Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Кыргызстандагы «кулакка тартуу» же бай-манаптарды тап катары жок кылуу саясаты. Талас кантонундагы 1929-жылдагы окуялардын мисалында.

5 июня, 2023 г.

Миржан Балыбаев

«Кулак», «кулакка тартуу» түшүнүктөрүнүн пайда болушу жана мааниси

«Кулак» деген түшүнүк 1917-жылдагы төңкөрүшкө чейин эле падышалык Орусияда пайда болгон. Бул сөз менен бай жашаган, көпчүлүк учурда өзү кара жумуш жасабай жалданма эмгекти пайдаланган, элет жергесинде сүткорлук менен пайда тапкан дыйкандарды аташкан. Падышалык Орусияда мамлекеттик бийлик өкүлдөрү дагы, падышалык режимдин каршылаштары дагы «кулактарга» карата терс пикирде болушкан. 

Буга далил – XIX-кылымда Владимир Даль жазган сөздүктөгү «кулак» деген сөз жалаң гана терс маанини туюнтушу:

«Скупец, скряга, жидомор, кремень, крепыш; || перекупщик, переторговщик, маклак, прасол, сводчик, особ. в хлебной торговле, на базарах и пристанях, сам безденежный, живёт обманом, обчётом, обмером; маяк орл. орёл, тархан тамб. варяг моск. торгаш с малыми деньжонками, ездит по деревням, скупая холст, пряжу, лён, пеньку, мерлушку, щетину, масло и пр. прасол, прах, денежный барышник, гуртовщик, скупщик и отгонщик скота; разносчик, коробейник, щепетильник, см. офеня. || Кулачить или -чничать, заниматься промыслом кулака, прасола. Мука кулачится, её кулачат. || Кулачество, кулачничество ср. занятие, промысел кулака, прасольство, перекупля, барышничество»

Андыктан, элге терең сиңип калган түшүнүк кийин большевиктер бийликке келгенден кийин дагы кеңири колдонулуп, «кулак» — таптык душман деп жарыяланган. 1918-жылдын 8-ноябрында кедей-кембагалдар комитеттеринин кеңешмесинде Владимир Ленин «кулактарга» каршы чечкиндүү күрөш жарыялайт:

 «… эгер кулактарга тийбей, аларды калтырып койсок, эгер башкалардын эмгегинин эсебинен жашагандарды жеңбесек, анда сөзсүз түрдө кайрадан падыша менен капиталисттер келишет» 

Лениндин бул сөзүнө чейин, 1918-жылдын 11-июнунда чыккан Декрет менен түзүлгөн кедей-кембагалдар комитеттери «кулактарга» каршы алгачкы аракеттерди башташкан. Азык-түлүк тартыш болуп жаткан шартта бул комитеттер нан, дан азыктарын, айыл чарба шаймандарын бөлүштүрүү менен, жана ошондой эле «кулактар» менен байлардан ашыкча азык-түлүктү тартып алуу менен алектенишкен. 

«Кулакка тартуу» саясатынын Кыргыз АССР аймагында ишке ашырылышы

«Кулакка тартуу» саясатын жүргүзүүдө, Совет бийлиги 20-жылдарда «кулактарга» карата айрым чектөөлөрдү гана колдонуп турган. Бай дыйкандардын жерлеринин, айыл чарба шаймандарынын, өндүрүш каражаттарынын бир бөлүгү, ашыкча азык-түлүгү конфискацияланып кедей-кембагалдар ортосунда бөлүштүрүлгөн. Кийин азык-түлүк салыгы киргизилген.

 1929-жылы 27-декабрында «Кулактарды тап катары жоюу» чечими жарыялангандан кийин Кыргызстандын аймагында оокаттуу дыйкандарга кирген «кулактар» массалык репрессияга кабыла баштаган. Чындыгында, Кыргызстанда кулактардын саны өтө аз болгон. 1929-жылдагы салык эсеби боюнча Кыргыз АССР аймагында жалпы дыйкан чарбалардын 1,8 пайызын түзгөн 3406 гана кулак чарбасы болгон. Бирок, жергиликтүү бийлик органдары фактыларды бурмалашып, дыйкандардын 10 пайызын кулакка тартышкан. Натыйжада, орто дыйкандардын көпчүлүгү, айрым учурда ал тургай кедей дыйкандар дагы кулакка тартылган.

