АЛАГѲЗ уулу Азамат, ОБСЕ Академиясынын магистранты, АЛАГѲЗ кызы Гулзат, тарыхчы, «Эсимде» изилдөө аянтчасы.
Бишкектен чыгып өлкөнүн кайсы гана бурчуна сапар албайлы дээрлик баардык калкттуу пунктардын кире беришинде улуттук колориттеги эстеликтерди учуратууга болот. Башында улуттук баш кийим, чепкен-тон жамынган колунда камчысы, мылтыгы же сейрек учурларды колунда жарлык сыяктуу кагаз кармаган бул эстеликтер көпчүлүк учурларда тарыхый же жарым уламыштык инсандарга таандык. Канчалык борбордон улам алыстаган сайын эстеликтер ошончолук көбүрөөк учурай баштайт. Ары бери жол тарткан туристтерге эстеликтер эстетикалык жагынан бири-бири менен окшоштугунан анчалык деле кызыгууну деле пайда кылбагандай. Алыстан келгендерге жергиликтүүлөр үстүртөн эстеликтин ээсинин баатырдыгы тууралуу баяндарды кызыгуу менен айтып беришет. Жергиликтер өз ара айылга кирип чыга калганда эстелик тууралуу эл оозунан уккандарын же китептен окуганын айтып кызуу талкууга кирип калышат. Эмне себептен бир кездерде аргымактарга минип баатырлар жүргөн кокту-колотторду бүгүн коло атчандар ээлеп барат?Бул эстеликтер мамлекет жүргүзгөн расмий эс-тутум саясаты менен түз байланышы жок. Көпчүлүгү улуттук иденттүүлүккө караганда уруулук-уруктук иденттүүлүктүн ачык көрсөткүчтөрү. Бүгүн ландшафтын бир бөлүгүнө айланып бараткан бул эстеликтер аныгында жашап өткөн инсандар жана алар жашаган доорлор менен байланышына караганда азыркы биздин күнүбүзгө байланышы күчтүүрөктөй сезилет. Күмбөздөр, коргондорго сөөгү коюлган баатырлар укум-тукумун коргош үчүн кайрадан атка минип майданга чыгып жаткандай элес калтырат.
Бул кыска эсседе «металл атчан баатырлардын» сырларына анализ кылганга аракет кылабыз.
Эстеликтердин жаңы жалпы улуттук макроиденттүүлүктөн уруулук-уруктук микроиденттүүлүккө карай жолу. 1991-жылы эгемендүүлүктү алган жаш мамлекеттин алдында жаңы коомду, иденттүүлүктү куруу тапшырмасы турган. Макросаясий иденттүүлүктү куруу этноцентристтик багытта болуп символикалык саясатта «титулдук улуттун» жаңы саясий иденттүүлүгүн калыптандыруу багытында жасалды. Адатта мамлекет курган эстеликтердин функциясы ал жүргүзгөн саясатка кызмат кылуу. Кыргызстанда дагы эстетикалык-символикалык ресурстарды мамлекет өз бийлигин легитимдештирүү жана бекемдөө үчүн колдонууга кирген. Советтик адам иденттүүлүгү СССРдин ыдырашы менен кыргыз адам Совет мезгилинде ал доорго чейин жашап өткөн тарыхый инсандардын образы символикалык саятта эч колдонулган эмес. Советтик скультурада жергиликтүү калк алсыз, эзилген болуп көрүнүп, совет мезгилинде гана европача кийинген, анын таасириндеги жаш, кубаттуу адамдарды көрө алабыз. Совет мезгилинде совет бийлигине тиешеси жок болгон кыргыздардын этникалык иденттүүлүгүнө тиешелүү эстелик катары курулган Филармониянын алдындагы Манас эстелик комплексин айта алабыз.
Кызыл-Туу айылынын кире беришиндеги Алымбек баатырдын эстелиги, Тон району. Торгой баатырдын эстелиги Тоң районунун борбору Бөкөнбаевдин кире беришинде.
Алгачкы этаптарда мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн символикалык саясат тарыхый инсандар жана эпикалык мураска басым жасаган. Алгачкылардан болуп Манастын образы улуттук курулуштун символу болуп калган. Манас эпосуна байланышкан эстеликтер менен бирге эле совет доорунда режимдин курмандыгы болгон ишмерлердин эстеликтери, байыркы жана орто кылымга тиешелүү тарыхый инсандардын эстеликтери мамлекеттин демилгеси менен курула баштаган. Мамлекет тарыхта маанилүү орду бар деп эсептелинген Тагай бий, Тайлак Баатыр, Ормон хан, Курманжан Датка, Алымбек Датка сыяктуу инсандардын эстелигин курууга катышуусу акырындап уктап жаткан же көмүскөдө жаткан уруулук иденттүүлүктү ойготкон.Мамлекеттик символдук эстеликтердин ордуна ар түрдүү жергиликтүү уруулук деңгээлдеги инсандардын эстеликтери жайнап өсүп чыга баштаган.Балким мамлекеттик жарым авторитардык мүнөзү жана жаны улутту калыптандырууда эпикалык мураска басым жасаганы уйкудагы, мамле- кеттик машина тарабынан кысымда жаткан уруулук жана уруктук иденттүүлүктү «жиндин чырагынан чыгарган». Натыйжада мамлекетте эстелик куруу жаатында эки параллелдик дүйнө пайда болду деп ырастоого болот;
- Маданият тармагы менен байыркы доордогу тарыхый инсандарга, 20-кылымдагы саясий ишмерлер курулган эстеликтерди куруу мамлекеттин прерогативасы;
- 18-19-кылымда жашап өткөн уруулук-уруктук деңгээлдеги баатырлардын, уруктун түзүүчүсүнүн эстеликтерин куруу уруу жана уруктардын жоопкерчилик алган областы. Акыркы көрүнүш абдан кызыктуу феномен.
