Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Маликова Изатайдын жеке тарыхы: Чоң атам менен сыймыктанам!

8 апреля, 2022 г.

“Эсимде” изилдөө борбору 2018-жылы «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы сынагын жарыялаганда, бул ангеме Маликова Изатайдан келип түшкөн. Адамдар жана үй-бүлөлөр башынан кечирген, муундан муунга оозеки айтылып келген окуя жана эскерүүлөрдү сактап калуу маанилүү деп эсептейбиз.  

Балтаева Малик.

Чон атам Балтабаев Малик 1937-жылы 3-майда Лейлек районунун Катраң сел советине караштуу Өзгөрүш айылында колхозчунун үй-бүлөсундө туулган.Чоң атамдын атасы Умаров Балтабай Өзгөрүш колхозунда чабан болуп эмгектенген. Чоң атамдын энеси Умарова Тургунай колхоздо ар кандай жумуштарда иштеген.

1945-жылы Эпкин жети жылдык мектебине барып, аны 1952-жылы бүтүргөн. Ошол жылдын сентябрынан баштап Исфана селосундагы он жылдык Токтогул Сатылганов атындагы мектепке 8-класска кирген. Бул мектепте 8-классты бүтүрүп, турмуш шартына байланыштуу 1953-жылы Сүлүктү шаарындагы Токтогул Сатылганов орто мектебине которулган. Ал мектепти 1954-жылы бүтүрүп, райондун борборундагы Исфана селосунда райисполкомдун алдындагы жалпы бөлүмүндө иштеген.

1957-жылы Фрунзе шаарында №5 СМУда жумушчу болуп иштеген. 1958-жылы айыл чарба институна ветеринария факультетине тапшырган. 1963-жылдын июнь айында айыл чарба институн ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Лейлек районун Кулунду айылында Кулунду ветучкасында жетекчи болуп иштеген. 1964-1967-жылдары Лейлек райондун ветстанцияда башчынын орун басары болуп эмгектенген. 1967-1970-жылдары “Лейлек” совкозунда башкы ветврач болуп эмгентенген. Ошол жылы Лейлек совкозунда эмгектенип жүргөндө, Лейлек району боюнча биринчилерден болуп койдун ценуроз оорусуна операция жасап, район боюнча семинар өткөрүлгөн. 1970-1971-жылдары райондук ветстанцияда башкы ветврач кызматкеринде иштеген. 1971-1973-жылдары Кулунду колхозунда башкы ветврач, 1973-1975-жылдары Кулунду ветучасткасында жетекчи, 1975-1978-жылдары райондук ветстанциянын башкы ветврачынын орун басары кызматтарында эмгектенген. 1978-1982-жылдары Лейлек райондук ветстанциянын башкы ветврачы, 1982-1984-жылдары Самат колхозунун төрагасынын орун басары, 1984-1991-жылы кайра райондук ветстанциянын башкы ветврачы болуп эмгектенген. 1991-1992-жылдары И.Раззаков колхозундагы кунаажындарды өстүрүүчү комплексинде жетекчи, 1992-2006-жылдары райондук ветеринар башкармалыгында башкы эпизоотолог болуп эмгектенген.

1951-жылдан ВЛКСМдын мүчөсү. 1966-жылдан КПССтин мүчөсү.

1977-жылдан 1983-жылга чейин райкомдун мүчөсү болгон. 1980-жылдан 1987-жылга чейин райкомпрофсоюздун президумунун мүчөсү болгон. Чоң атамдын эмгегин баалап мамлекет тарабынан В.И.Ленин атындагы 100-жылдыгы медалы, Эмгек каармандыгы үчүн медаль, Эмгек ветеринар медалы, Ош облком профсоюзунун Ардак грамотасы, Лейлек райондук айыл чарба департаментинин Ардак грамотасы, Айыл чарба жана суу чарба министрилигинин Ардак грамотасы жана башка баалуу сыйлыктары менен сыйланган.

Чоң атамдын жубайы чоң энем Балтабаева Гүлхан 1946-жылы 10-август айында Лейлек районун Айбике айылында төрөлгөн. Билими орто, Исфана айылындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин жатак интернатында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Чоң атам менен чоң энем экөө үч уул, төрт кызды тарбиялап өстүрүп, ар бири өз сүйгөн кесип ээлерине ээ болуп, жогорку билимдүү, азыркы убакта эмгектенип жатышат. Алар: Балтабаева Гульмира Маликовна 1967-жылы 13-ноябрында төрөлгөн. Азыркы убакта Кыргыз-Телеком ААКнун ишканасында башкы эсепчи болуп эмгектенип жатат.

Балтабаев Акылбек Маликович 1969-жылы 2-майда төрөлгөн. Азыркы убакта Орусиядагы Москва шаарында эмгектенип жатат.

Балтабаев Асылбек Маликович 1971-жылдын 3-октябрь айында төрөлгөн. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Лейлек райондук башкармалыгында башчынын орун басары болуп эмгектенип жатат.

Балтабаев Адылбек Маликович  1973-жылы 24-декабрда төрөлгөн. Азыркы учурда Орусиядагы Москва шаарында эмгентенип жатат.

Балтабаева Замира Маликовна 1976-жылы 22-майда төрөлгөн. Азыркы мезгилде Орусиядагы Москва шаарында эмгектенип жатат.

Балтабаева Динара Маликовна 1979-жылы 22-майда туулган. Азыркы убакта Бишкек шаарында жеке ишкердик менен алектенет.

Балтабаева Гулнара Маликовна 1982-жылдын 31-октябрь айында туулган. Азыркы учурда Лейлек районунун Кулунду аймагында В.И.Ленин атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип жатат.

Азыркы учурда чоң атамда 23 небереси бар жана чоң энем экөө карылыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп жатышат.

Азыркы убакта чоң атамдын жолун улап, өзүмдүн бир тууган агам Маликов Бексултан Асылбекович Бишкек шаарындагы жогорку Агрардык окуу жайында 3-курста окуп жатат.   

Материалда баяндалган автордун пикирлери “Эсимде” командасынын позициясын чагылдырбайт.

Опубликовано в разделах: "Жеке тагдырлар" эсселери