Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Репрессия курмандыгы Жусуп Кангельдиев

13 ноября, 2018 г.

Г.К. Абдалиева           

Ачкыч сөздөр: эс журт которуу, репрессия, аргасыз из жашыруу.

XX кылымдын башында тоталитаризмдин саясатынын катаал капшабына кабылып, бийликтердин бардык жакшы-жаман таасирин   башынан кечирген инсандардын тагдыры кыргыз элинин трагедиялуу тарых барактары болуп калышкан. Арийне, тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү  бул мезгилдин талабы экендиги анык.

     Эс тутумдун негизинде  Жусуп Кангелдиевдин трагедиялуу тагдыры, совет доорундагы саясий ишмердүүлүгүнө жана басып өткөн жолуна  сарасеп салмакчыбыз. Жусуп Кангелдивдин баласы Эрнест Юсуповичтин автобиографиялык эскерүүлөрү макаланы жазууда негизи булак катары колдонулду.

     «Полис Азия» аналитикалык борбору 2017-жылы «Өз тарыхыӊды кайрадан карап чыгуу. Эсимде» долбоорун ишке ашырууга киришкен. Проектинин негизинде «Адамдын тагдыры. Кыргызстан –XX кылым» — аталыштагы эскерүүлөрдүн, үй-бүлөлүк тарыхтын жана эсселердин конкурсун жарыялаган эле. Долбоордун катышуучуларынын бири катары менин электрондук дарегиме репрессия  курмандыктарынын бири Жусуп Кангельдиевдин (Кангельдиев Усубакун, Кангельдинов Юсупа-Юсуф-Юсуб, Кангельдиев Усубакун) баласы Москва шаарынын тургуну, Егошкин Эрнст Юсуповичтин атасы боюнча жазылган эссеси менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдым. Жусуптун баласы Егошкин Эрнст Юсуповичдин эскерүүлөрүндө: “Чоӊ атам Кангельди Ысык-Көлдөгү  кадырлуу адамдардын бири болгон. Кангелди 1916-жылдагы Орусия империясына каршы көтөрүлүштүн активдүү катышуучусу болгон. Кангельдинин баласы Жусуп Кашат айылында (Темировкада) 1900-жылы туулган.

    Атам Ташкент шаарына окууга жиберилген. Түркестандагы саясий оор мезгилде  Ташкент шаарында окуп, саясий көз карашы калыптана баштаган. Кыргыз жерине келип, совет бийлигин орнотууга өз салымын кошо баштаган. Каракол  уездик кантонунун төрагасы болуп шайланган  о.э уездин ГПУ бөлүмүнүн начальниктин милдетин аткаруучу, уездин юстиция башкармасын жетектеген жана чек ара отрядынын командири кызматтарын аркалаган. Ысык-Көлдө совет бийлигин орнотуу үчүн активдүү иш аракетин жүргүзгөн. Басмачыларга каршы күрөштө көрсөткөн каармандыгы үчүн «Юсупга – эрдиги  үчүн» — деп,  чегилип жазылган күмүш пластина менен капталган жеке пистолет жана   кылыч менен сыйланган» — деп, Эрнест Юсупович  өзүнүн «Мезгил жана адамзат» аттуу эскерүүсүндө жазат.

    Жусуп Каньгелдиевдин жубайы  Егошкина Зинаида Федоровна, 1907-жылы Пенза губерниясында Самудуровка кыштагында туулган. Зинаида Федоровнанын ата-энеси 1910-жылдары Жыргалан дарыясынын оӊ жагындагы Отрадное кыштагына келип, отуракташат. Бала кезинде Зинаида Отрадное кыштагында чиркөө мектебинен билим алып, 1924-жылы училищага тапшырып,  «педагогикалык” билим алып чыгат. Алгач Григорьевкада, андан соӊ Челпекте мугалим болуп иштеп жүргөн  мезгилинде Жусуп менен таанышып, баш кошушат.

    Бул макалада эмне үчүн Жусуп Кангельдиевдин тагдырына кайрылууну туура көрдүм. Анткени айтылуу Казыбек казалчы жана Акчубак көтөрүлүшү боюнча иликтөө материалдарын топтоп жүрүп, анын казалдарынан Кангелди уулу Жусупту ары акылман, билимдүү инсан катары сыпаттап жазганы мени таӊ калтырды. Казыбек менен Жусуп Кангелдиев турмуштагы кандай жагдайдын негизинде тагдырлары  бир жолдо кездешти деген суроо да туулбай койбойт?

