Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Саясий куугунтуктан жапа чеккендерди реаблитациялоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси

25 декабря, 2022 г.

“Эсимде[1]” изилдөө аянтчасы “Полис Азия[2]” Аналитикалык борбору менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө демилгени колдойт жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр.

XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган бул долбоор азыркы күндө өтө актуалдуу жана өз учурунда көтөрүлүп жатат. Мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылган бейкүнөө адамдардын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө коомдун аң сезиминде жана мамлекеттик практикада адам өмүрүнүн, эркиндигинин жана демократиянын баалуулуктарынын тамыр жайылуусуна өбөлгө түзөт. Жарандын жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин урматтаган адилеттүү мамлекетти курууга багытталган бул демилгени ар тараптан колдоого даярбыз.

“Эсимде” изилдөө аянтчасынын бул багыттагы негизги милдети көмүскөдө калган окуялар тууралуу тарыхый чындыкты калыбына келтирүү жана массалык репрессиянын курмандыктарын актоого түрткү берүү. Ошол себептен, реабилитациялоо боюнча комиссиянын жекече курамына “Эсимде” көз карандысыз изилдөө борборунун өкүлдөрү дагы катышуусун өтүнөбүз.

Мыйзам долбоору 2022-жылдын 22-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Акаев, Шакиев Н.Т., Султанбекова Ч.А., Самыйкожо М.М.

Кененирээк:

http://kenesh.kg/ky/article/show/9870/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-22-dekabrya-2022-goda-vinositsya-proekt-zakona-o-vnesenii-izmeneniy-v-nekotorie-zakonodatelynie-akti-kirgizskoy-respubliki-o-pravah-i-garantiyah-reabilitirovannih-grazhdan-postradavshih-v-rezulytate-repressiy-za-politicheskie-i-religioznie-ubezhdeniya-po-sotsialynim-natsionalynim-i-drugim-priznakam-o-natsionalynom-arhivnom-fonde-kirgizskoy-respubliki


[1] Тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча изилдөө борбору.

[2] “Полис Азия” Аналитикалык  борбору Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык, саясий, экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү эксперттердин башын бириктирип, аналитикалык документтерди, стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгууда, ар түрдүү тармактарда, анын ичинде болжолдоодо изилдөөлөрдү жүргүзүүдө эксперттик, аналитикалык, консультациялык кызматтарды көрсөтөт.

Опубликовано в разделах: important, Талкуу