Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

БАШКА МУЗЕЙ

16 февраля, 2022 г.
 
Бактыгуль МИДИНОВА, тарыхчы, Жогорку Экономика мектебинде колдонмо маданият таануу боюнча окуган, Ош областтык сүрөт искусство музейинде иштейт.

     Кажы-Сайдын так ортосунда жайгашкан, заманбап искусство музейинин имараты, чеке белинде уран шахтылары курулуп, алгачкы уран рудасын казган кенчилердин шаарчасынан тартып, Ысык-Көлдүн жээгинен орун алып, даңкы далайга кеткен курорттук поселоктун укмуштуудай тарыхын чагылдырган идеалдуу жерлердин бири болмок. Бирок 2010-жылы, кароосуз калган бул чоң имаратка, өлкөгө белгилүү сүрөтчүнүн көзү түшүп: «Мен анын ичине киргенде, музей үчүн идеалдуу экенин түшүндүм», – деген. Жергиликтүү бийлик менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин жана ошондой эле экс-президент Роза Отунбаеванын жана облустун ошол мезгилдеги губернаторунун көмөктөшүүсү менен, Кажы-Сайдагы бирден-бир башкы административдик имаратты, жеке менчикке сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жаңы музейдин долбооруна ылайык, тарыхый имарат кээ бир кошумчалары менен толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Советтик прагматикалык стилдеги имаратка жаңы жүз берилип, 2017-жылы 4 колонналуу портик (имаратка жанаша курулган, колонналар тиреп турган галерея) курулган. Жаңы сырдын катмары, эски имараттын дубалдарын коргоп, кыштардын жана таштардын – аутентикалык структурасын толук жаап жашырып турат. Бир гана жыгач шыптар өзүнүн алгачкы түс-түркүмүн сактап, менин оюмча, реставратордун чебер колдорунан чыкканынан кабар берет.

Музейди калыбына келтирүүгө жардам берген сүрөтчү, жылкычы Жакыповдун айтымында, имарат жаңы ээсине авариялык абалда өткөрүлгөн: терезе, каалгалары жок болгону аз келгенсип, экинчи кабатка көтөрүлчү тепкичтери да талкаланган. Кайра калыбына келтирүү иштерине ири каражат сарпталган: музейдин ээсинин айтымына караганда, жалпы жолунан музейге 117 миң АКШ доллары коротулган.

Музейдин аймагы тосулуп, «зымырык куштун» элесин жана сүрөтчүнүн, анын жубайынын жана балдарынын ысымдарынын баш  тамгаларын камтыган дарбаза орнотулган. Гербдүү, скульптуралары менен бүлөлүк бакча жайы түзүлүп, эски тукумдардын салттуу «атмосферасына» сүңгүп кирүүгө далалат кылгандай сезим калтырат. Ошол эле учурда музей, Кажы-Сайдагы кароосуз калган көптөгөн советтик имараттардын фонунда, Бодрийяр боюнча «симуляциянын массалык оюндарынын эстелиги» сымал Париждеги Помпида борборун эске салат. Же бул өтмүштү бүгүнкү менен бүтөп, бул айылда искусство болгон деген иллюзияны жаратуубу?

Башка жагынан алганда, айылда искусство музейинин ачылышы, кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк катары каралат. Элдик сүрөтчү Асакен Бейшенов, өзүнүн Фейсбук баракчасында, бир аз мурдараак жазгандай, Кажы-Сай Кыргызстандын сүрөтчүлөрү менен киноматографисттеринин бирден-бир сүйүктүү жайларынан. Мында Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу чыгармачыл базасына ээ. Аль-Хаят арт-отелинде кызыктуу чыгармачыл жыйындар өткөрүлүп, арт-отелдин ээлери

2011-жылдан бери, бүткүл дүйнөнүн сүрөтчүлөрү үчүн пленэрлерди уюштуруп келет. Дагы эске сала кетчү жагдай, Кажы-Сайдан анча алыс эмес жерде, өз кезегинде «руханий жана илимий бор- бор» катары түптөлгөн, «Аалам Ордо» комплекси таш-талканы чыгып жатат.