Оренбурга айдалганда

    Албетте, ал мезгилде совет мамлекетинин коллективдештирүү саясатынын негизинде кулакка тартуу, үй-мүлкүн тартып алуу, көпчүлүк учурда – аларды жок кылуу түшүнүгү менен байланышкандыгы белгилүү. Ошентип, 1929-жылдын 5-февралында Советская Киргизия газетасына Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин жана Элдик комиссарлар советитнин токтому басылып чыккан. Анда: «Советтик түзүлүшкө каршы турган бай-манаптардын карапайым калкка болгон таасирин жоготуу максатында, Нарын, Каракол, Талас кантонунда жана Ош округунда Кыргыз АССРиндеги ири бай-манаптарды кулакка тартып, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоо маселеси каралган[1].

     Аталган токтомдун негизинде Кыргызстандын аймагынан 44 бай-манаптын үй-бүлө мүчөлөрү менен 319 адам айдалат. Алардын арасында Кангелдинин үй-бүлөсү да айдалат. Казыбек казалчынын «Айдалган 44 манап жөнүндө[2]» аттуу чыгармасында:

Жусуп Кангелдиев жубайы Егошкина Зинаида Федоровна менен

Ичинде жүрөт бир бала

Илбериӊки баарыдан,

Кангелдинин Жусуп дейт,

Карылар айтат түзүк – дейт,

Тобокелчил эр экен,

Топко тийчү неме экен.

          Кадырлашкан тууганга

         Карааны катуу бел экен.

          Кайгырып эч бир кейибейт,

         Кандай да болсо – мейли дейт

          Аман жүрсө бечера

          Азаматтын бири экен

– деген ыр саптары кездешет.

   Казыбек казалчы жазгандай Кангелди уулу Жусуп (Усубакун) Оренбургда  жүргөндө бир нече арыз менен Москвага чейин кайрылышкан. Ал арыздарды Кангелди уулу Жусуп (Усубакун) манаптарга жазып бергендигин Казыбек казалчы ырларында тастыктайт:

Кат-калеми колунда,

Кайраты бары боюнда,

Кадырлап кызмат кылгандай

Карыптардын жолунда – деп белгилейт[3].

   Чындыгында эле, КР Борбордук  мамлекеттик архивиндеги 21-фондунун №4 описинин №16  ишинде  1929-жылдары манаптардын атынан  жазылган  арыздардын топтому сакталган. Аталган фондо Каракол кантонунун Темировка айылынан айдалган, Оренбург шаарынын Ленин көчөсүнүн № 107 үйдүн жашоочусу  Каньгелдинов Юсуптун[4] СССРдин  Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Михаил Иванович Калининге 1929-жылы 17-июнда жазылган өтүнүчү сакталып турат. Ал арызында жазыксыз Оренбурга айдалганын жана 1918-жылдан 1924-жылдардын аралыгында совет бийлигин орнотууда ар кандай кызматтарды өтөгөндүгүн жазып, 1924-1925-жылдары Ташкент шаарында Борбордук улуттук Орто Азия элдерин өз алдынча мамлекеттерге бөлүү боюнча Улуттук комиссиясында иш аркалагандыгын белгилейт. Демек, Жусуп Кангелдиев (Кангелдинов) Кара-Кыргыз автономиялык областынын түптөөчүлөрдүн катарына кошсок да, жаӊылышпасак керек деп ойлойм.

    Андан башка аталган арыздардын ичинде Исабеков Байгазы[5], Байгазиев Чериктин[6], Ибрагим Токтогулов, Касымкул Токтогулович Канаев[7] жана 30 манаптын  ошондой эле, 189 адамдын коллективдүү арыздары[8]кездешет. Бул аталган арыздарга Жусуп Кангелдиев жазып бериши да, ыктымал экендигин белгилеп кетмекчибиз. Анткени, жогоруда белгилегендей каарманыбыз мезгилинин билимдүү инсандардын бири болгон. Архив маалыматтарынан Жусуп Кангелдиев боюнча бир аз маалымат алганыным менен анын кийинки тагдыры изилдөөчү катары мени кызыктырбай койгон жок. Ошентип, Жусуп Кангелдиевдин саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу  маалыматтарды Ысык-Көл мамлекеттик архивинен  “Саясий репрессиянын курмандыктары” аттуу архивдик фондунун №964 номурунда, анын НКВДнын түзгөн карточкасы[9]  сакталган. Бул аталган карточкада  Жусуп Кангелдиевге тиешелүү документтердин[10], анын  жазаган докладдарынын токтомдордун көчүрмөсүнүн топтомдору[11] жыйналган материалдар[12] менен таанышкандыгымда Оренбургдан Кыргызстанга кайтып келгенби, деген собол туулду? Анткени  1929-жылы Оренбурга айдалгандан тартып, архив маалыматтарында Жусуп Кангелдиевге байланышкан документтерди жолуктура албадым.

