Кыр-кырда кайың-тал барбы,
Кыргыздар балта чаппаган?
Дүйнөдө өзөн сай барбы,
Кыргыздын сөөгү жатпаган?
Башына күн түшүп, Мекенинен алыска кеткендердин бири өзгөндүк кыргыз Барпы болгон. Аллас Бийлигинен Кашкарга качып, андан ары Индия, сапоги тартып, кийин Түркияда байыр алгоритман. Азыр балдары Түркияда жашап, бирок Ата Журту менен байланышта болуп келе жатышат.
Барпынын уулу Хамит Өзгөн менен ал Кыргызстанга келген кезде маек курдук. Хамит аксакал Өзгөн деген фамилияны ата-бабасы жердеген Өзгөн жеринин атынан алгебан. Анда сөз башынан болсун.
— Өзүңүз кайсы жерде төрөлгөнсүз?
— Мен Хамит Өзгөн 1936-жылы Индия менен уйгурдун чек арасында Кашкарда төрөлгөм. Ал жерге кандай барып калдыңыз десең, атам 1930-жылы Кыргызстандан Кашкарга качып кеткен экен. Кашкарда 5 жылга жакын жашаптыр. Кыргызстанга коммунисттер келип, байларга кысым болгон экен.
— Бул коммунизм келгендеги байларды кулакка тартуу деген саясат да …
— Ооба, ошондой. Атам өзү бай адам болгон экен. Мен өзүм көргөнүм жок, бирок өзүнүн айтымында, 7 жерде коргону болуптур. Кашкардан миңдеген койлорду алып келип Өзгөндө сатчу экен. Ошентип кой алып келип сатып, акча айлантып турган экен.Атамдын өзүнүн жанында ишастен адамдар «байларды таап берем» деп орустарга кызмат кылып кетишиптир. Ошону атам сезип калып, басмачыларга кошулуп орустар менен согушуп, анан Кашкарга качыптыр.
— Атаңыздын аты ким эле?
— Атамдын жаш кезиндеги мурдагы аты Арунрашид болгон экен. Кийин 20 лет курагында ооруп калып, атын ырымдап Барпы деп өзгөртүшүптүр. Кийин өмүрүнүн аягына чейин Барпы болуп жашады.
— Атаңыз кайсы уруудан?
— Мен өзүм уруктарды тандабайм. Мен чоң уруум кыргызский, кичи уругум кыргызский, өзүм кыргызмын дейм. Неге дегенде, ура-уруулар би-би-мен мен дайма «сен пассың, мен жогорум, сен андайсың, мен жакшымын» дегендей кылып, бири-бири менен чатакташат. Жакында эле 4-5 жыл мурун Вандагы кыргыздар 2 года жизни, Бети-башен жарып, өкмөткө түшүп … Ушундай иш болгон. Бирок чоң уруум адигине, кичи уругум теңизбай.
— Атаңыз Кашкарга качып баргандан кийин эмне менен алектениптир?
— Атам ал жакка акчалары менен барган болуш керек. Анан ал жакта тааныштары көп экен. Мурда бизнес кылып жүргөндө тааныштары болгон.Бул Жактан Орастар Менен Бирге Согушуп, Жаныбек Казы, Али Паңсат деген Адамдар Менен Чогуу качкан. Алардын аскерлери да болгон. Баары бирге Кашкардын Сепил деген жеринде отуруп калышыптыр. Ошондо дагы Кашкардан дунгандар буларды (качып барган кыргыздарды) басып алабыз деп, алар менен согушуптур. Атамдын айтымында, кын Атамды ушуну байкап калып, «шаарды айланып келейин» деп шылтоолоп, балдарын алып, сепилден чыгып кетиптир.
Атам Индияны көздөй сапар алыптыр. Аркасынан Жаныбек казы, бирин-экин тааныштары жөнөптүр. Чек аранын Даван деген жерине барышыптыр. Ашуу жабылып калып, ошол жерде 7-8 ай туруп калышыптыр. Ал убакта Пакистан Индиядан бөлүнүп өз алдынча мамлекет боло элек болчу.Атамдар кеткен жол Жибек-Жолу болуптур. Ажылыкка баргандар ошол жол менен кетчү экен. Ладакх, Тибет, Кашмирден кеткендер ошол жерден өтүшчү дейт. Мен ошол жерде төрөлүптүрмүн. Алты айлыгымда апам каза болуптур. Ошондон кийин атам андан ары Пакистанга (ал кезде Индия) Кирип, Пакистандын Карачи шаарына барып туруп калыптыр.
