Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Муундан муунга өтүп келе жаткан жеке жана үй-бүлөлүк тарых

18 апреля, 2022 г.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы «Муундан муунга өтүп келе жаткан жеке жана үй-бүлөлүк тарых» демилгесин жарыялайт.

Эгер сиздин жеке тарыхыңыз, күндөлүк, ата-бабаларыңыздын тарыхы, чоң-ата, чоң-энеңиздин, үй-бүлөңүздүн, айыл же шаарыңыздын көмускөдө айтылбаган, эстен кеткис окуялары болсо — бул долбоор сиз үчүн.

Жеке жана үй-бүлөлүк тагдырларлардын, ооздон-оозго, муундан-муунга өткөн эскерүүлөрдүн биргелешкен жыйнагын чогултабыз. Оозеки тарыхта, үй-бүлөдө сакталып калган карапайым адамдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн тагдырын эскерүүнү жана кийинки муундарга сактап калууну максат кылуудабыз.

Бул демилгеде ар түрдүү форматтагы тагдырларды кабыл алабыз: эссе, аңгеме, кыска китеп жана башка варианттарда.

Көлөмү сиз тандаган форматка жараша болот. Ар түрдүү ийгиликтерден, трагедиялардан, күнүмдүк турмуштан, из калтырган: достук жана конфликттер, миграция жана эмиграция, репрессиялар жана депортация сыяктуу окуялардын тарыхын жана эс тутумун чагылдыруу үчүн жеке жана үй-бүлөлүк тагдырлардын архивин түзөбүз.

Жеке тарыхыңызды esimdekg@gmail.com электрондук дарегине же Жукеева-Пудовкина 44/1 (4-кабат) жөнөтүңүз.

Суроолор болсо esimdekg@gmail.com электрондук дарегине кайрылыңыз. Сүрөт үчүн Жаныбек Такырбашевдердин үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдиребиз.

Опубликовано в разделах: important, Кулактандыруу жана программалар