Советтик санаторийдин форматы тээ 1920-жылдарда эле ойлоштурулган, ал эмгекчилер төлөнгөн жолдомонун негизинде ден соолугун чыӊдашып, жаратылышта эс ала турган жай катары ойлоштурулган.
Идеологиялык жактан туура жана ошол эле учурда жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн ар кандай ыкмалар жана жолдор колдонулган. Уктоочу, адми- нистративдик жана дарылануучу имараттардын архитектурасынан, кичи архитектуралык формалардан, бадалдуу жана бак-дарактуу парктан тышкары, скульптура (айкел) жана мозаика сыяктуу искусствонун жана монументалдык пропагандалоонун аспаптары да колдонулган.
«Тамга» аскер санаторийи, бир жагынан, кадимки эле советтик санаторийлердин бири болгон, аны кооздоо үчүн Советтер Союзундагы көптөгөн санаторийлерде (аскер бөлүктөрүндө), пионер лагерлеринде (айылдарда) шаарларда турган статуялар колдонулса, экинчи жагынан, ал бир катар айырмалуу өзгөчөлүктөргө да ээ болгон, бул аны изилдөө үчүн кызыктуу объектиге айлантты. Тамга айылынын аймагындагы татаал тик жерде (Ысык-Көлдүн Түштүк жээги) жайгашкан санаторийдин курулушу 1939-жылы башталган, ага аскер ведомствосунун каражаты сарпталган. Алгач ал офицерлер жана алардын үй-бүлөсү үчүн арналган, кийинчерээк мында космонавттардын жана спортсмендердин эс алуусу, калыбына келүүсү жана машыгуулары өткөн. Ал эми катардагы аскер кызматкерлеринин санаторийи анча алыс эмес жерде жайгашкан, жана кичине аймакты ээлеген, жупунураак болгон.
«Тамгадагы» бардык монументалдык искусствону шарттуу түрдө эки чоӊ бөлүккө бөлүүгө болот:
- «Типтүү мезгил» (1950-жж ортосуна чейин)
- Сүрөтчү Барсковдун мезгили (1969-1981-жж.)
1. Танкист, «Тамга»
2. Парашютист, «Тамга»
3. Танкист, Дагестандын Каспийск шаарындагы скульптура
4. Дейнека А. «Деңиз үстүндөгү парашютист», 1934
5. Чек арачы, «Тамга»
6. Чек арачы, балаты жасалгасы, СССР, 1930-ж.
7. Командир, «Тамга»
8. Волейболчу, «Тамга» 9. Волейболчу, Абхазия
10. Сууда сүзүүчү, «Тамга»
11. Сууда сүзүүчү, «Дельфин» бассейни, Бишкек.
«Тамга» монументалдык искусствосундагы «ТИПТҮҮ МЕЗГИЛ» Ленинграддык Сүрөт ком бинатынын айкелчилер тобунун иши менен мүнөздөлөт. Алар 1949-жылдан баштап бир нече жыл аралыгында Ысык-Көлгө куюу үчүн даяр формаларды алып келип турушкан. Айкел- дерди ошол ордунда куюшкан. СССР мейкинин- де тамгалык «эгиздердин» кеӊири таралышы ушунусу менен түшүндүрүлөт. Материалы – темир бетон. СССРдин аймагында милдеттүү жана бардык жерде орнотулган Ленин менен Сталиндин айкелдеринен тышкары, «Тамгада» башка парктык айкелдер да пайда боло башта- ды. Айкелдерди «учурдун милдеттерин», табитин жана айкелчи-гастролёрлордун сунуштарынын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысын эске алуу менен аскер санаторийинин администрациясы тандаса керек.
КИРҮҮЧҮ ТОП. Санаторийге кирүү, алгач, дээрлик 1960-жылдарга чейин ушул дарбаза, андан кийин мырза теректердин аллеясы (андан калдыктарын азыр да көрүүгө болот) аркылуу жүргөн – дарактар жолду эки жагынан курчап турган, андан ары жол серпантин аркылуу дөбөгө чыккан, мында санаторийлин негизги объектилери жайгашкан. Серпантин Ленин менен Сталиндин айкелине келип токтогон (учурда алар жок). Дарбазанын аркасы Улуу Ата Мекендик согушка чейин курулган, анын алыскы прототиби болуп римдик триумфтук арка алынган (анын тематикасы эрдик жана жеӊиш менен түздөн-түз байланышкан). Кийинчерээк, 1949-50- жж. санаторийдин биринчи айкелдери (арканын эки жагынан балясиндер менен жарым айлана түрүндө курчалган парашютчу жана танкачы) орнотулган. Чокусунда герб жана туу формасында СССРде кеӊири жайылган мотив болгон (Фрунзедеги опера театрынын фронтонун салыштырыӊыз), арканын мамылары кыргыздын улуттук оюм-чийимдери менен кооздолгон.