— Апаңыз ошол жерде көмүлүп калган экен да, ошол жакка бара алдыңызбы?
— Азыр ал жерге кытайлар чоң унаа жол салган. Бул жактан барайын деп аракет кылдым, бирок Кытай виза бербеди. Ошон үчүн бара албадым. Болбосо барып, апамдын калган жерине Куран түшүрүп келейин дегем.
— Атаңыз Пакистанга ооп кеткенде балдарын алып өзү эле кетиптирби же башка жолдоштору да бар бекен?
— Жолдоштору болгон экен. Эсимде калганы боюнча Кашкардан Индияны көздөй кеткенде 120 адам болушкан экен. Ара жолдордо калгандар, өлгөндөр болуптур. Пакистан ктүп кеткенден кийин ар кимиси өз алдынча үй таап кетишиптир.
— Пакистанда атаңыз кантип тиричилик кылды?
— Атам балдарынын тапканы менен жан багып жүрдү.Мен 3-4 жаштарда болчумун. Акм ошо жерде бир уйгурдан бут кийим тигүүнү үйрөндү. Кийин мен 6-7 жашка келгенде бут кийим тиге турган дүкөн ачты. Келгендердин бут кийиминин өлчөмүн алып анан тикчү. Ошентип жашап кеттик.
— Атаңыз Пакистанда үйлөндүбү?
— Мурун 5 эркек — 3 агам, мен анан атам болуп бешөөбүз жашайт элек. Үйдө аял жок. Ошентип 11 жыл жашадык. Атам Пакистан жүргөндө «кыргызга барганда кыргыз аял алам» деп 11 жыл үйлөнгөн жок. Балдары чоңоюп жетилип калса да, пакистандык аялдарга үйлөндүрбөдү. Пакистанда кыргыздар жок эле. 11 жылдан кийин гана уйгур аялга үйлөндү.
— Агаларыңыз да ошол жактан үй-бүлө күтүштүбү?
— Жок. Вандык кыргыздардын мурунку турган жери Памир болгон. Агаларым ошол Памирден кыргыздардан үйлөнүп келишкен.
— Агаларыңыз, алардын балдары кайсы жактарда жашашат?
— Биз 5 энеден 11 бир тууганбыз. 2 кыз, 1 бала Германияда, калгандары Түркиядабыз.2 агам өтүп кетти. Менден 5 жаш улуу агам Измирде жашап жатат.
— Атаңыз 5 аял алгебанбы?
— 5 аял алды. 5 аялдан 11 бир тууган болдук. Кашкардан Кыргызстанга кой алып келип сатып жүргөн учурда үйлөнүптүр. Ар кайсы жерлерде аялдары болгон экен. Соода кылып Кашкар тарапка барганда ошол аялдарыныкына түнөчү экен.
— Ошол 11 биртууганда байланыш барбы?
— Байланыш бар. Бирок улуулардын баары өтүп кетти. Балдары менен байланыштар бар. Түркияда турушат. Көрүшүп турабыз.
— Балалык чагыңыз кандай өттү?
— Ал убакта Пакистан Индиядан бөлүнүп өзүнчө мамлекет боло элек болчу. Индиядан 1947-жылы бөлүндү.Индия болуп турган убакта Карачиде шаардын четинде эң кедей, эң кембагал үй-бүлөлөр жашаган махалалар (райондор) болот эле. Тунукелер менен эптеп бир үйлөрдү салып алышкан. Ошол жерде жашадык. Ижарага үй алууга акча жок болчу. Ал убакта акелерим шаарга бир нерселерди сатып, нан таап келгенге аракет кылчу. Атам болсо мечитке барып Кудайга жалынып, «эмнеге мен мындай болдум, менин эмне күнөөм бар?» деп ыйлайт. Эми күнөөсүз адам болбойт. Күнөөсүз адамга Кудай жаза бербейт. Жаштыгында бир нерселер болгондур. Кудай ошо жазаны берди.
