Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Эс тутум өткөөлүндө» Эсимде III Эл аралык конференциясынын жыйынтыктары.

5 мая, 2023 г.

«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы Эсимде III «Эс тутум өткөөлүндө» үчүнчү Эл аралык конференциясын 2023-жылдын 17-19-мартында Бишкектеги Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөрдү.


Конференция «12» жана «Эс тутум өткөөлдөрү» деген көргөзмөлөр менен, ошондой эле “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” даректүү тасманы көрсөтүү менен коштолду.

Буга чейинки конференциялар «Эс тутум тилин издөө» деген аталышта 2018-жылы, «Маңкурттун түшү» деген аталыш менен 2020-жылы өткөн. 2023-жылдагы конференция эс тутум жана деколониялаштыруу түшүнүктөрүнүн концептуалдык алкагында «Эс тутум өткөөлүндө» деген аталышта өттү.

Биз алдыбызга койгон максат — ар башка өлкөлөрдөн, тармактардан, позициялардан чыккан үндөр угулган мейкендик түзүу, жана өткөн чак менен азыркы учур тууралуу коллективдүү талкуу, ой жүгүртүү максатында биригиүү. Үч күн бою, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер өздөрүнүн билдирүүлөрүн жасап, панелдик дискуссияларга катышып жатышты. 

Тематикалык багыттар алты панелге бөлүнгөн. Биринчи панель – «Эс тутум жана тарых» деген аталышта болуп, тарых менен эс тутумдун катыштыгы, эс тутум маданияты жана бул процесстеги коомдун орду тууралуу суроолор талкууланды.

«Тарых менен эс тутумдун объектиси бир болсо дагы, көп учурда ал экөө ар башка нерселерге басым жасашат. Эс тутум маданиятын түзүүдө, өткөн мезгил азыркы учурга жөнөткөн ойлор менен асыл нарктарга салыштырмалуу, өткөн чактын өзү анчалык маанилүү фактор эмес»

Альвидас Никжентайтис, Литва тарыхы институтунун жетекчиси

Маалымат эркиндигин өнүктүрүү институтунун Грузиядагы өкүлү Антон Ватчарадзе «Грузиядагы стратегиялык унутчаактык жана коом менен бийликтин ортосундагы эс тутум боюнча талаш» деген доклад жасап, анда азыркы Грузиядагы коомдук уюмдардын пикиринин маанилүүлүгү жана алардын үнүнүн начарлап калганы тууралуу айтып берди.

Азыркы учурдагы эс тутумдун негизги аспектилери: бул процесске кимдер жана кандай катышып жатат, бул багытта болуп жаткан сөздөрдүн чордонунда кимдер бар, алар кандай өңүттө берилүүдө – мунун бардыгы «Эс тутумга болгон укук» деген экинчи панелдин алкагында талкууланды. Айида Кубатованын (КР УИА тарых, археология жана этнология институту) билдирүүсү кыргыз интеллигенциясы совет доорунда гана пайда болгон деген мифти жокко чыгарып, 1900-1916-жылдардагы Кыргызстандагы жадидчилик жөнүндө айтылбай келген маалыматтарды ачыкка чыгарды.

«Мемориал» Эл аралык коомунан кесиптештердин талкууга катышуусу маанилүү болду. Тынчтык Нобель сыйлыгын алган «Мемориалдын» башкармалыгынын төрагасы Ян Рачинский Россияда ВЧК-НКВД-КГБ архидеринин ачыктыгы жана архивдик документтерге сын көз караш менен мамиле кылуу керектиги жөнүндө айтып берди. Ал ошондой эле «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде сөөгү коюлган репрессия курмандыктары жөнүндө жаңы архивдик документтерди көрсөттү. «Мемориал» коомунун координатору Александра Поливанова советтик террордун курмандыктарынын тизмелеринин айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу билдирүү жасады. Анда, кимдер курмандык, кимдер желдет? Алардын бардыгы курмандыктарды эскерүүгө арналган бирдиктүү тизмеге кириши керекпи? Же эки башка тизме болушу керекпи, жана ал тизмелер кандай принцип менен түзүлүшү керек? деген татаал суроолор коюлду.

Кыргызстандын тарыхындагы аялдардын үнү жана аларга байланыштуу эс тутумга өзүнчө секция арналды. Алар – Үркүндү башынан өткөргөндөр, репрессияланып Украинага сүргүнгө айдалгандардын аялдары, манасчы аялдар. Ош шаарынын тарыхына байланыштуу олуттуу ачылыш жасаган, бирок эмгеги бааланбай калган изилдөөчү аял дагы эскерилди.