ПАРАШЮТЧУ. Бул айкел өзүнүн куюлган жылына (1949-50) карабастан, абдан эле эски, муну кыздын парашютунун модели боюнча түшүнсө болот: в 40-жылдары мындай парашюттарды колдонбой калышкан. Буга окшош иштерди мен таба алган жокмун, балким бул согуштан кийинки совет маданиятында учкуч жана парашютчу каарман аялдардын образы көп талап кылынбай, аскер культу менен байланышкан аялдардын образы «Жоокер-каарман аялдан» «Энеге» ооп кеткендир. Эӊ кызыктуусу, Дейнекинин «Деӊиз үстүндөгү парашютчу» аталыштагы атактуу сүрөтүндө парашюттун дал ушул модели чагылдырылган, 1934-ж., КНМИИ бишкек жыйнагынан, ТАНКИСТ. Ал эми танкачынын (танкист) айкели согуштан кийинки экени көрүнүп турат, бул тууралуу анын погондору (алар 1943-жылы пайда болгон) жана бир топ сыйлыктары айтып турат, аларды УАМС учурун- да гана киргизишкен. (Фигура совет мезгили үчүн типтүү болгондуктан, мен тамалык танкисттин эгиз-бир тууганын Дагестандан, Каспийск шаарынан таптым.
ЧЕК АРАЧЫ. Чек араны кайтаруу жана чек арачылар культу советтик айкелде да чагылдырылган, ит жетелеген чек арачы 30-жылдардын өзгөчө бир символуна айланган. «Тамгадагы» эстеликтин алдында ал оӊ колунда кармаган предмет жоголгон (Хабаровскиде жакшы сакталган «эгиз-статуяда» пистолет бар). Дал ушундай эле чек арачы Тула облусунун Малахово айылында да бар (балким, дагы көп жерде болсо керек).
КЫЗЫЛ КОМАНДИР. Бул эстеликке окшошун таба алган жокпуз, бирок бул кеӊири тараган аске жетекчисинин тиби.
ВОЛЕЙБОЛЧУ. СССРде аскер культту менен катар эле спорт жана дене тарбиялык өнүктүрүү өкүм сүргөн, ага арналган айкелдерде антика- лык айкелдердин мотивдерин, байыркы грек атлеттерин жана спортсмендерин көрүүгө болот. «Тамга» санаторийинде бул өӊдүү айкелден экөө бар.
СҮЗГҮЧ. Бейкам, ишенимдүү, туруктуу фигура (контрапост) бизге Байыркы Грециядан келген жана атлеттердин сүрөттөлүшүнө шилтек жасайт, Бишкектеги «Дельфин» айкелин да караӊыз.
АРСТАНДАР. Күч-кубаттын жана бийликтин символу дээрлик бүтүндөй адамзаттын тарыхында талап кылынып келген, ал эм аскер санато- рийинде алар – арстан жаныбар жеӊүүчү деген кошумча маӊызга да ээ болушкан «Тамгада» арстандын үч сүрөттөлүшү бар – Каманды кар- мап алган арстан жана балдары менен турган арстан эне (баткак менен дарылоочу жайдын кире беришинин капталында турат), ошондой эле арстандын башы түшүрүлгөн горельеф (булактын шөкөттөлүшү). Ар кыл варианттагы арстандын айкелдери бүткүл СССР боюнча коомдук мейкиндиктерди кооздоп турган.
Тамгадагы арстандын эркегине жана уургачысына дал келген эстеликтер Зелиноград жана Калининград шаарларында бар.
Барсков Валентин Дмитриевич. Скульптор, көркөммонументалист 1935-жылы туулган 1966-жылы Строганов атын- дагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн (Москва). 1969-81 «Тамга» санаторийиндеги эмгеги. 1987-жылы В. И. Мухина атын- дагы Ленинград жогорку сүрөт окуу жайын бүтүргөн (Ленинград). 1987-96 Одесса көркөм окуу жайында мугалим.
СҮРӨТЧҮ БАРСКОВДУН МЕЗГИЛИ, 1969-81-жж. Сүрөтчү В. Д. Барсковдун пайда болушу менен «Тамга» санаторийи жаӊы стилге, бүтүндө көр- көм чечимге, мозаикалардын, имараттын архи- тектуралык барельефтеринин жана санаторий- дин пландаштырылышынын кесипкөй катышы- на ээ болду. Барсков, универсал-сүрөтчү, бардык техника жана материалдар менен иштей алган.