Уруунун баатырларын куруунун демилгечилери өз баатырларын жалпы кыргыз элине кызмат кылган деген ырастоолорду колдонгондору менен негизинен 18-19-кылымдардагы инсандарга эстелик тургузушат. Мунун бирден-бир себеби кыргыз генеалогиясындагы маалыматтардын 150-200-жыл аралыгындагы бөлүгүнүн салыштырмалуу тагыраак сакталышы жана күчтүү туугандык сезими бар уруктардын орток ата-бабасы ушул доордо жашагандыгы.
Колониализмдин калдыгы менен колонианизатордун аттарына минип күрөшүү. Эгемендүүлүктү алгандан тартып курулуп жаткан тарыхый инсандардын статуясы бул постколониалык феномен. Эстеликтердин негизи идеясы колониализмден кутулуу болгону менен формасы жагынан алар колониалдык бийликтин таасиринин көрсөткүчү жана совет мезгилиндеги адам кейпиндеги эстеликтердин уландысы. Антроморфтук эстелик тургузуу Борбордук Азиянын тарыхында болгону менен исламдын келиши менен ал жөрөлгө унутулган. Анын ордуна тарыхый инсандарга мавзолейлер,күмбөздөр,коргондор курула баштаган. Өзгөн мавзолейлери,Шах-Фазиль мавзолейи, Манастын күмбөзү аларга күбө. Коом эстелик курууда өзүнүн байыркылыгын, мурасын, өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө аракет кылса дагы колониалдык интеллектуалдык жана искусстволук орбитадан чыга албайт. Россия империясынын жана Советтик мезгилдин эстеликтерин репропродукция кылып гана өз тарыхын чагылдырат.
Каракол шаарындагы Тагай бийдин эстелиги. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата «Айкөл Манас» эстелиги, Бишкек.
Түшүнүксүз башаламан дүйнөдө түшүнүктүү символдор. Уруулук-уруктук иденттүүлүктүн эстеликтер аркылуу өзүн репрезентация кылуусунун себеби эмнеде эле? Жаңы оор экономикалык кырдаал, колхоздордун кыйрашы аймактарда абдан чоң коллективдик иденттүүлүк кризине түрткөн. Калк мурдагыдай бир колхоздун эли иденттүүлүгүн жоготкон.
Мамлекеттин социалдык саясатынын алсыздыгы калкты жаңы микроидентүүлүк издегенге түрткөн. Ал иденттүүлүк боштукту тоталитардык режим тарабынан бастырмада кармалган уруулук-уруктук аң-сезим толтурган. Уруулардын коллективдик сезими социалдык кризистен коркууну азайткан. Бул биригүүнү колхоздун клубу, клубдун жанында турган Ленин же Маркстын эстелигине окшогон бир символ менен бекемдөө зарыл эле. Ал символ албетте жергиликтүү элдин көпчүлүгүнүн жалпы атасы же ошол аймактагы уруунун 18-19-кылымдарда жашап өткөн, ал жөнүндөгү уламыштар эл арасында дагы да үзүл-кезил тирүү болгон инсандын эстелиги боло алмак. Кароосуз калган элдин мүдөөсү, каалоосу баатыр коргоочу.
Эпикалык салттуулук коргоочунун образын күчөткөн. Ал ат үстүндө колунда куралы алып айылдын четиндеги дөбөдөн айланын баарына көз чаптырып турушу керек болчу.Абдан күчтүү билдирүү- алсыз биз, күчтүү бабалар! Анын пенсондоштурулган адам келбети менен берүү дагы маанилүү.
Бишкектеги М.В.Фрунзенин эстелиги. Бишкек шаарындагы Лениндин эстелиги
Жаңы мезгилдеги эстеликтерде дээрлик баардык эстеликтер кубаттуу, салаваттуу, маскуландык (Masculinity) белгилер абдан ашыра деңгээлде. Өлкөдөгу экономикалык-саясий процесттерге таасир бере албаган уруу социалдык группа өзүнүн бар экендигин кубаттуу эстеликтер менен репрезентация кылып жаткандыгынын белгиси. Бул эстеликтер бир жагынан жаңы иденттүүлүктүн демонстрациясы, визуалдашуусу.Ошону менен бирге «башкалар» жана биз деген манифесттин көрсөткүчү. Буга кошумча бул эстеликтердин курулушунда уруктук-уруулук иденттүүлүк эсебинен борбордук бийлик жана саясий чөйрө менен коммуникация кылгысы келген саясий ишмерлердин биз бир группабыз, биз менен эсептешүү керек деген билдирүүсү, аудиторияны мобилдештирүү куралы. Себеби бул эстеликтердин курулушуна,ачылышына кеткен каражаттын бир бөлүгү уруу же уруктан чыккан саясий же потенциалдуу саясий ишмерлери тарабынан каржыланат. Баатырлардын эстеликтеринин эмоционалдык-символикалык функцияларынын бири бул постколониалдык коомдун өзүн-өзү издөөсү. Жоголгон образды калыбына келтирүү аракеттери. Ал жоокерлик өтмүш, көчмөн маданият жана анын ажырагыс бөлүгү болгон ат, уруунун саясий эркиндиги, совет мезгилинде басырылган иденттүүлүгү ж.б.