«Эсимде» талкуу аянчасы «Чиеш Тагдырлар» китебинин аудиоформатын сунуштайт. Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган.
Мамыркан атанын үй-бүлө таржымалы — опсуз тоскоолдорго моюн бербей тукумун улантып келаткан уруктун тарыхы. Тоскоолдор толтура болду. 1916-жылдын алааматына кабылбаган, кийин советтик куугунга туш келбеген үй-бүлөнү табыш кыйын. Канча азаматтар окко учуп, сууга агып, зордук-зомбулуктун курмандыгы болушту…
Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.