Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Оозеки тарых жана мыкты изилдөө тажрыйбалары» аттуу эл аралык онлайн конференциясы

10 мая, 2021 г.

Борбордук Азиядагы Америка Университети, Индиана Университети жана Эсимде талкуу аянтчасы сиздерди «Оозеки тарых жана мыкты изилдөө тажрыйбалары» аттуу эл аралык онлайн конференциясына катышууга чакырат.

2021-жыл, 28-май, 18: 00-20: 00 (Бишкек убактысы менен)

Бул конференция Борбор Азиядагы оозеки тарых боюнча иштеген тарыхчыларды, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, окутуучуларды, студенттерди, архив кызматкерлерин жана китепканачыларды өздөрүнүн оозеки тарыхты үйрөнүүнүн тажрыйбалары жана усулдары менен бөлүшүүгө чакырат. Оозеки тарых учурда Борбор Азиянын жаңы тарыхын изилдөөнүн маанилүү методу болуп колдонулуп келүүдө, советтик доордун аягындагы жана эгемендүү жылдарындагы адамдардын турмуштук тажрыйбасына байланыштуу ар кандай темаларды изилдөөдө.

Конференцияда оозеки тарыхтын ар кандай багыттарыны, мисалы, оозеки тарыхтын теориялык жана практикалык баалуулугу, анын жамааттардагы, ошондой эле санариптик дүйнөдөгү ролу, изилдөө этикасы, сактоо жана архивдөө, оозеки тарыхты окутуу жана үйрөнүү маселелери талкууланат. Ошондой эле конференциянын катышуучулары изилдөөлөрүнөн мыкты мисалдары менен бөлүшөт. Конференция чакан топтук алмашуу форматында өтүп, кыска баяндамалар жана талкуулар менен коштолот.

Конференцияга катышуу үчүн төмөнкү темалар боюнча илимий макалаңызды Борбор Азияга байланыштуу конкреттүү мисалдар же учурларды баяндоо менен тапшыруу керек.  Конференциянын темалары чектелбейт жана жаңы темалар сунушталса болот:

— Оозеки тарых: өткөн, азыркы жана келечектеги методдор;

— оозеки тарых, маданият жана иденттүүлүк;

— оозеки тарых, этика жана укук;

— оозеки тарых жана архивдөө;

— оозеки тарых жана технология;

— оозеки тарыхты окутуу;

— жамааттык эс тутум;

— оозеки тарыхтагы жергиликтүү окуялар;

— Оозеки тарых жана травмадан кийинки эс тутум;

— Covid-19 мезгилиндеги оозеки тарых мисалдары.

Конференциянын жумушчу тилдери — кыргыз, англис жана орус.

Макала боюнча талаптар:

Толук жазылган макалада (2000 сөзгө чейин) жана автор / авторлор жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, иштеген жери жана байланыш маалыматтары) камтылышы керек. Макалалар БААУ тарабынан конференциянын жүрүшүндө жарыяланат, ал эми «Манкурт кыялдары», БААУ жана Эсимде веб-сайттарындагы «NEMONOMIF» дисциплиналар аралык журналына тандалган макала жарыяланат.

Конференциянын катышуучуларына сертификаттар жана кызыктыруучу белектер

тапшырылат.

Макалалар 2021-жылдын 23-майына чейин oralhistorykyrgyzstan@gmail.com дареги боюнча кабыл алынат.

Макалалар конференциянын уюштуруучулары тарабынан жашыруун каралат. Тандалган катышуучулар 2021-жылдын 25-майында жарыяланат.

Уюштуруучулар Данияр Карабаев, Айжамал Сарыбаева (БААУ), Марианна Кэмп (Индиана университети) жана Элмира Ногойбаева (Эсимде изилдөө платформасы).

Конференциянын алдын-ала регламенти:

Киришүү: 10 мүнөт

Баяндамачылар: Марианна Кэмп, Данияр Карабаев, Айжамал Сарыбаева жана Эльмира Ногойбаева. 20 мүнөт

Ар бир топтук сессия бир эле учурда, 50 мүнөткө созулуп, төрт катышуучу жана модератор менен өткөрүлөт. Ар бир катышуучу өз эмгектерин 7 мүнөт баяндап, андан кийин 20 мүнөттүк талкуу болот. Макалалар алдын ала тапшырылат.

1-топ: Мугалимдер жана / же тарыхчылар: 50 мүнөт.

2-топ: Мугалимдер жана / же тарыхчылар: 50 мүнөт.

3-топ: Студенттер жана / же изилдөөчүлөр: 50 мүнөт.

4-топ: Китепканачылар жана / же архивчилер: 50 мүнөт.

Корутунду: Оозеки тарых конференциясынын жалпы талкуусу жана декларациясы: 30 мүнөт.

Онлайн сыйлыктарды тапшыруу аземи жана жыйынтыкталышы: 10 мүнөт.

Иллюстрацияда Анатолий Цыбухтун эмгеги колдонулган.

Опубликовано в разделах: important, Кулактандыруу жана программалар