Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Эсимде ТВ: 90 жыл мурда Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздарды изилдөө экспедиция

22 декабря, 2022 г.

Эсимде изилдөө аянтчасы XX кылымдын 30-жыладында “кулакка” тартылып, Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган саясий куугунтуктун курмандыктарын изилдөө максаты менен Украинада сапарда болду.

“Эсимде” аянтчасы бул теманын үстүндө эки жылдан бери иштеп келет. 2020-жылы “Кулакка тартуу саясаты жана адам” аттуу биографиялык жыйнак жарыяланган. Бул жыйнак Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган адамдардын тагдырын изилдөөгө багытталган. Жыйнакта Украин ССРине депортацияланып, “эл душмандары” деп жарыяланган үй-бүлө тагдырлары чогултулду. Жыйнак сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү жана архивдик булактардан алынгна материалдарды камтыды. Жыйнакты шилтеме аркылуу жүктөп алуу мүмкүн https://kg.esimde.org/archives/1359.

“Эсимде” эки жылдан бери 30-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинага депортациялангандар боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. 23 айдын ичинде эки өлкөдөн (Кыргызстан жана Украина) материалдар чогултулду. Бул мезгилдин ичинде 50дөн ашык интервьюлар жыйналды. Бизге бүгүнкү күндө 18 адам Украинага депортацияланган жакындары тууралуу маалымат сурап кайрылышкан.

Опубликовано в разделах: ТВ көрсөтүүлөрү