Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Туткундагы эс тутум » даректүү тасма

4 августа, 2023 г.

Экинчи дүйнөлүк согуштун көлөкөсү жана муңу азыркы күнгө чейин аңдап түшүнүлө элек. Биз Жеңиш күнүндө баатырларды, жеңишти айтып сыймыктанабыз, бирок, туткунда болгон миллиондогон аскерлердин тагдырлары көмүскөдө калып келет.

Согуш туткундары азыркы күнгө чейин акталбай, дагы эле “эл душманы” болуп калууда. «Эсимде» аянтчасы согуш туткундарын бир нече жылдан бери изилдеп, жүздөгөн согуш туткундарынын тагдырларын ачыкка чыгарган Бактыгүл Акунбаева тууралуу «Туткундагы эс тутум» тасмасын көрүүгө чакырат.

Тасма Эсимде изилдөө аянтчасы жана MediaHub тарабынан дайындалды.

✔️ Көптөгөн советтик согуш туткундары фашисттик лагерлерде тозок системасынан өтүшкөн. Бирок алар өз өлкөсүндө дагы “эл душманы” деп жарыяланган. Биздин милдетибиз согушту романтизациялоо эмес, согуштун чыныгы жүзү азап, арман экенин айтуу. Согуш бул өлүм, кайгы, ый.

Опубликовано в разделах: Видео, ТВ көрсөтүүлөрү