Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Бир сүрөттүн тарыхы. 1947-жыл, мектеп окуучулары мугалими менен

8 мая, 2022 г.

Башкарасуу жети жылдык мектебинин 5-классынын окуучулары. 1947-жыл.
Мектеп директору Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Султанов Нурдин агай.

Балдардын аты-жөндөрү жана туулган жылдары, солдон оңго: Мырзакматов Аалыкан (1936), Алымбеков Накайбек (1934), Ибраимов Ашымбек (1934), Качыгулов Өкүмалы (1934) жана Боталиев Сайпидин (1933). Кыздар, солдон оңго: Абдиева Саара (1935), Салымбекова Гүлапия (1935), Көчкөнбаева Гүлшат (1934), Бексултанова Бакин (1935) жана Мырзалиева Батма (1935).

Мектептин тарыхы. 1919-жылдын январь айында, Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Абдыкерим Сыдыковдун катышуусунда, Канай болуштугунда өкмөттүк мектеп ачылган (азыркы Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Башкарасуу айылында). Мектеп мугалимине Байтөлө уулу Биримкул дайындалган.

 Мектепке “Джамгурия” деген ат берилген (“Джумхурия” (арабча) — эл бийлиги орногон мамлекет же болбосо “Республика”). Совет өкмөтүнүн талабы менен “Канай болуштугунун 1-чи башталгыч мектеби” деп аты өзгөртүлгөн.

Абдыкерим Сыдыковдун жакын тууганы Султан Өзүбековдун үйү мектеп имаратына ылайыктуу делип тандалган. Мектеп Бөлтөк тоосунун батыш этегинде, дүпүйгөн калың алма бактын арасында, азыркы Башкарасуу айылы менен Жал айылынын так ортосунда жайгашкан болучу.

Үй пайдубалы бийик, түштүк тарабындагы кире беришинде чоң веранда, кенен коридорунун эки тарабында экиден чоң бөлмөсү бар, таманы тактайланган, терезелеринен күндүн нуру төгүлгөн, эки “контрамарка” меши бар, үстү тунукелеп жабылган, шаардагы көпөстөрдүн үйлөрүнүн үлгүсүндө салынган.

Төрт класс кенен кесир бир убакытта окушчу. Кийинчирээк үйдүн түндүк тарабына уланып салынып, мектептин кире бериши жана бир чакан класс жайгашты. Веранда жылууланып, төрдөгү мугалимдер бөлмөсү болуп калды.

Мырзакмат уулу Аалыкан ата бул сүрөт тууралуу айтып берип жаткан учур. «Эсимде» изилдөө аянтчасы.

Көп жылдар бою “Кыргыз темир жолу” башкармалыгында иштеген “СССРдин Ардактуу темир жолчусу” төш белгисинин ээси Мырзакмат уулу Аалыкан ата 1947-жылы бешинчи класста окуп жатканда, мектептин директору Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Султанов Нурдин агай жана классташтары менен чогуу түшкөн сүрөтүн көздүн карегиндей сактап жүрүптүр.

Окуучу балдар, кыздар Башкарасуу, Сарбан жана Жал айылдарынан.

Биринчи катарда олтурушкан эркек балдардын, үстүлөрүнө жүн-кебез салынып шырылып тигилген жылуу күрмө кийгендерине карабастан, буттары жылаңайлак.

 Аалыкан атанын эсерүүсү: ”Биримкул атанын Совет бийлиги жаңы орногондо ачкан мектебинде билим алдым, күн жылууда, биринчи кар түшкөнгө чейин жылаңайлак эле барып келчүбүз, кышында чокойго кургак саман салып кийип алчубуз. Элдин жашоо турмушу оор кез болучу. Классташым Алымбеков Накайбек Фрунзе шаарындагы “Кыргызавтомаш” заводунда слесарь-инструментальщик кесибинде көп жыл бою үзүрлүү эмгектенди. “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамына 1974-жылы татыктуу болгон.

Мектеп өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин иштеп, далай окуучу балдар кыздар окушту. Алардын катарында опера ырчылары Кыргыз ССРнин эл артисти Кыдырбек Чодронов менен СССРдин эл артисти Артык Мырзабаев жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти куудул, киноактер Асанкул Шаршенов бар.” 

Канай болуштугунда алгачкы ачылган өкмөттүк мектеп жөнүндө кеңири маалымат “Байтөлө уулу Биримкул жана анын доору” аталыштагы даректүү баянда берилди. Бул чыгарманын автору Жолдошбек Кулов.

Кулов Жолдошбек.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы Жолдошбек Кулов агайга бул сүрөт жана анын тарыхы үчүн терең ыраазычылык билдирет.


Опубликовано в разделах: important, Эсимде