Кара-Калпак АССРиндеги  Турткуль шаарында

     Ошентип, Эрнст Юсуповичтин эскерүүлөрүнөн гана Жусуп Кангелдиевдин кийинки тагдыры белгилүү болду. Ал Оренбург шаарында жүргөндө Өзбек ССРинин Наркомпростун бир кызматкери менен таанышып калып, Кара-Калпак АССРиндеги  Турткуль шаарына чакырылат. Ал сунушту кабыл алып, үй-бүлөсү менен көчүп келип, Элдик агартуу комитетинин аппаратында иштеп калат. Бирок көп убакыт өтпөстөн аталган комитеттин орун басары кызматына дайындалган. Жусуптун эмгеги бааланып, Кара-Калпак АССРинин Жогорку советинин депутаты да, болуп шайланган (депутатский ман­дат № 110). Тилекке каршы бактылуу күндөр көпкө созулбастан, Жусуп Кангелдиевди камакка алышат.

Репрессия курмандыгы

    Жусуп Кангелдиевди Ж. Абдрахманов жана А. Орозбеков башында турган «Социал-Туран партиясынын» курамында болгон жана  совет бийлине каршы иш аракет жүргүзгөн, деп айыпташкан жана НКВД Москва шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн Жусуп Кангелдиевди  камакка алуу чечими кабыл алынган. 1938жылы 14январда Жусуп Кангелдиевди камоо боюнча токтомдо «СССРдин  территориясында англиялык тынчы катары агитациялык жана диверсиялык иш аракеттерин жүргүзгөн», деген айып тагылган. Ал эми, 17-январда 1938-жылы камакка алынгандыгы боюнча Москвага маалымдама берилген[13]. Мүмкүн Жусуп Кангелдиевдин Оренбург шаарынан  СССРдин  Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Михаил Иванович Калининге жазылган өтүнүчү себепкер болгонбу деген суроо туулбай койбойт? Анткенги, бул арызында Жусуп Кангелдиев совет бийлигин орнотууда, анын жасаган иштери жана аракеттери боюнча Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков тастыктап бере алышат[14], деп жазылган. Демек, өз колу менен жазган арызы анын тагдырына балта чабылышына бирден-бир себепкер болушу айдан-ачык.

«Эл душманынын баласы»

     Атасы камакка алынган, мезгилде 10 жаштагы Эрнесттин эскермелеринде: «1938-жылдын 14-январында       эртеӊ менен ызуу-чуудан ойгонуп кеттим. Биздин квартирабыз астын-үстү болуп, жууркандын баары аӊтарылып, китептер, дептерлердин баары жерде чачылып жатыптыр. Ал эми, апам болсо ыйлап жатты.  НКВДнын кызматкерлери күбө болууга чакырып келген, кошуналар апамды сооротунун аракетин жазап жатышты. Атамдын сыйлыкка алган жеке куралдарын да, НКВД алып кетишти. Атам камакка алынгандан кийин жашап жаткан үйүбүздөн кууп чыгып, коммуналдык квартирага жайгаштырышты. Ал эми, эртеси мен олтурган партада «Эл душманынын баласы» деген жазуу пайда болду.

     Апам  Зинаида Федоровна атамдын камалышын чоӊ жаӊылыштык катары эсептеп, атама түрмөгө барып жүрдүк. Эки-үч айдан кийин экинчи келбегиле, атаӊар Фрунзеге  айдалып кетти – деп жооп беришти» — деп  белгилейт.

    1938-1939-жылдарынын кыш айларында Зинаида Федоровнаны да, камакка алынышы мүмкүн экендиги достору эскертишип, тезирээк  из жашыруу керектигин белгилешет. 1939-жылы Зинаида Федоровна Башкыр АССРиндеги «Юматово»  санаториясына билет алып, андан ары Кыргызстанга  Отрадное кыштагына көчүп келишет. Ошентип,  «эл душманын жубайы» катары Зинаида Федоровна жана баласы Эрнест канчалаган азап тозокту башынан кечиришет. «Эл душманы»  деген жарлык аларга бекем тагылат.  НКВД  узун укуругу  алыскы Отрадное кыштагына жетип, Зинаида Федоровнаны эчен жолу  РайОНОго чакырышып, «эл душманынын жубайына» «келечектеги коммунизмди куруучуларга» балдарыбызды тарбиялоого ишенбейбиз деп, мектептен жумуштан чыгарылган. Кийин Пржевальск шаарында билим берүү тармагында эмгектенип, балдарга таалим-тарбия бергенине карабастан, берилүүчү сыйлыктардан куру жалак калтырылган жана  куугунтуктоолор улана бергендиги байкалат.

