Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Аудиокитеп «Чиеш Тагдырлар»: Анна Германдын Таласта калган балалыгы

2 февраля, 2021 г.

Анна Герман Чыгыш Европа менен СССРде көптөгөн угармандардын сүйүктүү ырчысы болгон. Ал ырдап атканда ар бир угармандын көкүрөгүнө сагыныч менен арман толуп, толкундап турчу. Кайдадыр алыста унутулуп калган арман пайда болчу. Анын үнү көңүлдүн тээ тереңинде калган армандуу сезимди козгоп ийчү. Жашып кетишчү. Бул ырды Анна Герман атасына арнаганын бир да угуучу билчү эмес. «Махабатым, сүйүүм, нур кызымды» атасы айтчу, аны СССРдин Ташкен деген шаарында 1937-жылы жок кылышкан. Анна үчүн бул ыр — жөнөкөй бир романс эмей эле, ырайымсыз жок кылынган атасына арналган кызынын арманы болчу.

Бул аудиокитеп РухЭш TV жана Олжобай Шакирдин өнөктөшүүсү менен ишке ашырылды.

https://www.youtube.com/watch?v=n2-U_Wj1h_U

Опубликовано в разделах: important, Аудио, Чиеш тагдырлар I