Атам Кыргызстанда калганда мен өз жеримде, өз журтумда төрөлөт белем? Кыргыз балдар менен ойноп чоңойот белем?Кыргызстан балдар дегенде … Индияда жашап жатканда индиялык балдар мени ойнотпой уруп, бөлүп турушат эле. Мен аларга караганда башкача көрүнөм да. Алар кара, курсактары чоң болот. Ошол башкача болгонумдан биржевой рынок, беш-алтоосу келип уруп, ойнотпой … Ошондо мен ошол жердеги кепелердин түбүндө айлап, анан ошол жерге топуракка жатып уктап калчумун. Агаларым, атам кечинде качан кайтып келишсе, мени издеп таап, өйгө алып келчү. Ошол мени урган балдардын кээ бирлеринин энелери жакшы аялдар эле. Алар мага тамак берип, бети-колумду жууп койчу. Мени сабаган балдарын урушуп, мага болушуп турушчу. Кийин ошол жердеги мектепке окууга кирдим. 4-5 жыл ошол жерде окудум.
— Атаңыз кайтып келүүгө аракет кылганбы?
— Атам ошон ашчүн Кашкарда «орустар кетет, Кыргызстанга кайтып барам деп» 5 жыл туруп калыптыр. Бирок орустардын кеткиси жок. Келип басып алгебан орус кетмек беле? Эми ажыга барып келейин деп ойлоптур. Индия тарапка сапар алгебанынын себеби да ошол болгон. Ажыга барып келгенче бир нерсе болот, орустар чыгып кетет, анан мен кайтып барам, деп ойлогон.
— Атаңыз атака журтун сагынып азап тарткан экен …
— Элин сагынчу. Кичинекейимде атам «орустар бизди ушинтип кууду, жаман кылды. Кыргыздар таза, жалганчы эмес, жамандык кылбаган эл. Кыргыздардын эшиктери дайыма ачык турат. Таанысаң, тааныбасаң да кирип барсаң, тамак берип меймандос болот »деп көп айтат эле.
Атасы, 1960-жыл, Түркия
— Качкандар кийин орус бийлигине өз каалоолору менен өтүп келсе, жок кылып койгон фактылар болгон дешет?
— Алар бул жакка үттүбү же ошол жерден эле бири-бирин сатып душман болуп, бири-бирин өлтүрүштүбү … Бирок Жаныбек казов Калгандары ошол Кашкарда калып … Кийин кандай болгону белгисиз. Аны атам да билбейт. Азыр атамдын мазарында (мүрзөсүндө) өзүнүн досторунун ысымдары жазылуу, «ушулар менен дос болгон, ушулар менен бирге болгон» деп жазылган.
— Сиздер Кыргызстан менен байланышты биринчи жолу качан түздүңүздөр?
— Биринчи жолу 1970-жылдардын башында чоң акем келип кетти. Андан мурда акем кат жазыптыр. Акемдин Кыргызстанда билген дареги жок, Отуз-Адыр деп жазыптыр.Атам Отуз-Адыр жөнүндө көп айтат эле. Отуз-Адырда атамдын чоң кызы калган экен. Ал эжемдин аты Райхан экен. Акме ошо катын дареги деп «Кыргызия, Отуз-Адыр, Райхан», деп жазыптыр. Кандай болсо ошол кат Отуз-Адырга келиптир. Отуз-Адырдагылар катты окуп көрүшүптүр. Андан кийин Райхан ким деп издешиптир. Райхандын баласы бар экен. Ошол киши кайра акеме кат жазыптыр. Анан ал акмди чакырып, ошентип байланыш түзүлгөн. Акем кызы менен келип кетти.
— Кыргыззүңүз Кыргызстанга биринчи жолу качан келдиңиз?
— Кыргызстанга 1986-жылы 50 жашымда келдим. Келгенде жээним тосуп алды.
Өзгөндүн Жаңы-Талап айылы, 1986-жыл
— Кандай сезимдер болду?
