Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Аудиокитеп «Чиеш Тагдырлар»: «Туюктагы муңдун» айыкпас жарасы.

14 января, 2021 г.
Эсимде» талкуу аянчасы «Чиеш Тагдырлар» китебинин аудиоформатын сунуштайт.  Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган. Алардын бири
«Туюктагы муңдун» айыкпас жарасы.
Анда Шертай Сувановдун Сталиндик репрессияга кабылгандыгы тууралуу айьылат. Шертай Суванов бул азапка 23 жашында туш келген. Ага коюлган айып да укмуш. Касым Тыныстанов менен Сакен Сейфуллиндин китептерин окуткан, жаш муундарган «эл душмандарынын» жазгандарын пайдаланган деген айып менен камалып, тергөөчүлөрдүн кыйноосуна, Калыманын адам чыдагыс суугуна чыдап, 12 жылдан кийин элине кайтып келген. Бул жерден да кыйла жыл коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө болуп, жашы 80ден ашканда гана акталган.

Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

Опубликовано в разделах: important, Аудио, Чиеш тагдырлар I