Анатолий ЦЫБУХ, график сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ош шаарынын көркөм сүрөт музейинин башкы куратору.
Эс тутум… Биз кандайдыр-бир нерсени канчалык алыстан кароого аракет кылсак, ал ошончолук шурудай тизилген окуялардын кылдай ичке ар кыл түстүү жиптерине окшошот; ар кандай узундуктагы жана чагылыштагы ичке чынжырчалар, окуялардын горизонтунда пикселдердин түстүү кумдары менен айкалышып, же өңүңдө, же түшүңдө, балким бут алдыңда шыгырайт… Бизге бүдөмүк Эс тутум менен бирге – тиричиликтин туруксуз сезими катары Эскерүү гана калат…