Кыргызстандын тарыхындагы аялдардын үнү жана аларга байланыштуу эс тутумга өзүнчө секция арналды. Алар – Үркүндү башынан өткөргөндөр, репрессияланып Украинага сүргүнгө айдалгандардын аялдары, манасчы аялдар. Ош шаарынын тарыхына байланыштуу олуттуу ачылыш жасаган, бирок эмгеги бааланбай калган изилдөөчү аял дагы эскерилди.

Үчүнчү панель «Эс тутум мейкиндиктери» деп аталып, ал эки бөлүктөн турду. 

«Эс тутум инфраструктурасы» секциясында антрополог жана урбанист Эмил Насритдинов Фрунзе/Бишкектин топонимикасы жөнүндө, Кульшат Медеуова (Евразиялык Улуттук университет, Казакстан, Астана) маданий ландшафттарды жаңыдан түшүнүү тууралуу айтып берди. Баткендик тарыхчы Кубанычбек Таиров Сүлүктү шаарынын өнөр жай тарыхы жөнүндө айтып берсе, Франциялык изилдөөчү Главзье Бишкектин айланасында 1950-жылдары пайда болгон көрүстөндөрүн эстетикалык жагын сөз кылды. Антрополог, картограф Талгат Джумашев Токтогул суу сактагычынын астында калган айылдар жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүштү. Секциянын соңунда, Айжан Шаршенова менен Казакстандык Зарина Адамбусинова Бишкектин тамактануучу жайларындагы советтик доорго байланыштуу ностальгиянын образдары тууралуу кызыктуу билдирүү жасашты.

Экинчи секция, коллективдүү эс тутумду калыптандырууда маанилүү роль ойногон маданий институцияларга арналды. Репрессиялангандарга арналган Ташкендеги музейдин башчысы Бахром Ирзиев саясий репрессиялардын курмандыктары жөнүндө эскерүүлөрдү сактоодогу ал музейдин мааниси тууралуу, жана анын саясий жана илимий мааниси жөнүндө айтып берди. Мейрам Кикимбаев (Евразиялык Улуттук университет, Астана, Казакстан) репрессияга кабылган дин кызматкерлеринин урпактары музей түшүнүгүн кеңейтип, мечиттерди дагы эскерүү жайларына айлантып алышканын айтып берди. Анда, бир үй-бүлөнүн эскерүүлөрү, бүтүндөй бир аймактын эскерүүсү болуп калганы дагы айтылды.

Активизм (memory activism) жана эс тутумду изилдөө – бир багытты көздөшөт, жана бул жааттагы ар кандай активисттик демилгелер конференциянын «Эс тутум жана активизм» деген төртүнчү панелинде сунушталды. Прага шаарындагы «Мемориалдын» (gulag.cz) өкүлү Штепан Черноушек Казакстандагы жана Россиядагы ГУЛАГдын бөлүмдөрү жөнүндөгү изилдөөлөрдүн негизинде тартылган тасма жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, мектептердеги окуу китептеринде советтик репрессиялар жөнүндө бир дагы сөз жоктугуна байланыштуу, атайын китеп басып чыгарганын кабарлады.

Деколонизация, конференциянын концептуалдык алкагы болуп калды, эс тутум болсо – анын башкы куралы. «Маңкурттун түшү. Пост/де/ре: колониалдуулук жөнүндөгү дискуссиялар» деген панель өткөнгө жана учур чакка байланыштуу ой тологоолордогу ар кыл ыкмалар менен көз караштардын башын кошту. Анда жасалган ар бир билдирүү – өз алдынча дискуссияга тема болчудай. Ошентсе дагы, аларды бириктирүү – ар башка пикирлерди угуп жана алардын тереңдиги менен масштабын сезүү үчүн маанилуу болду. Мадина Тлостанованын сөзү (деколониалдык изилдөөчү жарна жазуучу, Линчёпинг Университети, Швеция) бул панелдин контекстин аныктап берди. Ал «Деколониальность: между «бродячим понятием» и реляционной онто-эпистемологической политической позицией» деген билдирүү менен чыкты. Кыргыз тарыхын изилдеген Элери Битикчи «Седентаризм и советская историография степи» деген аталыштагы билдирүү жасады. Битикчинин аныктамасында, деколониялаштыруунун кучагы кеңири: билимдердин иерархиясынан жана көргөзмө этнографиялык салттуулуктан баштап, дүйнөнүн борборунда адам баласы турат деген түшүнүктөн арылууга чейин.

Академиялык чөйрөдөгү билимдин иерархиясын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө Эрика Марат (Коргонуу Улуттук универститети, Вашингтон, АКШ) жана Ботакоз Касымбекова (Базель Университети, Швейцария) айтышты. Алар, Россиянын империялык айыпсыздыгын сын көз караш менен карап чыгуу керектигин белгилешти. Аларга үндөш билдирүү менен Рано Тураева (Людвиг Максимилиан Универститети, Германия) дагы чыкты. Ал, ар түрдүү академиялык, анын ичинде эл аралык институттарда билим иерархиясын сындоо жөнүндө сөз кылды.

