Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

НЕМОНОМИФ #6 2023. Эсимденин III Эл аралык конференциясынын материалдарынын негизиндеги атайын чыгарылыш

26 июня, 2023 г.

Журнал «Эсимде» изилдөө платформасы тарабынан
2018-жылдан бери топтолгон макалалардын көлөмүнө жараша басылып чыгат.

Ушул 2023-жылдын март айында өткөн III Эл аралык «Эс тутум өткөөлүндө» конференциясы «Эсимде» изилдөөчүлүк аянтчасынын тегерегиндеги талкуулар- дын логикалык уландысы болуп калды. Өткөндү изилдеген жана аӊдап түшүнгөн- дөрдүн чөйрөсүндө – эс тутумдун жана деколонизация процесстеринин призмасы аркылуу.

Конференция – Эсимде алектенген ишмердиктин өтө ар кыл түрлөрүн: экспе- дициялар, архивдик изилдөөлөр, медиаберүүлөр, социалдык тармактар, мек-
теп, журнал, талкуулар жана көптөгөн башка нерселерди камтыган биздин «чоӊ үй-бүлөнүн» бир бөлүгү. Бул форматтардын бардыгы Эсимденин миссиясын жана максаттарын колдойт. Дал ушинтип чоӊ кросс-регионалдык талкуу – эл аралык конференция жаралды. Анын башкы милдети – изилдөөлөр аркылуу өткөндү аӊдоонун ар кыл, анын ичинде эӊ жаӊы ыкмаларын сунуштоо максатында эстутум жөнүндө бардык үндөрдү жылына бир жолу Бишкекте чогултуу.

Эсимденин III конференциясы «Эс тутум өткөөлүндө» деп аталат. Ал эки бор- бордук түшүнүктүн: эс тутумдун жана деколонизациянын тегерегинде курулган. Бул конференциянын метафорасы Өткөөл болуп калды, анын сүрөтүн конфе-ренциянын бардык постерлеринен көрүүгө болот. Өткөөл тандоо катары. Өткөөл болжолдуу келечек же айрылыш жол катары. Өткөөл кесилишүү, алмашуу, таанышуу орду, ойлор калыптанган орун, жолоочулар жаӊы билимдерди алып, жолун уланта турган орун.

Мурунку конференциялар сыяктуу эле, бул да Эсимде командасы, тилектештер, изилдөөчүлөр, изденген жана ойлонгон адамдар үчүн көптөн күткөн окуя болуп калды. Биз конференцияны, биринчи кезекте, биз үчүн, өзүбүз үчүн уюштурдук. Биз үчүн бирге, айрым учурда ар түрдүү позициядан чогулуунун жана өткөндү, азыркыны жана келечекти аӊдап түшүнүүнүн бул мүмкүнчүлүгү маанилүү. Субъ- ектинин – адамдын, жамааттардын, мамлекеттердин позициясынан. Бүгүн, биз эгемендик деп атаган мезгилде, согуштардын жана чыр-чатактардын мезгилинде, консервативдик бурулуштардын жана колониялык практикалардын контекстинде, ар түрдүү «дүйнө картиналарын» билүүгө жана чагылдырууга иерархиялардын жана монополиялардын талкаланышынын контекстинде өзүбүздүн субъекттүүлү- гүбүздү кантип калыптандырыш керектиги жөнүндө суроолорду берүү жана жооп- торду издөө биз үчүн маанилүү.

Опубликовано в разделах: "Немономиф" журналы, Публикациялар