Музейдик топтомдун негизин, 35 жыл аралыгындагы ишмердүүлүктүн натыйжасында чогултулган Юристанбек Шыгаевдин жеке коллекциясы түзөт. Музейдин 15 көргөзмө залында, советтик жана Кытайдын, Орусиянын, Германиянын, Түркиянын, Тажикстандын, Молдованын жана Өзбекстандын заманбап сүрөтчүлөрүнүн 1000ге жакын эмгектери жайгаштырылган.

Орусиялык музейлер, чет элдик кесиптештеринин жолун жолдоп, кийинки мезгилде музейлер аймакты өнүктүрүүнүн ресурсу катары карала баштады. Аймактарда жаңы музейлердин ачылышы, туристтердин жаңы агымын өзүнө тартып, жаңы жумушчу орундарын түзүүнү шарттоодо. Музей популярдуу болушу жана көрүүчүлөрдү өзүнө тартышы үчүн, анын архитектуралык түзүмү көпчүлүк учурда чоң роль ойнойт. Өзгөчө музейлердин жарышы, колдонуудан калган индустриалдык имараттарда, кампа курулмаларында, мурдагы аскердик багыттагы жайларда музейлерди жана галереяларды жайгаштырууга алып келип, эскирген урбанистикалык объектилерге экинчи жашоо тартуулоодо. Музейлер өзүнүн жаңы функцияларына карабастан көпчүлүк учурда шаардык мурасты сактап калуунун куралы болуп келишет.

Кажы-Сайдагы музейдин имараты (мурда Комендатура, Милиция, Сот бөлүмү, Почта, Дүкөн, Китепкана, Музыкалык мектеп) – советтик уран өндүрүшүнүн эстелиги. Менин баяным, бул имараттын тарыхый функциясында курулган Кажы-Сайдын өнүгүшүн жана музейдин имараты – айылдын тарыхын баяндоодогу маанилүү элемент экендигин элестүү чагылдыруу аракети.

Тартип имараты. Бул жабык шаарчадагы алгачкы жана чоң имарат 1947-жылы курулган. 1954-жылга чейин анда НКВДнын  комендатурасы жайгашкан. Жергиликтүү чөлкөм таануучу, тарыхчы Садыр Кенжебаевдин (1950-жылы туулган) айтымында, комендатура жөнүндө маалыматтарды табуу татаал, аны издөө үчүн архивде бир нече ай иштөө керек. Садыр аба өз айылы жөнүндөгү маалыматтарды өткөн кылымдын 80-жылдарында, мектеп музейин түзүүгө жардамдашууда, өз аймагынын тарыхына кызыгуусунун негизинде баштаган. «Биз үстүртөн гана билебиз, ошол жылдары комендатурада кимдер иштегени боюнча  аалыматыбыз жок?», – дейт Кенжебаев. Көзү өтүп кеткен карыялардын айтканына караганда, согуштан кийин, РСФСРдин Кылмыш Кодексинин 58-беренеси боюнча кыска мөөнөткө соттолгондор Орто Азияга жиберилген. Алардын арасында, немецтик туткундан бошотулган советтик солдаттар, орустар, украиндер, белорустар болуп, алардын эмгеги ушул имараттарды курууда колдонулган. Немец жана япон аскер туткундарынын эмгеги Кажы-Сайда колдонулган эмес. Музейде бул жөнүндө биринчи кезекте айтып беришти.

Михаил Животов – мурдагы комендатурага коңшу жайгашкан жергиликтүү мектептин кароолчусу. Ал 1976-жылы Кажы-Сайга келгенде, ал имаратта кечки техникумдун сабактары өткөрүлгөндүгүн, соода базасы, ага чейин контора болгондугун белгилейт. Животовдун айтымында:

«Чоң аталардын айтканына караганда, контораны эркинен ажыратылгандар таштан курушкан. СССР тарагандан кийин, жергиликтүү жашоочулар жыгачтарын гана чыгарып кетишкен. Дубалын талкалоо аракети ишке ашкан эмес».

