Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Немономиф»  журналы авторлорду 2023-жылдагы журналдын  бешинчи санына макала берүүгө чакырат.

8 декабря, 2022 г.

Бешинчи чыгарылыштын тематикасы: «Эс тутум инфраструктуралары: адамдар, мамилелер жана убакыттар».

Немономиф журналы анын сандарына бардык тараптан толук ачыктык мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул журнал  2019-жылдан бери Эсимде командасы тарабынан Бишкекте чыгарылат. Журнал эс тутумдун социалдык, маданий жана саясий аспектилерин талкуулоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн. Немономиф – бул эс тутумду түшүнүүнүн, чагылдыруунун жана изилдөөнүн ар кандай практикаларын камтыган ортомчу мейкиндиктин метафорасы. Журнал авторлордун ар кыл чөйрөсүнө жаңы идеяларды чагылдыруу жана талкуулоо үчүн мейкиндикти сунуштайт.

Журналдын бешинчи саны инфраструктуралык объектилерге – жолдорго, каналдарга, космодромдорго, эстеликтерге, кинотеатрларга, мектеп имараттарына же ата-энелер отургузган бактарга арналган. Бул объекттер аркылуу авторлор өткөндү жана ар кандай деңгээлдеги эс тутум саясатын чагылдырууга чакырылат. Редакция инфраструктураны өзүн же адамдардын кеңири катмарын түшүнүүгө тартуу объектилери катары талдоого кызыкдар.

Кызыккан авторлорду 2022-жылдын 20-декабрына чейин кыргыз, орус же англис тилдериндеги 300 сөзгө чейин тезистерин бешинчи чыгарылыштын редактору Асел Мурзакулова: aselmurza@gmail.com дарегине  жана журналдын координатору Гүлзат Алакөзгө жөнөтүүнү сунуштайбыз: esimde.gulzat@gmail.com

Авторлор 2022-жылдын 25-декабрында макалалары кабыл алынгандыгы тууралуу кабарланат. 2500 сөздөн турган макаланын толук тексти 2023-жылдын 25-январына чейин берилиши керек.