Кулакка тартылгандардын бир бөлүгү сот жообуна тартылса, башка бөлүгү Кыргызстандын аймагынан тышкаркы алыскы аймактарга күч менен көчүрүлгөн. Совет бийлигинин Кулакка тартуудагы бурмаланган саясаты дыйкандардын куралдуу көтөрүлүшүнө алып келген учурлар катталган. Мисалы, Ысык-Көл, Нарын жана Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу көтөрүлүштөр. Кулакка тартуу саясатын иш жүзүнө ашырууда айыл-кыштак калкынын бир бөлүгү массалык жазалоодон жабыр тарткан.
УКМК отставкадагы полковниги Талант Разаков «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда, Талас кантонундагы кулакка тартуу саясатына каршы болгон эл көтөрүлүшкө чыгып, аны басуу учурунда 118 адам окко учуп өлгөнүн айтат [1]. 

Белгилей кете турган жагдай — Кыргызстандын аймагында «кулакка тартуу» иш-чараларын атоодо «кулак» дегендин ордуна «бай-манаптар» деген сөз колдонулганы ошол жылдардагы документтерден байкалат.

1920-жылдардагы пропагандалык мүнөздөгү плакат

Мисалы, Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Кеңешинин Төрагасы Абдрахманов кол койгон документтердин бири «Бай-манаптарды көчүрүп чыгаруу жөнүндөгү Борбордук Аткаруу Комитетинин жана Эл Комиссарлар Кеңешинин Токтомун колдонуу боюнча инструкция» деп аталат.

Бай-манаптарды көчүрүп чыгаруу жана алардын мүлкүн бөлүштүрүү иш-чаралары 1926-жылы башталып, 1929-жылы кеңири масштабдуу болгон. 

«1929-жылы 4-февралда Кыргыз АССР БАК жана Эл комиссарлар Совети Нарын, Каракол, Талас кантондорунда жана Ош округундагы өздөрүнүн мүлктүк жана коомдук таасири аркылуу айылды отурукташтырып коллективдештирүүгө жолтоо болгон өтө бай 44 кишини көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Токтомдо бай-манаптарга антисоветтик үгүттөө, уруулар ортосундагы чатакты күчөтүү, чарбаларды коллективдештирүүгө жана республиканын экономикалык, маданий өнүгүүсүнө тоскоол кылган сыяктуу күнөөлөр тагылган.
1929-жылдын февраль-март айларында Кыргызстандын Нарын, Талас, Каракол, Ош аймактарындагы 44 бай-манап чарбасы жок кылынып, мүлктөрү конфискацияланган.

Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз АССРинен 1929-жылы 44 бай-манапты көчүрүүнүн натыйжасында 2491 жылкы, 858 ири мүйүздүү мал, 193 төө, 28618 кой жана 427 гектар жер, 142 боз үй, имараттар конфискацияланган. Конфискация кылынган чарбалардын негизинде 48 колхоз уюштурулган жана аларга 15950 баш мал, 353 гектар жер бөлүштүрүлүп берилген.

Документтердин анализи бай-манаптарды кулак катары сүргүнгө айдоодо 1929-жылдын 4-февралындагы токтомдун бир топ пункттарынын эрежелери сакталбагандыгынан аша чабууларга жол берилгендигин көрсөтөт. 1929-жылы Кыргызстандан көчүрүлгөн бай-манаптар Орусиянын Оренбург шаарына айдалган.

Оренбург облустук мамлекеттик архивинен 1929-жылдын 3-январында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңеши менен Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде Кыргызстандын аймагынан чыгарылган 43 бай-манаптын үй-бүлө мүчөлөрү менен бардыгы болуп 319 адамдын айдалгандыгы тууралуу тизмеси табылды.  