    Ошондуктан, Эрнест фамилиясын өзгөртүүгө туура келип, энесинин  ата-тегин алууга аргасыз болот. Бирок, ага карабастан ВЛКСМга мүчө болуу Эрнестке кыйынчылык туудурган. Орто мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвага Чыгыш таануу институтунун түрк факультетине тапшырат, бирок Эрнесттин «эл душманынын баласы» экендиги аныкталып, документтерин кайра кайрып беришет. Жусуп Кангелдиевдин баласы Эрнест Москва шаарындагы С. Орджоникидзе атындагы Геологиялык институтка кабыл алынып, аны ийгиликтүү аяктайт жана үзүрлүү эмгеги менен бааланат.

     Эрнест Юсупович  Егошкин сыяктуу оор тагдырды улуу жазуучучубуз Чыӊгыз Айтматов, Сооронбай Жусуев, Алым Токтомушев, Эрнис Турсунов ж.б. кыргыздын  белгилүү инсандары  башынан кечиришкен[15].

          Жыйынтыктап айтканда, бир үй-бүлөнүн тагдыры совет бийлигинин саясатынын негизинде алган психологилык жаракаты алардын турмуш жолунда нечен тоскоолдуктарды жараткандыгы белгилүү. Жусуп Кангелдиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн азаптуу тагдыры тоталитардык бийликтин запкысы. Саясий ишмер Жусуп Кангелдиевдин  басып өткөн жолу жана анын жеке тагдыры келечекте жаӊы иликтөөлөр менен толукталмакчы демекчибиз.

Колдонулган адабияттар

  1. Абдрахманов Ю. Избранные труды. Б.2001.
  2. Т. Абдырахманов., Г. Абдалиева. Эркиндик, теӊдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана «Үркүндөр». Б.2016.
  3. А. Ассманн Существует ли глобальная память о Холокосте? Расширение и границы нового сообщества памяти// Историческая экспертиза. 2017.№4. С.9-30.
  4. Э.Ю. Егошкин. Времена и люди — субъективный взгляд. История жизни представителей пяти поколений двух семей. М.2012. С.5
  5. Казыбек/ түз. С.Мусаев. Б.2007. С.69.
  6. КР БМА ф.21.Оп.4.Д.16.19б.
  7. КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 1-5б.
  8. КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 55-59.
  9. КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 25-29б.
  10. КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.39-41б.
  11. . КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.51-52б.
  12. Коллективизация как это было// Правда.1988. 16-сентябрь.
  13. А.Б. Мартиросян. Сталин и репрессии 1920-1930-х годов. М.2007.
  14. Советская деревня глазами ОГПУ-НКВД т.3. 1930-1934. Книга.1. 1930-1931. Документы и материалы. М.2003.
  15. Травма пункты// под ред. С. Ушакина и Е. Трубиной. Москва: НЛО, 2009.С.7.
  16. В.П. Панов. Это было, было. М.1990. С.12
  17. Петр Кокайсл., Амрбек Усманов. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен (ХХ кылымдан башы). Б.2014. 198.
  18. Өз тарыхыӊды кайрадан карап чыгуу. Эсимде. https://esimde.org/
  19. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1100.оп.1.Д.4.Л.56.
  20. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф. 53. Оп.2. Д.4. Л.62.
  21. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д.286. Л.106.
  22. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д.88. Л.49.
  23. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д. 162.Л.5.
  24. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д. 169.Л.24.

[1] КР БМА ф.21.Оп.4.Д.16.19б.

[2] Казыбек/ түз. С.Мусаев. Б.2007. С.69.

[3] Казыбек/ түз. С.Мусаев. Б.2007. С.65.

[4] КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 1-5б.

[5] КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 55-59.

  1. КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 25-29б.
  2. КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.39-41б.

6 . КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.51-52б.

7.ЫК ОМА ф.1100.Оп. 1.Д. 4. Л. 56.

  1. Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1100.оп.1.Д.4.Л.56.

9.Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф. 53. Оп.2. Д.4. Л.62.

10.Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д.286. Л.106.

11.Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д.88. Л.49.

12.Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви ф.1. оп.5. Д. 162.Л.5.

[13] Э.Ю. Егошкин. ВРЕМЕНА И ЛЮДИ — СУБЪЕКТИВНЫЙ ВЗГЛЯД. История жизни представителей пяти поколений двух семей. М.2012. С.5.

[14] КР БМА ф.21. Оп.4. Оп.4.Д.16. 29б.

 Г.К. Абдалиева

т.и.к., доцент,

И.Арабаев атындагы КМУнун

М.Рахимова атындагы

КДжБЖ институту,

Бишкек, Кыргызстан

Email: gulzadaabdalieva@gmail.com.

 

Опубликовано в разделах: Адамдар жөнүндө