Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

II — Эл аралык конференция Эсимде «МАӉКУРТТУН ТҮШҮ»

27 октября, 2020 г.

«Полис Азия» Аналитикалык борбор жана «Эсимде» талкуу аянтчасы Сизди 28-30 октябрь күндөрү өтүүчү конференцияга чакырат. «МАӉКУРТТУН ТҮШҮ» метафорасы конференциянын концептуалдык негизи катары тандалган.
Маӊкурт — бул өткөнүн унуткан, эс тутумун жоготкон, өзүнүн тарыхын унуткан, өзүнүн тарыхын туура талдап биле албаган, өзүнүн тамырларынан ажыраган колониалдык мезгилде дүйнөнүн кайсы бир георграфиялык бурчунун идеологиялык үстөмдүгүндө калган киши.
Маӊкурт жашайт. Ал бардык нерсеге ыраазы болуп көрүнгөндөй, бирок түшүндө аӊ сезими өткөндүн белгилерин жибергендей. Ал түшүндө өзүн түшүнүүгө жана өзүнүн ким экендигин түшүнүүгө аракет кылып жаткандай.
«МАӉКУРТТУН ТҮШҮ» метафорасын азыркы Борбордук Азиянын пост/де-колониалдык дискурсунун бир түрү катары эсептеп, бардыгыӊыздарды ушул жөнүндө memory studies призмасы аркылуу ой жүгүртүүгө чакырабыз.
Конференциянын тили — кыргыз, англис жана орус тилдери.

Конференциянын структурасы:
I күн — «Маӊкурт жана эс тутум»
o Пост/де- колониалдык теория;
o Долбоорлордун презентациялары жана эс тутум боюнча талкуулар;
o Тарыхый эс тутум.
II күн — «Маӊкурттун түштөрү»
o Биринчи аян. «ҮRKҮН» — 1916;
o Экинчи аян.»Саясий куугунтуктар»: Кулакка тартуу процесси, саясий кугунтуктоолор (1937-1953);
o Үчүнчү аян. «Экинчи дүйнөлүк согуш туткундары»;
o Ойгонуу? «Эгемендүүлүк».
III күн – Эс тутум образдары
o Коллоквиум
o Экскурсия
Конференция «МАНКУРТТУН ТҮШҮ» көргөзмөсү менен коштолот.

I ПРОГРАММАСЫ:

ПРОГРАММА