1929-жылы Борбордук Аткаруу комитетинин декретинин негизинде Кыргыз АССРинин чегинен куулган бай-манаптардын тизмеси. Комитети жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети. 1929-жылдын 3-январы.

1. Игамбердиев Кангелди, с.Ибрагимова, Буртинский район

2. Тойгомбаев Рысалы, г Оренбург, Туркестанская № 42.

3. Болтобаев Жумадыль, п. Н-Черкаск, Буртинский район

4. Кулов Чакир, п. Н-Черкаск, Буртинский район

5. Матаев Кулбарат

6. Исабеков Байгазы, Көл Заукинский волост

7. Алсеитов Уку

8. Малиев Исмаил

9. Алеков Кельдыбай

10. Джакупбеков Боогачы, с.Избасаров, Буртинский район

11. Исраилов Муса-Ходжа, с.Избасаров, Буртинский район

12. Буланов Чингиш-Аджи, г.Оренбург, ул Тимирязева

13. Култаев Канат, с.Избасаров, Буртинский район

14. Кыдырбаев Калы, п.Новый Урал

15. Алымбеков Кульбутен

16. Суванбеков Калы, п.Избасаровск

17. Батаев Исенбай, п.Новый Урал

18. Дордоев Жумабай, п.Избасаровск

19. Нурузбаев Мамбетимин

20. Манеев Чертыке

21. Сасыев Нокобий, п. Карачи

22. Ишев-Мулла Нурлат

23. Джаныгулов Куламбий,

24. Ходжамбердиев Тулейке Казы, Зауральная роща, г Оренбург

25. Асанов Маткасым

26. Таджибаев Мулла Кугар

27. Койчуманов Чоноузбий

28. Ишходжаев Айдархан,г.Оренбург ул Заводская пер12

29. Шавруков Байказы, г.Оренбург. Сапожный пер 15

30. Чиндавлетов Каратай, г.Оренбург, Крестяньская № 110

31. Батырбаев Моралбай

32. Чанчаров Нарбай, г.Оренбург,Заводская пер № 12

33. Натаев Токтогул, г.Оренбург,Зауральная роща

34. Уметалиев Чокой

35. Айдаралиев Узен, г.Оренбург, п.Карачи

36. Уметалиев Узен

37. Нурманбетов Джусупбек

38. Байтыков Абдрахман

39. Тоялиев Турсунбай

40. Чойчубеков Таш-Каре

41. Алиев Худайберген

42. Садыков Акмат

43. Сарбаев Токтомамбет» [2]

Бул тизмеде Талас кантонунан сүргүнгө айдалгандардын аты-жөнү дагы бар. Таластан көчүрүлүп чыгарылган бай-манаптардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы саны 158 адам болгон. Алар 3 жылдык мөөнөткө Россиянын Оренбург округуна сүргүнгө айдалган.

Кулакка тартылып Кыргызстандын аймагынан тышкары сүргүнгө айдалганы жаткан бай-манаптар Фрунзедеги темир жол станциясында. Швейцариялык саякатчы, жазуучу Элла Майяр тарткан фото сүрөт, 1932-жыл. 

Талас областтык архивинен алынган документтерге ылайык, 1929-жылы Талас кантонунда 12 бай-манаптын мүлкү конфискацияланган:

Жылкы / бодо мал / кой.эчки / төө/ эшек / боз үй / кийиз / туш кийиз, килем,шырдак, чатыр

Байтиков Абдурахман        138           49          1748        6        —         4          24             9

Садыков Ахмат                     319           78           4214       17      7        13        44            12

Уметалиев Чакий                 116             9             943        6        —          4         24             5

Уметалиев Узен                     46             18          1538        2        1         3          8              —

Нанаев Токтогул                    102            20          999         3         —        11        35             8

Маралбаев Батырбай           79              40         1098        5        —          6         20             5

Алиев Кудайберген              225             25         1443       22       —          8         17             9

Сарыбаев Токтомамбет         48            53            722       11       1         3           3              —

Нурмамбетов Жунусбек        97            43           2256       11       5        5          14             3

