24 ноября, 2021 г.
Бүгүн Кыргыз Улуттук унивеситетинин студенттери менен Украинанын элчилиги жана “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жолугушуусу өттү. Украинада ноябрь айынын төртүнчү ишембиси Голодоморду эскерүү күнү.

Бул жолугушууда 1932-1933-жылдардагы Украинанын аймагындагы миллиондогон өмүрлөрдү алган ачарчылык тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Элчи Жовтенко Валерий “1932-1933-жылдардагы АЧАРЧЫЛЫК” темасында кыскача лекция окуду.
Elmira Nogoibaeva Эсимденин Украинага болгон экпедициясы тууралуу бөлүшүп, университеттин китепканасына Эсимденин китептерди белек кылды. Эсимде!