Асел Дөөлөткелдиева (ZOiS уюмуна чакырылган изилдөөчү, Германия) менен Асел Тутумлу (Жакынкы Чыгыш Универститети, Түндүк Кипр) өз изилдөөлөрүн сунуштап, саясат таануу илиминин ыкмалары аркылуу колониалдуулук менен бийликтин авторитаризми ортосундагы түз катыштыкты аныктоо жөнүндө баяндашты.

Күнүмдүк тажрыйбаларды деколониялык көз караш аркылуу изилдөө жөнүндө Серик Бейсембаев (PaperLab изилдөө борборуну, Астана, Казакстан) баяндады. Ал, 30 жылдык көз карандысыздыкты казакстандыктар кандай кабылдай турганын айтып берди.

КР УИА илимий кызматкери Азамат Алагөз «кыргыз» исламынын пайда боло баштаган өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеп салды.

«Эс тутумдун визуалдык чагылдырылышы» деген алтынчы панелде деколониалдык процесстер жөнүндө сөз уланып, көркөм өнөр практикаларында эс тутум менен иштөө ыкмалары каралды. Талкуу советтик мурастарга кандай мамиле кылуу керек деген суроодон башталды. Совет доорунда ченемдер таңууланып, культ катары өтө ардакталып келгенин эске алуу менен ал мурастар менен байланыш түзүү, жалпысынан эле кандай мамиле кылуу керектиги талкууланды. Ал арада, учурдагы искусствонун формалары «салттуу», «архаикалык», «декоративдик-колдонмо» деген кууш алкактарга камалып калган. Искусство таануучу Гамал Бөкөнбаев, Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги «Акындар» деген сүрөттүн мисалында совет мезгилинин визуалдык эс тутумун ревизия кылууну сунуштады. Куратор Наталья Андрианова, айкелчи Ольга Мануилованын эмгектеринин мисалында Советтик Кыргызстандагы антикалык өнөр жөнүндө ой толгоолору менен бөлүштү. Совет доорунда таанылбай калган сүрөтчү аялдар жөнүндө изилдөөчү Диана Ухина айтып берди.

Сүрөткер жана педагогдор Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиев постсоветтик мезгилдеги турмушту чагылдырган чыгармаларын сунуштатшты. Сүрөтчү Жазгүл Мадазимова миграция, энеге болгон кусалык, мекен жана тил темаларын визуалдаштырган эмгектерин көрсөттү. Диана Рахманова Тажикстандагы жарандык согуш жөнүндө эс тутум маселесине арналган чыгармаларын тартуулады.

«Биз коркобуз. Биз адеп, ченем, иерархия деген нерселерди бузгандан коркобуз. Өзүбүздүн изилдөөлөрүбүз менен кимдир бирөөлөрдү таарынтып калгандан коркобуз. Эстеп эскерүү үчүн биз коркуу сезимибизди жеңишибиз керек. Бирөөнү таарынтып алуудан коркпой, өзүбүз дагы таарынбашыбыз керек»

Гамал Бөкөнбаев, искусство таануучу

Конференциянын коноктору «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болушуп, 1938-жылы репрессияга кабылгандарды эскерип, гүл коюшту. Кыргызстандын башкы мемориалынын тарыхын Болот Абдрахманов айтып берди. Учурда ардактуу эс алуудагы УКМКнын полковниги, 30 жыл мурда Бишкектен алыс эмес жердеги айыпсыз атылгандардын мүрзөсүн тапкан. Болот Абдрахманов, сталиндик репрессияга кабылгандар жөнүндө маалымттар жазылган 10 томдук архив материалдарын өз каражатына басып чыгарган. Конференциянын ардактуу конокторунун бири Ян Рачинскийди Болот Абдрахманов коштоп жүрдү. 

Эсимде III. «Эс тутум өткөөлүндө» Конференциясы чоң кызыгууну жаратты. Анын өзгөчө маанилүүлүгү – учурда болуп жаткан процесстерге байланыштуу жаңыча ой тологоо маселесине арналганында. 2022-жыл – ачык айтууга тыюу салынган көйгөлөрдү ачыктады, дүйнө абдан баёо абалда экенин көрсөттү, эс тутум согуштары кайрадан жанданды, жана бул өңүттө, азыр дүйнөдө эмне болуп жатканын терең түшүнүү зарылчылыгы пайда болду. Конференциядагы ой толгоолор кийинки дискуссиялар менен изилдөөлөргө түрткү берди. Конференциянын жыйынтыктары боюнча макалалар басылып чыгат.

Опубликовано в разделах: Жазма, Конференция, Конференция