Тойчубеков Ташкара               54            2              300         3        1        5          11             1

Тоялиев Турсунбай                  50            20            542         2        1        3           9              3

Айдаралиев Узен                     18             8              490         2        1        1     

Токтогул Нанаевдин үй-бүлөсүнүн кулакка тартылышы

Бай-манаптардын мүлкүн конфискациялоо жана өздөрүн Кыргызстандын аймагынан көчүрүп чыгаруу иш-чаралары чагылдырылган Талас областтык архивиндеги документтердин арасынын Токтогул Нанаевдин үй-бүлөсү тууралуу кеңири маалымат табууга болот.  

1929-жылы түзүлгөн документтерге ылайык, 1873-жылы туулган Токтогул Нанаев – Талас кантонунун Кара-Ой волостундагы № 6 айылда (азыркы Талас районунун Арал айылы) жашаган. Бай-манаптарды Кыргыз АССР аймагынан көчүрүп чыгаруу боюнча Талас кантондук комиссиясынын документтерине ылайык, Токтогул Нанаевдин үй-бүлөсүнүн курамы 17 адамдан турган. Токтогулдун үч аялынан 4 уулу, 2 кызы болгон. Улуу баласы Ибраимдин эки аялынан 1 уулу, 2 кызы, Токтогулдун экинчи уулу Исраилдин 1 кызы болгон. Токтогулдун үчүнчү уулу Касымкул бул тизме түзүлгөн учурга карата 20 жашта, бойдок болгон:

Токтогул Нанаевдин мал-мүлкүн конфискациялоо жана анын үй-бүлөсүн көчүрүп чыгаруу иш-чарасы кандай жүргүзүлгөнү Талас кантонунун Кара-Ой болуштугунун № 6 айылы боюнча бай-манаптарды көчүрүп чыгаруу жана алардын мүлкүн конфискациялоо боюнча «тройка» (комиссиянын) төрагасы Перекрёстов түзгөн докладда кеңири жазылган.
 
 Талас кантонунун Кара-Ой волостунун № 6 айылына 1929-жылдын 5-февралында келген комиссия тарабынан, атайын инструкцияга ылайык, эң оболу байды жана анын жакын туугандарын бөлүп обочолоо (изоляция) чаралары көрүлгөн. Бирок, Токтогул Нанаевдин үй-бүлө мүчөлөрү чачыранды жашгандыктан, аларды жана алардын мүлкүн камакка алуу иштери эки күнгө созулуп кеткен. Нанаевдер чогултулуп, изоляцияга алынгандан кийин, 7-февралда жергиликтүү тургундардын жалпы жыйналышы өткөрүлгөн. Жалпы жону 634 адам катышкан чогулушта, Токтогул Нанаевди көчүрүп чыгаруу чечими бир добуштан кабыл алынганы айтылат. Мындан тышкары, анын уулдары Ибраим, Исраил жана Касымкул чындыгында бир чарба болуп жашашкан, бирок салыкты аз төлөө максатында алар мал-мүлкүн өз-өзүнчө бөлүп алышкан деген чечимди дагы айылдын тургундары колдоп беришкени айтылат. 

Перекрёстовдун докладында, Токтогул Нанаев боюнча чечимди кабыл алууда элдин маанайы кандай болгону дагы жазылган. Кедей-кембагалдар менен жалчылар (батрак) Өкмөттүн чечимин дароо эле колдошкону, ал эми орто жашагандардын бир бөлүгү эки анжы болуп, Токтогулдун өзүн эмес, анын балдарын көчүрбөй калтырууга чакырышкан. Ошентсе дагы, көпчүлүк Нанаевди уулдары менен кошо көчүрүү чечмин колдогону айтылат. 

