Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

1916-жылдагы көтөрүштүн катышуучуларын сурак берүүсү

5 ноября, 2021 г.

Кыргыз Республикалык Борбордук Мамлекеттик архиви (БМА КР). 1917-жылдын 17-февралында тергөөчү Огинский тарабынан Пржевальск шаарында Долинин Владимир Николаевичти күбө катары суракка алуу учурунун протоколу

Булак: Кыргызстан Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архиви.Ф.И-34. Ед.хр, Ф.И-34. Оп.2. Ед.хр. 15. Л.21-23

Абдалиева Гүлзада тарабынан табылды

Архивдик түшүндүрмө

Бул архивдик документте 1917-жылдын 17-февралында тергөөчү Огинский тарабынан Пржевальск шаарында Долинин Владимир Николаевичти күбө катары суракка алуу учурунун протоколу берилген.

Владимир Николаевич Долинин, Ташкент шаарындагы мещанин, 45 жашта, дини православ, сабаттуу, соттолгон эмес. Пржевальск шаарында жашайт.

В.Н.Долининдин айтуусунда 1912-жылы мен жергиликтүү пристав Каичевден раматылык Султан Мурат Акрам Тюряевдин дачасынан Жети-Сууга бардык мусулмандарды бириктирүү максатында келген «Биригүү жана прогресс» аттуу түрк комитетинин мүчөсү делген үч киши кармалган. Ал биригүү кандай негизде боло тургандыгы белгисиз болгондугун. Бул боюнча суракка алуу жана ошол мүчөлөрдүн кийинки тагдыры эмне болгондугу ага белгисиз. Андан соң болжол менен бир жылдан кийин, Пржевальскка бир араб келет, аны Мухаммеддин тукуму дешкен. Ошол араб да мусулмандарды агаруу негизинде биригүүгө чакырган. Ошондо ири суммадагы акча топтолгон, анын бир бөлүгү 7000 жакын суммадагы каражат ошол арабга анын жеке муктаждыктары үчүн, ал эми калган бөлүгү Пржевальск шаарында ачылган агартуу мекемесине жумшалган. Кийин ал мекеме өкмөткө каршы мекеме катары кийин администрация тарабынан жабылган. Кыргыздардын нааразычылыктарын орустар мурунтан эле, согушка чейин эле байкап келишкен, а бирок ал нараачылыктар эч кандай сыртка чыккан формага ээ болгон эмес. Бул нараазычылыктын негизги себеби катары, менимче, жер маселеси, кыргыздардан жакшы айдоо жерлерин тартып алуу, жергиликтүү да, ошондой эле туземдик администрация тарабынан салынган очойгон салык-жыйымдар саналат. Мындай жыйымдардын көп мисалдарын келтире алат элем, а бирок мен шилтеме жасай турган адамдар Пржевальскиде жок, айрымдары армиянын катарында, ошондуктан куру доомат кылгым келбейт деп айткан. Мындан тышкары нараазычылыктар топтолуп отуруп акыры баш аламандыкка алып баргандыгын айтып берген.

Бул архивдик маалыматта Пржевальск уезддиндеги көтөрүлүштүн жетекчилеринин тизмелери берилген. Тизмелер ар бир волостко бөлүп берилген.

Бул архивдик маалыматта «Соттолуучунун сурак берүү протоколунан» 1916-жылдагы көтөрүштүн катышуучуларын 1917-жылдын 10-январындагы Верный Аймактык соттун Бейше Сюимбаев жана Токбай Күчүковдун суракка алуунун үлгүсү катары берилди (БМА КР. Ф.И-34. Оп.2. Ед.хр. 15. Л.21-23).

archive10

archive9

Опубликовано в разделах: Эсимденин изилдөөлөрү