— Биринчи жолу бардык жакта кыргызча сүйлөгөн чөйрөгө келдим. Башкача угулду. Башка тилдин сөздөрү кулагыма сиңип калган экен. Бары-жогу кыргызча сүйлөсө башкача угулуп, «Ата журтума келдим, баары кыргызча сүйлөп жатат» деп өзүмчө аябай сүйүндүм. Ошондон тартып Кыргызстанга ого бетер катуу байланып калдым. Ошондон кийин кыргыздын тарыхын иликтеп окуй баштадым. Кыргыздын тарыхы кытай жазмаларында бар.
— Бул жакта туугандарды таптыңызбы?
— Өзгөндөн 3 ата өткөн туугандарды таптык. Атам 3-4 жашар кезинде Кара-Кулжанын Сары-Камышында жашачу экен. Бир күнү айылды суу басып кетип, Өзгөнгө көчүшүптүр. Өзгөндөгү Жаңы-Талап деген жерде жашап калышыптыр. Өзгөндө апамдын акесинин кызы да бар экен. Аны таптым. Кийин бөлөлөрүмдү таптым.
— Өзгөндөгү туугандар менен байланыш кандай?
— Тагамдын кызын Түркияга алып барып конок кылдым. Неберелери менен таанышпыз. Жакшы эле.
— Атаңызды Кыргызстанга алып келе алгебан жоксуздарбы?
— Алып келе албадык. Ал убакта коммунизм бар эле. Азыркы учур болсо алып келет элек. Бирок орустардан коркуп келе алгоритан жок.
Атасы уулдары менен
— СССР жөнүндө кандай ойдо элеңиздер?
— Коммунизм бары-жогун бекиткен мамлекет деп ойлочубуз. Ичиндеги адамдардын пейили, ою кандай билбейт элек.
— Атаңыздан качан ажырап калдыңыздар?
— Атам 1968-жылы Түркиянын Конья шаарында каза болду. Сөөгү ошол жерге коюлган. Коньянын четиндеги кыштактан жер алып, ошол жерде жашачу элек.
— Түркияга көчүп келгениңиздерде кантип тиричилик кылдыңыздар?
— Түркияга келгенде атамдын балдары баарыбыз чоңоюп калган элек. Акелерим Пакистан иштеген жылдары бир аз акча жыйнаган да. Ошол акча менен атам Коньянын четинен дүкөнү бар, ашканасы бар жер алды. Ошо менен жашап кеттик.
— Сиз Түркияда эмне иш кылчу элеңиз?
— Машина оңдогуч болуп иштегем. Түркиянын 5-6 шаарында иштедим. Измирде 3 жыл, Стамбулда 3 жыл, Анкарада 2 жыл жашадым. Түркиянын аскеринде 2 жыл кызмат өтөдүм.
— Түркиянын аскерине кантип барып калдыңыз?
— Пакистанда жүргөндө эч кандай документ жок эле да. Түркияга келгенде Түркиянын жарандыгын алгебанда аскерге бардым.
— дегзгөн деген фамилияны Түркияда жүргөндө алгебан турбайсызбы?
— Түркиянын мыйзамында фамилия алуу керек экен. Документ акцепта алып жатканда фамилиясын сураптыр. «Фамилияны билбейбиз» десе, «эмне иш кыласың?» деп сураптыр. Акем «бут кийим тигем» десе, фамилиясын түркчө «дикер», кыргызча «тигер — бут кийим тигер» деп жазыптыр. Кийинки акем Түркиянын Измир шаарына менден 5-6 ай мурда келген. Ал Измирден бир бай кишинин чоң чайханаларын көрүптүр. Ал чайханалар «Өзгөн» деп аталат экен. Ал ошол үчүн өзүнүн фамилиясын Өзгөн койдуруп алгебан.
Андан кийин мен Өзгөн деп фамилия алдым. Кийин атам Пакистан Түркияга бизге келгенде «Өзгөн өзүбүздүн жер да» деп айттым. Фамилия алып жатканда менин акемдин башына чайный сервиз «Өзгөн» келсе, мен Кыргызстандагы Өзгөн жерин эстеп фамилия алгебам.
