Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Кыргызстанды Европага тааныткан Элла Майяр

21 декабря, 2022 г.

Швейцариянын тоолорунда туулуп-өсүп, тоолуу Кыргызстанды Европага тааныткан Элла Майяр.

Өткөн кылымдын 20-жылдарында Берлинде кокусунан бир кыргызга жоолугуп калып, анын кеңеши менен, чоң тобокелдикке салып, Кыргызстанга жашыруун келип кеткен Элла Майяр биздин ошол мезгилдеги тарыхыбыз жөнүдө эч бир архивде жок маалыматтар менен сүрөттөрдү топтогон.

Кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып жаткан кыргыздар, соттолуп жаткан басмачылар… Элла Майяр болбосо бул окуялар чагылдырылган сүрөттөр болмок эмес. Элла Майяр Кыргызстан тууралуу мындан 90 жыл мурда жазган китебин таап, аны кыргызчага которгон Нуралы Турганбаевдин интервьюсу «Эсимде» телеберүүсүндө.

Опубликовано в разделах: ТВ көрсөтүүлөрү