Бай-манаптарды көчүрүп чыгаруу боюнча кантондук комиссияга ар бир айылда түзүлгөн «көмөктөшүү комиссиясы» жардам берген. Кара-Ой болуштугунун № 6 айылында 15 адамдан турган көмөктөшүү комиссиясы жалаң кедей-кембагал, жалчы (батрак) жана комсомол мүчөлөрүнөн түзүлгөн.
Алгач, бул комиссияга киргендер байдын мүлкүн аныктап чыгуу иштерине анча көңүлдөнгөн эмес дейт Перекрёстов. Бирок, жыйналыштар, бетме-бет сүлөшүүлөр жана тиешелүү кысым көрсөтүлгөндөн кийин комиссия мүчөлөрү активдүү иштей башташыптыр. Айылдык кеңештин төрайымы Сарбагышева менен анын күйөөсүнүн ишине Перекрёстов канааттанбаганын жазган. Ошондой эле, айрым жергиликтүү партия мүчөлөрү байларды коргоп чыгышканы айтылат. Коммунисттик партиянын Жетиген ячейкасынын катчысы Беркиев, Нанаевдин малын жашырган Сарымсак деген кишини коргоп чыккан. 

Кантондук комиссиядагы тизме боюнча Нанаевдердге 1454 кой жана эчки, 90 жылкы, 20 бодо мал катталыптыр. 459 кой сатылып, союлуп, өлүп калганы аныкталгандан кийин 995 баш кой калганы жазылган. Андан тышкары 11 боз үйү бар деп айтылат. 

Токтогул Нанаевдин мал-мүлкү төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

— кедей-кембагалдар менен жалчыларга (батрактар) – 65 жылкы, 11 бодо мал, 538 кой.
— колхоз 15 чарбадан түзүлүп, аларга – 31 жылкы, 8 бодо, 370 кой, 3 төө берилген.
— үч айылдык кеңешке бирден жылкы, Кара-Ой агроучасткасына 1 жылкы.

16-февралда, Перекрёстов баштаган «тройка», Нанаевге таандык дагы 11 жылкы табылганын кабарлаган. 

Жалпысынан 21 398 рублге бааланган мал конфискацияланган.

Перекрёстовдун докладынын аягында, Токтогул Нанаевдин үй-бүлөсүн көчүрүп чыгарууда жергиликтүү тургундар аны узатып чыгышканы айтылат. Нанаевдерди узатууга комиссиянын айрым мүчөлөрү дагы катышкан. Ал эми, бай-манаптарды көчүрүп чыгаруу боюнча кантондук, волосттук бийликтен жана ОГПУ кызматкеринен түзүлгөн «тройканын» мүчөсүнүн бири Абдылда Сасыков ал тургай жол киреге деп Токтогулга 3 рубль берди деп жазат Перекрёстов. 

Малдан тышкары, Токтогул Нанаевдин үй-бүлөсүнүн турак-жайы, чарбалык курулуштары, айыл чарба шаймандары дагы конфискацияланган:

— 5 перс килеми, 4 туш кийиз, 6 шырдак, 7 чакан кийиз, 18 чоң кийиз, 4 тигүүчү машина, 1 жибек чапан, 11 жууркан.

Имараттар:

«Терек» деп аталган жерде:

— 1 сарай, 1 аткана
— жыгачтан курулган кампа.

— коргону бар аткана,

  Арал айылында:

— Бышкан кыштан курулган үй короосу менен,

— чийки кыштан курулган кампа

— чийки кыштан курулган аткана

— бастырма.

Чат-Базар айылында:

— Кербен сарай курулуштары менен.

Тескей деп аталган жерде:

— жыгачтан курулган чатыры жок үй,

— сокмо топурактан тургузулган аткана

— кой кармаган коргон

— 11 боз үй

— 8 ээр токум

— 1 соко

— 1 жыгач мала

Кең-Ой деген жерде:

— кой сарай коргону менен

— 10 гектардан ашуун айдоо жери

— 2,5 гектардан ашуун беде ж.б. чөп чабылган жер. 

Токтогул Нанаевдин үй-бүлөсүнө 1 боз үй, 48 кой, 1 бука, кийим тигүүчү 2 машинка, 1 ээр токум, 1 килем калтырылган. Идиш-аяк, кийим, жууркан-төшөк жана башка үй буюмдары (килемдер жана туш кийиздерден тышкары) конфискацияланган эмес.
Андан тышкары, салыктарын төлөөгө, малына тоют сатып алууга жана буга чейин малын баккан койчу-жылкычыларга эмгек акы төөлөгө деп кошумча 35 кой берилген. 