— Сиздин атаңыздай болуп качкан Рахманкул хан менен байланыш бар беле?
— Рахманкул хан менен көрүштүк. 1982-жылы Түркияга келгенде биз тосуп алдык. Аларды Түркия Пакистанга учак жиберип алдырып келген. Ошондо Түркиянын Адана шаарына келгенде аларга тилмечтик кылып жардам бердик. Түркияга келгенде Рахманкул хандын падышачылыгы калып калды. Бирок барыбир эл сыйлайт эле.
— Рахманкул хан канча киши менен көчүп барды?
— Ошол маалда 350-400гө жакын адам көчүп барды. Ошол кыргыздарды кийин Ванга жайгаштырышты. Тамкмөт тамак-ашын берип, үйлөрүн бекер салып берип карады.
— Түркияда көп кыргызстандыктар окушат, иштешет, алар менен байланыш кылып турасыздарбы?
— Биздин шаарга келгендер болсо көрүшөбүз. Анан «Фейсбукта» кыргыздар жазышабыз. Үйгө кыргыздар көп келет. Эшигибиз дайыма ачык.
— Өзүңүз качан үйлөндүңүз?
— 1969-ноябрь айында үйлөндүм. 5 балалуу болдум. Унаа оңдоочу кесибим бар болчу, унаа оңдоочу жай ачтым.
Үзү ачкан унаа оңдоочу жай, 1975-жыл
— Жубайыңыз кайсы улуттан?
— Апасы кыргыз, атасы уйгур.
Байбичеси Рахиме менен
— Бала-чакаңыз кыргыз тилин билеби?
— Кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Түшүнөт. Бирок таза сүйлөй алышпайт. Үчүнчү балам бул жактан үйлөнгөн. Аялы Кичи Алайдан болот.
Хамид аксакал үй-бүлөсү менен, 1990-жыл, Түркия
— Бул жактан куда күткөн экенсиз да …
— 2011-й год баламды «Кыргызстандан үйлөнөсүң» деп бул жакка алып келдим. Бул жакка келгенден кийин туугандарга «кыз тапкыла» десем, ылайыктуу кыз табышпайт. Андан мурда бөлөм кызын турмушка берген экен. Ошондо тойдо тартылган сүрөттөр бар экен. Ошол сүрөттөрдү карап турсам, азыркы алгоритан келин көзүмө урунду. «Бул ким, турмушка чыга элекпи?» деп сурадым. «Жок» дешти. «Ушул кызды тапкыла» дедим. Кыз сүрөткө тартынып тургандай түшүптүр. Ошонусу көзүмө жылуу көрүндү. Өзү тиш доктур экен. Балама тааныш деп айттым. Балам барып таанышып, анан үйлөнүштү. Азыр 2 балалуу болушту.
— Ал балаңыз бул жакта жашайбы?
— Бул жакта кала турган болуп жашап жатат. Бишкектен үй алды. Жакшы жашап жатат.
— Канча небереңиз бар?
— Жакында алтынчы неберем төрөлдү. 2 уул, 4 кыз неберем бар.
— Кыргызстанга бат-бат келип турасызбы?
— Акыркы 5 жылдан бери бат-бат келем.
— Бул жакта иш кылып көрүүгө аракет кылган жоксузбу?
— 1992-жылдары келип бул жакта бизнес кылайын деп аракет кылдым. Түркия менен бул жактын ортосунда учак учуруп, байланыш түзгөнгө аракет кылдым. Туризм менен иш кылайын дедим. 5-6 жолу учак учурдум. Орусча тил билбей, мага тилмечтик кылгандар да жакшы иштебеди. Учак менен бул жакта сатылуучу нерселерди алып келип берчүмүн. Мен жалдаган учакта кардарлар өздөрүнө керектүү товарларды алып келмек эле. Бир жолу бир чиновник аял бул жактагы чоңдордун аялдарына чоң-чоң белек-бечкек алып, 80 кутуну учакка толтуруп коюптур. Учакты карагандарга «бул кыргызский өкмөтүнүн жүгү» деп текшерттирбей, мага билдирбей жүктөтүптүр. Эртеси Кыргызстанга келсек, менин кардарларымдын жүгү жок. Ал убакта тышкы иштер министринин орун басары Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов эле. Ал түркчө билет эле. Ошого кирдик. Ал «кардарлардын жүгүн 1 жумада алдырып берем» деди. Кардарлар болсо келип, мени менен жаңжал кылып урушту. 1 жума эмес, 3 жума өтүп кетти. Кийин башка учак менен жүктөрдү алып келип берип, болду жетет дедим.
