болгон эмес. Өзгөчө, Улуу  Ата-Мекендик согуш мезгилинде ден-соолугуна байланыштуу аскерге алынбай калып,  чарбанын кайсы гана жумушунда болбосун, белсенип иштеп,  ооруктагы кемпир-чал, бала-бакырага дем- кщч берип: «Бардыгы фронт үчүн, бардыгы-жеңиш үчүн!»-деген ураан алдында, ак эмгегин аябай, эл менен күн-түн дебей эмгектенген. Ата-Мекендик согуш аяктаганга чейин чарбанын кайсы гана иши болбосун жок дебей куруучу болуп кыш куюп, шыбак шыбап, дыйкан болуп кызыл  данга кырман толтуруп, фермада сүт тартып, ташыган. Кыскасы, чарбада ал иштебеген жумуш калбаган. Кайсы гана жумушта иштебесин жогоруда бегилегендей, норманы ашыгы менен аткарып «Эмгектин ударниги» болгон.

Согуштан кийин, 1947-жылдан тарта  бир тууганы Искендер менен кой багууга ёттщ. Искендер  экөө 1953-жылга чейин бир короо койду биргелешип багып төл, жүн алуу боюнча алдыңкылардан болуп жүрүштү. 1953-жылдан уулу Илияс менен өзүнчө бир короо кой алып багууга өткөн.

Башынан  жумушка жоопкерчилик менен карап, ар иштин көзүн таап жасаганга каныккан Көчөркул  мал багууда да ак мээнет кылып, ийгиликтерге жетишти. Өзүнө бекитилген ар 100 тубар койдон 90дон -115ке чейин төл, ар бир койдон 3 килодон 3,8килого  чейин жүн алып, эмгектин алдыңкысы болуп, ийгиликтерге жетишип келген. Көчөркул чоӊ атам  1964-жылы өзүнүн карамагындагы  бир короо койду уулу Илияска өткөрүп берип, ардактуу эс алууга чыккан..

Бир тууган Осмонкуловдор Көчөркул, Искендер, Андаш, Убалийдин бул дүйнөдөн көздөрү өтүп кетсе да эмгеги менен эл оозунда айтылып келе  жатат.