САНАТОРИЙДЕН ЧЫГА БЕРИШТЕГИ ПАННО, 1972-ж. Барсков тарабынан одада аткарылды, негизги тема – бул медицина жана армия. Мо- заика айрым-айрым чарчы блоктордон түзүлгөн, алардын ар бири смальта (тунук эмес түстүү айнектен жасалган кубик же пластина – Кыргызстанда жок, Россиядан алынып келинген кым- бат баалуу материал), керамикалык плиткалардын кошумча бөлүкчөлөрүнөн өз-өзүнчө чогултулган. Мозаика аскердик – аскер фуражкачан эркек, ошондой эле саламаттыкты сактоо – доктурлар, Асклепия чөйчөгү, жүрөк менен бай- ланышкан көптөгөн символдорду камтыйт. Са- ламат жашоо образына жана ооруларды алдын алууга басым жасоо, бул, албетте, санаторий үчүн түшүнүктүү. Баналдуулукка жана образ- дардын тираждуулугуна карабастан, Барсков аларды абдан кызыктуу жана түрдүү композицияларда масштабдардын оюну жана силуэттик графикалуулукту бириктире алган.
КЛУБДУН ИМАРАТЫНДАГЫ МОЗАИКА, 1973-ж. санаторийге кире бериштеги композицияны жасагандай технология менен жасалган, бирок таптакыр карама-каршы камералык интонацияны алып жүрөт: аскердик пафостун ордуна – лирика, сүйүү жана табият. Кире бериштеги топтогу контрасттуу жана катаал силуэттерден айырмаланып, ал ийкем чийиндерден, өӊдөрдүн назик жуурулушунан жана смальта бай түстөрүнөн турат.
БАССЕЙНДИН ФРИЗИНДЕГИ БАРЕЛЬЕФ, 1973-77-жж. Бул эмгекте Барсков сүрөтчү-мозаикачы эмес, айкелчи катары көрүнөт. Фриздеги сүзүүчүлөрдүн фигуралары жергилик- түү таштарды коюу менен, бетондон жасалган. Фриздеги сүзгүчтөрдүн фигуралары бетондон, жергиликтүү таштардан коюлуп жасалган.
Толкундардын жана стилдештирилген күндүн чийиндери сүзгүчтөрдүн денесинин чийиндери менен коштолуп кетет.
КЫШКЫ БАССЕЙН АЛДЫНДАГЫ ФОНТАНДЫН МОЗАИКАСЫ, 1977-ж. Тема: Күн жана деӊиз. Фонтандын беттери жана түбү смальта төшөлгөн, бирок, өкүнүчтүүсү, ал катуу жабыркаган жана көптөн бери аны оӊдоо-түзөө жасала элек. Эски ашкананын дубалында ошол эле темадагы вариация (азыр бул жеке менчикке өткөн, көрүүгө мүмкүн эмес).
КЫШКЫ БАССЕЙНДИН ФОЙЕСИНДЕГИ ПАННО, 1977-ж. деӊиз стихиясындагы жана фасаддык фриздеги сүзгүчтөр темасын улантып турат, бирок көбүрөөк плакаттык-трафареттик манерада – шарттуу декоративдик фондо кезектеги силуэттер. келбетин калтыра алды. «Тамгада» алгачкы советтик визуалдык маданияттын үлгүлөрү
(30-жж.) сакталып калгандыгы абдан маанилүү, бул кандайдыр бир деӊгээлде советтик элеттик айкелчиликтин үлгүсү десек да болот, анын баалуулугу жыл сайын өсүүдө, анткени башка жерде бул катмар жок.
ТЕННИС КОРТТОРУНДАГЫ БАРЕЛЬЕФТЕР, 1977-78-жж. Бул эмгектеринде Барсков адам- дын колунун палеолиттик изинен жана алгачкы коомдогу петроглифтерден египет пирамида- ларына жана европалык диний иконографи- яга чейинки искусство тарыхынагы белгилүү үлгүлөргө таянат.
КОРУТУНДУ. Кичине архитектуралык форма- лардын жана скульптуралардын көптөгөн че- чилишитеринин стандарттуулугуна карабастан,
«Тамгага» Барсков сыяктуу талантуу сүрөтчүнүн туш келиши чоӊ ийгилик, өзүнүн автордук иштери менен ал санаторийдин уникалдуу
ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР: Берген маалыматтары жана жардамы үчүн тамгалык кары, сүрөтчү жана Барсковдун жардамчысы Владимир Ники- тич Горюновго («Володя байкеге») жана бишкек- тик сүрөтчү Эмил Тилековго.