АЗАМАТ АЛТАЙ

Повесть-эссе

Жакиев Бексултан

«… чыккынчылыктын жолуна түшкөн Азамат Алтайдын жийиркеничтүү uшmepu кыжырланууну, жек көрүү сезимин жаратууда». Советбек Байгазиев. «Түпкүрдү карай томолонуу». «Кыргызстан маданияты», 25-март 1982-жыл.

«Изменник киргизского народа Кожомбердиев спустя несколько месяцев после победы советского народа над фашистской Германией сбежал на Запад» ст. «Презрение народа». «Советская Киргизия», 29 октября 1982 года.

«Наибольшую активность в пропаганде националистических идей на нашу республику проявляет сегодня киргизская редакция радиостанции «Свобода». Там работают изменники Родины Азамат Алтай (он же Кожомбердиев Кудайберген), Джакупов, внуки бывшего главаря банды басмачей Сагымбаева». А. Масалиев, первый секретарь ЦК КП Киргизии, из доклада на собрании партактива. «Советская Киргизия», 21 февраля 1987 года.

Азамат Алтайдын дайнын мурунтан угуп, тагдыры дайым көңүлүмдө жүрсө да, аны менен кат жазышам деген оюмда жок эле. Миң тогуз жүз токсон биринчи жылдын март, же апрели болсо керек, Кыргыз илимдер академиясынын илимий секретары Жаныбек Шаршеналиев үйгө телефон чалды. Америкага барарын айтып: «Азамат Алтайга кат жазып бер, тааныша келейин» деди. «А киши мени тааныбайт…» десем, «Кантип эле жердешиң болуп туруп, мамилеңер болбосун» деди. «Ой, Жаке, детдомдо чоңойгонуңду оозуңдан түшүрбөйсүң, жердештиктин даамын кайдан таткансың?» – оюн-чындан дээрин дедим да, кайра сүйүнүп кеттим. Анткени, жакында эле илимий, чыгар мачыл интеллигенция филармониянын чоң залына толтура чогулуп, «Кыргыз эл» коомун уюштурганбыз. Ага мен теңтөрага болуп шайлангам.

Эркиндиктин илеби боюбузду балкытып, элиртип турган чак анда. Ойлогон оюбуздун баары каалаганыбыздай ишке ашчудай, колубуз жетпегенге жетип, жыргал заман баштап жиберчүдөй жүргөн учурубуз. Чакыра койсок эле келе калчудай көрүп, мен эми Азамат Алтайга кат жөнөтүү мүмкүнчүлүгү табылганга сүйүндүм.

Каттарыбызды «Кыргызстан маданиятында» жарыялангандан кыскартыбыраак бердим.

Эссенин уландысы төмөнкү документте: