Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Чалбасы кыргыздары. Эсимде» даректүү тасма. С русскими суббтитрами

4 августа, 2023 г.

«Чалбасы кыргыздары. Эсимде» даректүү тасма “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева менен тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын 2020-2021-жылдары Украинада жана Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде тартылган.

“Эсимде” тобу Украинага Одесса, Киев жана Херсон аймактарына барып, архивдик жана башка материалдардан тышкары кичинесинде Чалбасы айылында кыргыз балдар менен бирге чоңоюп, кийин алар жөнүндө китеп жазган Александра Васильевна менен жолугуп сүргүнгө айдалгандар тууралуу материал чогулткан.

Тасманын режиссеру — Талант Акынбеков.

📌 Бул даректүү тасма 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүгө айдалган үй бүлө тагдырларын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат.

🔖 Бул тасмада — сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын урпактарынын баяндамалары жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды.

📌 XX кылымдын 30-жылдарынын башында Орто Азиядан кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдоо саясий да, экономикалык да максаттарды көздөгөн. Орто Азиядан кулакка тартылгандар Украинага он жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалышкан. Тасмада бул тууралуу каармандар өз тагдырлары менен бөлүшөт.

Опубликовано в разделах: Видео, ТВ көрсөтүүлөрү