Мы в соцсетях:

Асылбек Жоодонбеков

24 октября, 2020 г.

Кажы-Сайдагы интернат тагдыры.

Ысык-Көлдүн түштүк тарабында Бишкектен 270 км узактыкта Кажы-Сай айылы жайгашкан. 2017-жылдын август айлында  Кажы-Сайдын 70-жылдыгы белгиленген. Демек жетимиш жылдык тарыхы бар. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштан кийин атом бомбасын чыгаруу үчүн уранга муктаж болуп, кеңири аймакта чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Азыркы Кажы-Сайдын чыгыш тарабынан уран кени табылган, Ошентип, 1947-жылы Кажы-Сайдын алгачкы курулуштары башталып, элдер отурукташкан. Урандан улам ал мезгилде жабык аймак катары түзүлгөн. 90-жашка чыккан Керимбек агай: “Бизди почтовый ящик деп койчу. Башка жактардан кат келгенде дарегибиз Фрунзе 100, Почтовый ящик, 20 андан кийин көчөбүз, номурубуз жазылчу. Эч бир жерде Кажы-Сай деп аталчу эмес” деп эскерет. Урандан тышкары “Борбордук” деп аталган шахтада көмүр жана Кажы-Сай эксперименталдык электрондук завод иштеп турган.

1990-жылдардын башында бул шаарчада 9000-10 000 ге жакын жашоочусу болгон “Москва каржылаган” статустагы аймак болгондугун биздин каармандарыбыздын дээрлик бардыгы белгилеп өтүштү. 

1955-1956-жылдары Н. Хрушевдин тапшырасы менен Советтер Союзунун кеңири аймактарында интернаттарды куруу, ачуу өнөктүгү башталган. (https://cyberleninka.ru/article/n/megaproekt-hruscheva-shkoly-internaty-ot-utopii-k-realnosti/viewer  Иванова Г.М. Мега проект Хрущева – школы интернаты – от утопии к реальности РАН, Институт Российской истории,  2018)

Интернат тууралуу биз маалымат алган инсандар:

  1. Керимбек Усубакунов: 1931-жылы Көк-Сай айылында төрөлгөн.
    1956-1962-жылдары аталган мектепте тарых сабагынын мугалими болуп иштеген.
  2. Абдрахматов Канат – 1953-жылы Кажи-Сайда туулган. Окумуштуу-сейсмолог.
  3. Исаева Анархан – 1964-1995-жылдарда физика-математика сабагынын мугалими, тарбиячы, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
  4. Иманкожоев Акылбек Асанович 1983-1995 жылга чейин ушул мектепте мугалим, чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
  5. Шералиев Таалайбек Имангазиевич 1958-жылы туулган.
    1986-жылдан баштап мектеп-интернатына тарбиячы мугалим, 1992-1994 жылга чейин мектептин директору болгон.

Интернаттын курулушу, алгачкы жылдары. 

Тилекке жараша интернат курулгандан алгачкы жылдардан баштап иштей баштаган 90 жашка таяп калган Керимбек агай менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.  Агайдын айтымы боюнча интернат 1955-1956-жылдан баштап ишке киришкен.

Эң алгачкы директору Акматов Шаршенбай аттуу инсан болгон. Ал Керимбек агай менен бирге Сталин атындагы Төрткүлдөгү мектепти бүтүргөн. Керималы агайдын эскерүүсүнөн: “Интернаттын курулушу 1955-1956 жылга туура келет. Мен ушул жылдан баштап, бул интернаттан саат алып, тарых сабагынан сабак бере баштагам. 1963-жылга чейин сабак бердим. Алгачкы жылдарда окуу корпусу, интернаты гана бар эле. Айылдын ичиндеги ашканадан келип тамактанышчу. Балдардын кийими тартыш, балдар жүдөңкү болчу. Ошол кезде борбордон тапшырма катуу окшойт. Улам бир корпусун бүтүрүп тез эле курушту”. 

Өлкөбүздөгү белгилүү сейсмолог, академик, Канат Абдрахматов Кажы-Сайда 1953-жылы төрөлгөн. Эс тарткандан тартып, интернатта окуган балдарды кызыгуу менен байкап жүргөндүгүн айтат.

“Биз Пионерский көчөсүндө жашачубуз, почтага жакын жерде. Балдарды карап боорум ооруйт эле. Дайыма тизилип жүрүшчү. Чачтары жок, баары бирдей жупуну формачан, дем алыш күндөрү тизип, алып киного алып барышчу”. 

Интернаттын өнүгүү жылдары 

Интернат жабык аймакта курулгандыгы үчүн архивдик маалыматтарды таба албадык. Репрессия жана экинчи дүйнөлүк согуштун азаптарынан жаңы гана кутулуп, элдин курсагы тоюна баштаган мезгил. Адамдар негизсиз суроо бергенден тартынып турушкан. Кажы-Сайда ошол мезгилде курулган имараттардын сапаттуу экендиги көзгө урунат. Интернат курулганда туткундар кеткен, ошондуктан немис, жапон жана башка туткундар курган болушу мүмкүн деп, эл оозунда айтылып жүргөн.

