Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Жети-Сууда Россия империясынын орус келгиндерди көчүрүү саясаты

1 октября, 2021 г.

Архивдик маалыматтын түшүндүрмөсү
Бул архивдик документте «Жети-Суу статистикалык ж.б.у.с.» китебинен Жети-Сууда Россия империясынын келгиндерди көчүрүү саясаты тууралуу маалымат берилген. Жети-Суу областынын административдик түзүлүшү, отурукташкан жана көчмөн болуштары (1913-жылдын 1-январына карата берилген маалыматтар боюнча) тууралуу маалыматтар таблица формасында берилген, аны статистикалык комитеттин мүчө-катчысы түзгөн (Верный шаары, 1913-жыл).
Пржевальск уезддинин отурукташкан пункттарынын бөлүнүшү жана аталыштары, түзүлгөн жылы, алардын ар бирине тиешелүү түтүндөрдүн саны, калкынын саны (эркек, аял деп бөлүнүшү), жер үлүштөрү (үлүштүк жана иштетилген жердин көлөмү), мал-жандыктардын саны (майда жандыктар, ири мүйүздүү жандыктар) камтылган.
Пржевальск (Каракол) шаары тууралуу маалыматтар берилген. Бул шаар Ысык-Көлгө барып куюучу Каракол дарыясынын боюнда жайгашкан. Ал 1868-жылы Каракол чеби катары негизделген, кийин 1871-жылы Каракол шаарында уездди түптөлгөн. Түтүндөрдүн саны (келгиндердин) 1368 болгон. Россиядан келген келгиндердин жалпы санынын 8381 эркектер, ал эми 5959 аялдар түзгөн. Мындан сырткары, отурукташкан калктын карамагындагы иштетилген жана үлүштө деп эсептелген жер үлүштөрүнүн көлөмү, тиешелүү мал-жындыктардын саны: жылкы, ири мүйүздүү жандыктар, майда жандыктардын сандык көрсөткүчтөрү берилген.

Уезддин борбордук башкаруусунда чиркөө, 9 мечит, кыз-келиндер окуу жайы, шаардык училище, 4 чиркөө мектеби жана 8 орус-тузем мектеп жана шаардык коомдук китепкана болгон. 1889-жылы Караколдун аталышы Пржевальск деп өзгөртүлгөн. Өзүнүн казынасы, камералары, аскер лазарети, заводдор ж.б. болгон.

Пржевальский уезд 
Административное устройство по волостям

Булак: Кыргыз Республикалык Борбордук мамлекеттик архиви. Ф. 1283. Оп.1. Ед.хр.30. Л. 1-3.

Архив маалыматы  Гүлзада Абдалиева тарабынан табылды.

Опубликовано в разделах: Архив, Эсимденин изилдөөлөрү