Токтогул Нанаевдин улуу баласы Ибраим жана кичүү уулу Касымкул кантондук комиссияга кат менен кайрылып, аларды көчүрүп чыгарбоону, мал-мүлкүн конфискациялабоону өтүнүшкөн. Ибраим менен Касымкул атасынан бөлүнүп өзүнчө чарба жүргүзүп жашап келишкенин айтышат.
Ибраимдин айтымында, ал 18 жашында эле атасынан бөлүнүп өз алдынча чарба күтүп, бай катары эмес, карапайым эл катары чабандарына кошулуп өзү мал кайтарып жашаганын жазган. Андыктан, мени бай-манап катары кулакка тартуу, малымды конфискациялоо туура эмес дейт Ибраим Токтогулов. 

Ушундай эле мүнөздөгү кат менен кантондук комиссияга Токтогулдун үчүнчү уулу Касымкул Нанаев дагы кайырылган. Ал атасынын колунда 7 жашына чейин тарбияланганын, андан кийин ал мектепте окуп, ошол жактын тарбиясын көбүрөөк көргөнүн жазган. Ал ата конушуна каникул учурунда гана келип турганы эле болбосо, көбүнчө окуу менен алктенгенин, бул кышта ал ооруп калгандыктан гана дарыгердин айтканы боюнча гана атасынын үйүнө келгенин айтат. 15 жашында атасынан биротоле бөлүнүп, апасы жана эки карындашы менен бирге өз алдынча чарба күтүп жашаганын жазган. 16 жашында комсомолго кирип, активист болгонун дагы баса белгилеген. Ал Токтогулдун баласы болгону үчүн эле кулакка тартылып жатканына нааразы. 

Ибраим менен Касымкул Нанаевдердин кантондук комиссияга жолдогон каттары орус тилинде айрым стилистикалык жана бир аз грамматикалык каталар менен жазылганы байкалып турат. Касымкул кичинесинен мектепте окуганын эске алганда, бул каттарды ал жазган десе болот. Анын үстүнө эки катта тең «8/II-29 г.» деген дата коюлган. Эки кат бир адамдын колу менен, жөн эле ак кагазда эмес, жазуу үчүн атайын сызыктуу дептердин барактарында жазылган. Ибраим жазган каттын аягында араб ариби менен жазылган кол тамга турат. Мындан улам, ал араб тамгалары менен гана жазганды билген десе болот.

Бирок, кантондук комиссияны Ибраим менен Касымкулдун жүйөлөрү ынандырган эмес. Токтогулдун ортончу ууру Исраил дагы ушундай өтүнүч менен кайрылып, анын суранычы дагы канааттандырылган эмес. 

Талас кантонунда бай-манаптардын мал-мүлкүн конфискациялоо иш-чараларынын жүрүшүнө байланыштуу архивдик документтердин арасында, ал иштерди аткарган комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестик болгонун чагылдырган документ кездешет. ВКП (б) (Бүткүл союздук коммунисттик партия) Талас кантондук комитетинин жооптуу катчысы Филонов, бай-манаптардын мүлкүн конфискациялоо жана аларды көчүрүп чыгаруу боюнча “тройка” төрагасы Перекрёстовго 1929-ж. 13-февралда жолдогон “секретно” деген белги коюлган катында, айрым жергиликтүү (кыргыз) кызматкерлер менен европа улутундагы кызматкерлер ортосунда тирешүүлөр болуп жатканы жазылган. “Кантондук комитет, жергиликтүү кызматкерлер менен европалыктар ортосундагы өз ара мамиледе мындан ары мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керектигине силердин көңүлүңөрдү бурат” деп айтылат кантондук комитеттин катында. Жергиликтүү жана европалык кызматкерлердин ортосундагы тирешүүдөн “жат элемент” пайдаланып кетиши мүмкүн дейт ВКП (б) Талас кантондук комитетинин жооптуу катчысы Филонов.