— Өзүңүз канча тил билесиз?
— Мен пакистанча, англисче жакшы билем. Түркчө билем. Кыргызстан, казак, өзбек тилдерин да билем. Голландия тилин, немис тилин да бир аз билем. Европаны кыдыргам. Бир к везде жокчулукта, жерде жатып чоңойгон бала кийин дүйнөнү кыдырып, бийик имараттардагы үйлөрдө жашадым.
— Бир туугандарыңыз да кыргызский тилин сиздей эле жакшы билишеби?
— Мендей билишпейт. Бирок түшүнүшөт. Себеби атам дайыма кыргызча сүйлөйт эле. Мен кыргызчаны атамдан үйрөнгөм. Кыргыздыгымды таштабай, унутпай келе жатам. Кыргызга бекем байлангам.
Пакистанда 18 жашка чейин жүрдүм. Ал жакта эч бир кыргыз жок. 18 жаштан кийин Түркияга келдим. Түркияда да кыргыз жок. Түркияда өзбектер, уйгурлар бар эле. Бирок биз ал убакта өзүбүздү кыргызбыз деп жүргөн эмес элек. Баарыбыз «биз түркстандыкпыз» дейт элек. Дазбектер да «түркстандыкпыз» дечү.
Агасы Абдурашит
— Пакистандын эли кандай?
— Адамдары карапайым. Бир күн жей турган нан тапса, болду дүнүйө ошонуку болуп калат. Байлары да бар. Курс эли бүгүнкү курса обучения тойсо болду, эртеңкисин кудай берет деп жашайт. Кашмир жакта, Пакистан, кээ бир жерлеринде «түркпүз» деп жашагандар бар. Байыркы заманда Өгүз хан деген падыша өткөн.
— Өгүз хан түп атабыз да …
— Ооба. Өгүз хан падышачылык куруп Индияга чейин барыптыр. Кайтып жатканда 3 жыл Кашмирде туруп калган экен. Кашмирдин бардык жагы токой жакшы жер. Кайтып жатканда аскерлеринин кээ бирлери ошол жерде калып калыптыр. Ошолордун балдары азыр да жашап жатат. «Биз түркпүз, аталарыбыз Орто Азиядан келген» деп айтышат. Тамырын азыркыга чейин билишет. Бирок тилдери бурулуп калган.
— Пакистанда балалык чагыңыз өтүптүр, барып турасызбы?
— Пакистанда балалыгым өткөн деп эч байланган жокмун. Башта айткандай балдардан таяк жеп, үзүмдү чоочун сезип чоңойгонум үчүн баргым келбейт.
— Атаңыздын, өзүңүздүн тагдыр жөнүндө китеп жазсаңыз болчудай …
— Бир аз жаздым. Бирок жазганда кыйналам. Жаштыгымда тарткан азаптар, жаман күндөрдү эстесем … айтым го, көчөдө жатып уктаган күндөр, балдардан таяк жеген күндөр эсиме келет. Эстегенде жазгым келбейт. Балким толук жазсам китеп болуп чыгышы мүмкүн. Тарткан оор күндөрдү ойлогум келбейт. Пакистан 18 лет жакыма чейин жокчулуктан улам бут кийим кийген жокмун. Акелерим бут кийим тигет эле. Бут кийимди мага тигип берсе ачка калабыз. Пакистанда мага окшоп жылаңаяк жүргөндөр көп болчу. Ысыкта асфальт ээрип, бутуңа жармашат. Энгөй эненин кыйнаганы … Ошолор эсиме келсе кыйналып кетем. Жазгым келбейт.
— Аксакал маегиңиз үчүн рахмат.
Булак: Баракелде