Керимбек агайдын айтуусу боюнча: “Интернаттын өнүгүү жылдары экинчи директору Мырза Мамытовдун тушунда болгон. 1956-жылдардан 1963 жылдарга чейин директор болуп турду. Ал убакта интернаттын имараттары толук курулуп, бүтүп, тийштүү шарттардын бардыгы түзүлгөн. Мамытов ал жакка келгенге чейин,  Өзгөндөгү интернатты оңдоп, Ленин ордени менен сыйланган адам болгон. Ошол жылдары балдардын саны да көбөйгөн. Интернатта алгачкы учурда көп балалуу үй-бүлөнүн, чабандардын, алыскы айылдардагы мектеби начар айылдардын Коргонду Булак деген фермадан келип окушчу эле. Анткени ал жерде башталгыч класстын гана мектеби бар эле. Интернат 8-жылдык болгон”.

Почтовый ящик 100.

Ошол жылдардагы көңүлдү бурган жагдай, Кажы-Сай админстративдик жактан Кара-Балтага карап турган. Керимбек агайдын айтканы боюнча Камсыздоо, партиялык көзөмөл, Кара-Балта шаары аркылуу жүргүзүлгөн.  1958-жылы Керимбек агай коммунистик партияга мүчө болгондо Кара-Балта шаарына барып өткөндүгүн белгилейт: “Почтовой ящик Маковы, деп коюшчу. Уранга байланыштуу ушундай болсо керек, Компартиянын мүчөлүгүнө өткөндө да ошол жакка барып өткөнмүн”.   Ошол эле мезгилде башка аймактарга салыштырмалуу толук кандуу камсыз болгон шаарча болуп, “Москва камсыздайт”  статутусуна ээ болгон. 

“Биздин ишибиз жок, ашыкча сөз сүйлөй берчү эмеспиз .Туугандар келсе атайын пропуск менен өтүп турган. Тартип катуу болгон. Паспортубуз дайым жаныбызда болоор эле. 1959-жылга чейин Кажы-Сай деген аталыш колдонулган эмес”.

Кажы-Сайдагы интернат кинотеатры, оорукана, клуб имараттарынын жогорку сапатта курулгандыгын белгилеп, Канат Абдрахматов төмөнкүлөргө токтолду. “Кээ бир имараттар кызыл черепицалар менен жабылган. Ал жазуулар немис тилинде болчу. Негизинен жабык зона болгондуктан ал немистер боюнча эч бир маалымат жок. Интернаттын имараты мен бала кезде сурагымда ал жерде мурун казарма катары колдонулуп, шахтаны кайтарган солдаттар жашашчу деп айтышчу. Биз жабык зона болчубуз. Кажы Сай ал мезгилде зым менен курчалып, шлагбаум менен тосулган. ВОХР дегендер кайтарчу. Алар өзүбүздүн эле Кажы Сайлыктар бар болчу”.

Интернаттагы окуу процесси тууралуу.

Интернат негизинен чабандын балдары үчүн, жетим-жесирлер (1987), акыл-эсинен артта калган балдар үчүн (1983) деген статустар менен иштеп турган. Интернат 1995-жылдын май айына чейин иштеген. Ошол жылдары 40 мугалим, 30 техникалык кызматкерлер иштеп турган.

Корпустар: Окуу корпусу, Ашкана, Жатакана эки корпустан турган. Кир жууган жана от жаккан корпус, Китепкана, Гараж. 

Мектепте 10 жылдан ашык иштеген Иманкожоев Акылбектин белгилөөсүнө караганда мектеп интернатта балдардын кол өнөрчүлүгү жана чыгармачылыгы жакшы деңгээлге коюлган. Мугалимдер өлкөнүн ар тарабынан топтолуп, мугимдер арасындагы конкурсарда алдыңкы орундарды багындырып турушкан. “Биздин балдардын жасаган буюмдары, кол өнөрчүлүк  боюнча Түркияга чейин жетип, көргөзмөлөргө катышчу,  Чыгармачыл коллектив бар эле. Чыгармачылык боюнча дайыма алдыңкы орунда болчубуз. Таланттуу мугалимдер көп эле, себеби Кыргызстандын ар кыл аймактарынан топтолгон коллектив менен куралган болчубуз”, деп белгилейт.

Исаева Анархан 1964-жылдан 1995-жылга чейин өмүрүн ушул мектепке арнаган. Жашоонун жакшы көз ирмемдери ушул мектеп, окуучулар жана коллектив менен байланыштуу экендигин белгилейт. “Ачкан эшигим, аттаган босогом” деп, педагогикалык ишмердүүлүгүмдүн дээрлик көпчүлүгү ушул мектепте өткөндүгүн белгилеген.