Токтогул Нанаевдин мал-мүлкүн конфискациялоо аяктагандан кийин, ал үй-бүлөсү менен РСФСРдин Оренбург округуна көчүрүлгөн. Ал жакка кыргыздар үч жылдык мөөнөткө гана сүргүнгө айдалгандыктан, кийин Нанаевдердин үй-бүлөсү Казакстандын азыркы Жамбыл областынын аймагындагы Мерке айылында көчүп келишкен. Токтогул ошол жакта көз жумуп жерге берилген. Анын балдары кийин Кыргызстанга кайтып келишкен.

Токтогул Нанаевдин айрым урпактарынын кийинки тагдыры


Токтогул Нанаевдин уулдарынын бири Касымкул кийин Фрунзедеги педагогикалык институтту аяктап, алгач мектепте, андан кийин жогорку окуу жайларда окутуучу болгон. Кыргыз медициналдык институтунда кыргыз тил кафедрасын негиздеп, аны жетектеген. Медик студенттер жана медицина кызматкерлери үчүн кыргыз тили окуу китебинин, орус мектептер үчүн кыргыз тили окуу китептеринин автору.

Касымкул Нанаев – жогорку катарда оңдон экинчи, 1944-ж. 

Касымкулдун улуу баласы Акматбек Нанаев (1941, Фрунзе ш. – 2000 Москва ш.) мамлекеттик, партиялык ишмер. 1992-2000-жылдары Кыргызстандын Россиядагы элчиси. Москвада 2000-жылы каза болгон. 

Касымкулдун кичүү уулу Кемелбек Нанаев (1945, Мерке – 2013, КР, Ысык-Көл обл.)
Экономика илимдеринин кандидаты. КР Улуттук банкынын төрагасы, КР финансы министри, КР Биринчи вице-премьер-министри, Кыргызстандын Россиядагы элчиси. 

Токтогул Нанаев кулакка тартылганда, анын балдарынын эң кичүүсү – кызы Мария (Мариям) 3 жашка толо элек болчу.
Мария Нанаева (1927 – 2020) – медицина илимдеринин доктору, фармаколог, Кыргызстандагы бийик тоолуу фармакология илимий мектебинин негиздөөчүсү катары эсептелет. 
Жубайы – Кайып Оторбаев (1922 – 2015), КР УИА Академиги, география илимдеринин доктору. 

Байлар гана кулакка тартылган эмес

Сыргак Сооронкулов, чарбалык ишмер, санжырачы

“Кулакка тартуу” иш-чараларынын жүрүшүндө элдик нааразычылыктар тууралуу санжырачы, чарбалык ишмер, 1931-жылы Талас кантонунда, азыркы Бакай-Ата районунда туулган Сыргак Соорокулов төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Биринчи эле көп малдуу чоң байлардын малын алышты. Биздин айылда Торгой деген аксакал бар эле, биздин тууган, 5000 кою бар болчу. Жанадил деген аксакал бар эле, андан дагы көп малы бар болчу. Ошолордукун алышты. Алардын малын тартып алуу иштерин ким аткарат?! Кедейлер аткарышат да! Ошолордун малын кайтарып жүргөн кедейлер эми бизге кезек келди деп, тарбия көрбөгөн, ошолордун колунда жүргөн, зөөкүр болуп чыгат экен да көрсө. Малдын барына кожоюн болуп чыга келишти… Ошолордун колуна тийгенден кийин, мал эмне болуп, кимге кеткени билинбей… Колхоз уюштурулуп, мал колхозго берилиши керек болчу. Же колхоз уюшулбай тополоң. Биринчи группадагы малдын барын көрүнгөндөр талап кетишти, баягы кедейлер. Колхоз уюшулбай, мал жок.
Анан экинчи группада ала турган кишилер, бага турган жерлер дайын болуп калды. Менин атам орто байлардан болгон, немистер менен жүрүп байып калган. Атам 2200 кой, 353 жылкы, 17 төө тапшырды. Жыйырмадай кой, эки бээсин калтырышыптыр атама. Ошону менен тынч эле болду, эч жакка кеткен жок. Элдин арасында 60-70 коюн бербей чатакташкандар болду. Ошол өз эрки менен малын бербегендерди кармашты, Оренбургга айдашты. Ошол бойдон келишкен жок.
Буга туура, объективдүү мамиле кылышыбыз керек. Малын берип тынч эле болушса – эч ким кетпейт эле. Каяша айтып, сөгүп чыккандарды айдашты. Эми ал байкуштар түшүнбөсө эмне кылышсын, же мектеп көрбөсө… Майда малдуулар чогулуп алышып, биримдүү болуп, “тигилердикин деле алышпадыбы, ошол жетпейби буларга, биздин биртке малды эмне кылышат” деп сөгүнүп-сагынып, уюшуп алып урушуп, Оренбургга кетти бары. Абдан бир жакшы кишилер кетти»