Борбордук көчөдөгү комендатуранын 1000 чарчы метрлүү калың дубалдуу, эки кабаттуу имараты таштан (гранит?) курулуп, Фуко «таштар адамдарды тил алчаак жана билүүчү кыла алат» дегендей, жабык шаарчадагы кыймыл-аракетке байкоо жүргүзүүнү камсыздоого багытталган.

Бул калың дубалдар, имарат мезгил агымында ар кыл кийлигишүүдөн кабар берип тургандай. Жалпысынан жабык шаарчалардын курулушунда катуу сыр сакталып, объектилерди куруу кыска убакытта жүрүп, андагы тиричилик шарттары мамлекет тарабынан өзгөчө режимге жана көзөмөлгө баш ийген. Бардык аскердик-өндүрүш ишканаларында, НКВДнын атайын бөлүктөрү сырткы кайтарууну ишке ашырса, ал эми НКВДнын аймактык башкармалыктарына баш ийген бөлүктөр, мамлекеттик сырды коргоо менен байланышкан ар түрдүү режимдик иш-милдеттерди аткарышкан. Комендатурада түрмө орун алган деген божомол такталган эмес. Анткени имаратта жертөлө жок. Садыр Кенжебаев белгилегендей, жакынкы түрмө, райондук борбор Бөкөнбаев айылында жайгашкан.

Кажы-Сайда жашоо. Комендатура жоюлгандан кийин, имарат өзүнүн багытын өзгөрткөнү менен, шаардын жашоосунда борбордук орунду ээлеп келет. Имараттын бир бөлүгүндө милиция кызматы жайгашса, экинчи бөлүгүндө – почта орун алган. Ал эми калган бош бөлмөлөрдө НКВДнын алдындагы интернаттын окуулары жүргүзүлгөн. 1970-жылдарга чейин, имарат почтанын карамагында болуп, кийинчерээк бир бөлүгүнө телефондук станция (сүйлөшүү бөлүмү) жайгаштырылган. Жабык типтеги поселоктун жашоочулары үчүн «№8 почта ящиги», социалдык борбор болуп калган. Мында дүйнө менен байланыш жүрүп, каттар, коммуналдык төлөмдөр кабыл алынып, гезиттер жана журналдар келип, жаңылыктар талкууланган.

Аймактагы уранды өндүрүүнү токтотуу, жергиликтүү өндүрүштү көмүр казып алууга багыттоо, эксперименталдык электротехникалык заводдун өнүгүшү, поселоктун эшигин көптөгөн советтик адистер үчүн ачып, айылдын калкынын саны өскөн. Почтанын катарындагы имаратта сактык кассасы ачылып, экинчи кабатта соода конторасы орун алган. Ал эми биринчи кабаттагы дүкөндөн, кадимки поселоктордо «жеткилик- сиз» жана «бардыгы жаңы» болгон өндүрүмдөр сатылган.

Одноклассники социалдык тармагында«Кажы-Сай» тайпасы бар. Ал тайпада айылдын жашоочулары жана өткөн кылымдын 90-жыл- дарында Ору сияга көчүп кеткен жердештер чогулушат. Мурдагы «кажы-сайлыктар» эскергендей, «имараттын экинчи тарабында үч дүкөн жайгашып, жер-жемиш, азык түлүк (оң тарабын- да) жана спорттук (мектеп тарабында) өнүмдөр, ошол эле жерде канцелярия сатылган. Ал жактан биз жазуу үчүн сыясы менен калем сап сатыпалып, ага алма сайып жечүбүз)))…». Бул тайпа жөнүндө бизге музейдин каршысында жашаган айылдын жашоочусу, жаңы музей жөнүндө жана жергиликтүү калк музейди кандай кабыл алганын тууралуу маектешүүгө барганыбызда айтып берди.