1992-1995-жылдары бул мектепте директорлукту аркалаган Шералиев Таалайбек мырза: “Биздин интернат жардамчы мектеп-интернаты деп айтылган. 1-8 класска чейин окуй турган. Андан кийин кесиптик деңгээлде улантып кете турган училищага жиберип турган. Балдардын дээрлик көпчүлүгү Кемин районундагы Боролдой мектебине барып, тикмеч, тракторист-машинист кесиптерине ээ болушкан.  45 жакын мугалим жана тарбиячылар иштеген. 200-250 бала тарбияланып турган. Ысык-Көл, Чүй аймагындагы балдар (орус жана кыргыз тилинде) Андан тышкары Кажы-Сайдан күндө келип кеткен балдар да бар эле. Иш графигибиз түшкө чейин окуп, түштөн кийин тарбиялык жана кесиптик багыттарда билим алуу болгон.

Таландыда калган интернат, чилдей тараган балдар

Жабылаарда 120 га жакын бала болгон. 1992-жылы оор заманга туш болдук. 1993-1994-жылдары болгон окуяларды ошол мезгилеги мектептин директору Таалай мырза төмөндөгүдөй эскерет: Тоң райоунун ошол кездеги акими Матанов Сагын каражат бергиси келбей кайдыгер мамиле жасай баштаган. Биз райондук бюджеттен каржылана турганбыз. Ошол жылдардан баштап, кийим тамакка акча бөлбөй баштады. Биздин интернатты жапканга абдан кызыкдар болду. Аким, Айыл өкмөт жана Билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызыкдарлыгы менен жабылды.  Ошол жылдарда Совет мамлекетинин мүлкүн таламай болбодубу, интернаттын жабылышы ошол мезгилге туш болду. 1994-жылы Интернаттын оор абалда экендигин каражат бөлүнбөй жаткандыгын айтып, маселени кабыргасынан койдум. Эч кандай акча берилбейт. Жапкынын деп, кабинетинен кууп чыкты. Областтык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кабары болду, бирок алар таасир эте алган жок. Эч бир бийликке кайрылган жокмун. Борбордук бийлик менен чогуу кылып жатат деп ойлогом. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Калмак Турганбаевич болчу”.

 КР Билим берүү жана илим министрлиги интернаттын жабылганын билген эмес. Азыр ошол мезгил кайтып келсе балким сактап калганга аракет кылмакмын. Мен ошол кезде жаштык кылыптырмын. Азыр мектепте иштеп жатып, ошондой деффектиси бар балдарды көп байкап жүрөм. Менин оюмча областта бир интернат болушу керек деп ойлойм, деп Таалай мырза ошол мезгилдеги абалды талдап отурду. 

“Жабылып жатканда балдар жетим жана жарым жартылай жетим балдар, болуп эсепте турчу. 1995-жылдын майына карата ата-энеси, багар-көрөөрү барларды үйлөрүнө жөнөтүп, эч жакка бара албаган, 12 тоголок жетим окуучубуз калды Аларды Красная Речка интернат мектебине өткөрүп бергенбиз. Алар 7-8-класска келип калган окуучулар болчу. Билим берүү министрлигинин чечими менен өткөрүп берүүгө аргасыз болдук. Министрлик интернаттын жабылып калганын угуп, ошол кездеги интернатты тейлеген Галина Осмонова деген кызматкер абдан кейиди”. 

Мектептин жабылышы Союз тарап, таламайга түшүп турганда жергиликтүү бийликтин мүлктү менчиктөөдөгү аракети экендигин азыр түшүнүп жаткандыгын Таалай мырза мындайча эскерет: “Азыркыга чейин мектеп жабылсын деген, акимден же борбордук бийликтен эч бир токтом же чечимин көргөн эмесмин. Акимдин оозеки буйругу менен гана жабылганбыз. Азыр ойлосом биз мыйзамсыз эле жабылган экенбиз. Интернат жабылды дегенде, анын базасына кол салынды. Мебель, техника, тракторлорубуз таландыда калды. Зил, автобус, мотореллор, балдарга тиешелүү эмеректер, кийимдер бар эле. Райондук билим берүү бөлүмү алып кетти. Абдан чоң база болгон. Жатак корпустун бирөөнү келип эле бузуп кетишти. Китепканабыз бар эле аны да бузду. Лесхоздун балансына өттү деп уктук, алар да имараттын калдыктарын бузуп кетишти” .

Соңку сөз ордуна: Совет доорунун аякташы сымал, кырк жылдык кызматын көрсөтүп, интернат да 1995-жылы жабылган. Жергиликтүү бийликтин чечими менен имарат ар кайсы мекемелерге өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө ал имараттардын дээрлик бардыгы керектен чыгып, айрымдарын бузуп, кирпичтеринен бери ташып кетсе, айрым имараттарынын короосунда песко-блок чыгарган, жыгач тилген цехтер иштеп жатат. Бирок бардык имараттардын ичи жайдак, терезелери, полдору чыгарылган, чатырлары талкаланган. Бекем дубалдар гана бир мезгилде ал жерде балдар очогу болгондугунан кабар берип турат.

Опубликовано в разделах: Мастерская