Унутулган жана акталбаган “кулактар”

Кулакка тартылгандарга карата бийликтин саясаты бара-бара жумшара баштайт.
1934-жылдын 24-майында чыккан СССР Борбордук аткаруу комитетинин «Мурдагы кулактардын жарандык укуктарын калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө» токтому боюнча, буга чейин жарандык укуктарынан ажыратылган “спецпоселенец” статусу бар кулактардын укуктары жеке тартипте калыбына келтириле баштаган. 

1953-жылы И. Сталин өлгөндөн кийин гана совет бийлиги “кулакка тартуу” саясатынан расмий түрдө толугу менен баш тартат. СССР Министрлер Кеңешинин 1954-жылдын 13-августундагы № 1738 – 789сс «Спецпоселенец мурдагы кулактардан чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө» токтому чыгып, сүргүнгө айдалган акыркы “кулактарга” эркиндик берилген.  

“Кулакка тартуу” саясатынан жапа чеккендер Кыргызстанда азырга чейин реабилитацияланып актала элек. 2022-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген “1918 – 1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылдын июнь айына карата кабыл алына элек. Айрым маалыматтар боюнча КР Министрлер кабинети бир катар жүйөлөрдү келтирип, бул мыйзам долбооруна макул эместигин билдирген. Өкмөттүн каршы пикирин жараткан жагдайлардын бири – репрессия курмандыктары акталса – Өкмөт аларга кенемте (компенсация) төлөөгө милдеттүү болот.  

Фотогалерея

Оренбург аймагына сүргүнгө айдалгандар. Сүрөт Оренбург шаарында 1929-30-жылдарда тартылган.
Боогачы Жакыпбек уулу жана жубайы Асел, (ортодогу) Шабдандын уулу Кемел. Оренбург. 1929-жыл. КР Борбордук мамлекеттик архиви.
Жусуп Абдрахмановдун үй-бүлөсү. Оренбург шаары, 1936-ж. “Рух кенчи” гезити.

1933-жылы Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин Төрагасы кызматынан алынгандан кийин, 1935-жылга чейин Самара шаарында Средне-Волжский крайынын жер бөлүмүнүн мал чарбачылык башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. Андан кийин, 1935 – 1937-жылдары Оренбург областтык аткаруу комитетинин жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болгон.
Жусуп Абдрахманов  1937-жылы 4-апрелде Оренбург облустук НКВДсы тарабынан Набережная көчөсү № 18 үйдөн кармалып, репрессияланганып, 1938-жылы Фрунзеде атылган.

Колдонулган маалымат булактары:

1.  Таластагы көтөрүлүш: кулакка тартуу, басмачылык жана “кызыл кыргын” https://www.azattyk.org/a/talastagy-koetoerueluesh-kulakka-tartuu-basmachylyk-zhana-kyzyl-kyrgyn-/32417323.html

2. Кыргыз тарыхынын Оренбургда калган издери https://www.azattyk.org/a/31694178.html  

3. Талас областтык мамлекеттик архивинен алынган документтер

Опубликовано в разделах: Жазма, Изилдөөлөр, Ооз эки окуялар жыйнагы