80-жылдардан тартып, соода конторасы мектептин китепканасына алмашып, ал жерде 1-4-класстардын окуучулары үчүн сабактар жана кошумча «узартуу» сабактары өткөрүлгөн. Ошол учурдагы окуучулардын эсинде калганы, имараттын ичи өтө муздак жана караңгы болгон. 90-жылдардын келиши жана СССРдин тарашы менен, айылдагы жашоо түп тамырынан өзгөрүп, заводдун ишинин токтошу менен көптөгөн жумушчулар ишсиз калып, массалык миграция башталган.

Ошол оор учурга карабастан, имаратта музыкалык мектептин сабактары өткөрүлүп, 2008-жылы гана башка имаратка көчүрүлгөн. Так ошол жылдан тартып, имарат «кароосуз» калып, эгерде Юристанбек Шыгаев бул имаратта заманбап искусство музейин ачуу чечимин кабыл албаганда, Кажы-Сайдагы эсепсиз талкаланган имараттардын жана үйлөрдүн катарына кошулмак. Одноклассники тармагынын колдонуучусу, Итальянец Милюкович 2016-жылы имараттын сыры сыйрылган дубалынын сүрөтүн жайгаштырып, «тарыхтын акыркы түсү)))» деп белгилеген. Музейдин кайра калыбына келтирилген сүрөтүнүн алдында төмөнкү пикирди кездештиребиз – «эч качан тапмак эмесмин. Менин эсимде калганы, бул имарат күлгүн түстө күлгө оронуп турар эле», «таң калычтуу. Кажы-Сайда ушундай кооз үйлөр калды беле, эмнегедир ишенбей турам же биздин көздөр жалаң гана талкаланган үйлөргө көнүп калганбы», «почта таанылгыстай өзгөрүптүр».

Айылдын аксакалы Асантур Арзиев (70 жашта), музей жөнүндө өз пикиринде, аны өлүү каптал экенин жана айыл өкмөтүнүн мүлкүн бир адамдын менчиктештиришине кайчы оюн билдирген. «Мен музейдин ачык турганын көргөн жокмун. Ал жакка адамдар деле барбайт», – дейт өз маегинде. Кээ бир жергиликтүү калк үчүн, музей кандайдыр-бир өздүк эмес, чоочун- дай: «жогору жактан келип ачышты да, кетип клышты». АКШнын музей тармагын изилдөөчүсү Максвелл Андерсон, 2004-жылы музейлердин ийгиликтүү иштөөсүн баалоо системасына арналган эссесин жазган. Ал сүрөт искусствосунун музейлеринин ийгилигинин негизги факторлорун бөлүп караган. Мисалы, тажрыйбанын сапаты, билим берүүчүлүк милдетин аткарышы, кадрлардын деңгээли жана ар тараптуулугу, коллекциялардын көлөмү жана сапаты, илимий ишмердүүлүккө салымы, музейдин имаратынын өз багыты боюнча колдонулушу жана анын  репутациясы, популярдуулугу ж.б.6 Мисалы, Андерсон белгилегендей, репутацияны калыптандыруу жергиликтүү коомчулуктан башталышы зарыл. Алардын колдоосу улуттук жана эл аралык репутациянын калыптанышына таасир тийгизет. Музейдин негиздөөчүсү жана сүрөтчү Жакыпов менен маектешүүбүздө, музейдин кызматкерлери, анын ичинде жергиликтүү мектептин сүрөт мугалими, жергиликтүү жашоочулар үчүн экскурсияларды, окуучулар үчүн мастер-класстарды өткөрүп турушарын белгиледи. Бирок, айылдын жашоочуларынын арасында бир да жолу музейге кирбегендерди же болгону ачылышына гана катышкандарды кездештирдик.

Музей 2017-жылдын 7-сентябрында ачылган. Музей үчүн бул өтө кыска мөөнөт. Келечегинде популярдуу жана эл көп келген жай гана болбостон, аймактын өнүгүшүнө жана жаңы маданий институциялардын түзүлүшүнө түрткү беришине ишеним чоң.

Опубликовано в разделах: "Немономиф" журналы, Немономиф III