Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Суйналиева Гульмирадан келген жеке тарых: Медер Мергенбай уулу

11 июня, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору «Муундан муунга өтүп келе жаткан жеке жана үй-бүлөлүк тарых. Кыргызстан — ХХ кылым» — аталыштагы демилге жарыялаганда, бул ангеме Сүйналиева Гульмирадан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

Медер Мергенбай уулу Чүй районунун Дөң-Арык айылында 1896-1983-жылдары жашап өткөн. Алгачкы агартуучулардан, араб, латын жана орус ариптеринде бала окуткан, биринчи мектеп салдырган.

1925-жыл Медер Мергенбай уулу 29 жашында.

Үркүнгө, Улуу Ата-мекен согуштарга катышкан. Майыптыгы болгон. 1921-1943-жылдары эл агартуу жагында  эмгектенген. Манасты жатка айткан, кол жазма түрүндө латын жана араб тамгасы менен жазып калтырып кеткен. Манас эпосуна бала чагынан кызыккан. Бала чагынан  акындык шыгы бар эле, бөлөк элдин эпосторду да айтчу эле. «Манас» эпосун өзүнүн демилгеси менен 1921-жылы жазып баштап, 1928-жылы бүттүм деп китебине жазып кетиптир.  Манас эпосунун китеби 2019-жылы Казакстан Астана шаарынан латын арибинде миң даана болуп басылып чыгып, бүт «Түрк» дүйнөсүнө таратылды.  Дагы кырктан ашуун кол жазмалары  филалогия илиминин доктору,  профессор, эл аралык «Түрк» академиясынын (Астана-Нурсултан) илимий кызматкери  Кадыралы Конкобаевдин колунда изилденип иштетилүүдө.  Чоң атамдын архивин аңтарып жатып, 1929-жылы агартуучулардын сьездиндеги делегаттары менен түшкөн чоң атамдын сүрөтүн таптым.     Кырктан ашуун делегаттардын ичинен үчөөнүн беттери кагаз чапталып, ийне жип менен тигилген экен. Менин оюмча булар эл душманы деген жалаа менен камалып кетсе керек.   Экинчи бир сүрөттө 1929-жылы пед.курстун алдында ачылган  үч жылдык курстун бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөтү табылып, анда да бирөөнүн бети кагаз менен чапталып, ийне менен тигилген.

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.

Опубликовано в разделах: "Жеке тагдырлар" эсселери, Адамдар жөнүндө