Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Көкөйдө калган сүргүн….

14 ноября, 2023 г.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Ооба, бул сүйлөмдү сиз көп жолу уксаңыз керек. Ал эми өлкөбүздөгү улуттарды бир пазл иретинде карасак, ар бир пазлдын ары кызыктуу, ары аянычтуу тарыхы бар. Ошондой элдердин бири Кыргызстанда жашаган – түрк-месхетиндер же болбосо ахыска түрктөрү. Алар 1944-жылы 14-ноябрда Кыргызстанга депортацияланып келишкен. Бир кылымга жуук Кыргызстанда жашаган түрк-месхетин элдери бүгүн Кыргызстандын Ош,Чүй, Жала-Абад, Баткен, Талас аймактарында жашап келишет. Ал эми төмөндө Чүйдө жашаган Болот жана Ясин аталардын көзү менен алардын азаптуу турмушу баяндалмакчы. Убакыт өткөн сайын жандуу тарыхты алып жүргөн депортация күбөлөрүнүн дагы саны кескин азаюуда. Алардын оозунан чыныгы тарыхты жазып калуу – ар бир жарандын милдети. Себеби, бүгүнкү күндө дагы сүргүн өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, турмуштун айрым аспектилеринде көрүнүп келет. 

Советтердеги Сталиндик башкаруу жылдарында “депортациялар доору” башталган. Депортация сөзү латын тилинен которгондо “күчтөп көчүрүү, куугунтук, сүргүн” маанилерин берет. Башкача айтканда, жеке бир адамды, жааматты көчүрүү менен жазалоо же коопсуздук максатында жашаган жеринен башка жерге эркинен тыш белгилүү бир убакытка, же болбосо өмүр бою көчүрүү. Биз сөз кыла турган түрк-месхетиндердин депортациясы каалоосуз, мыйзамсыз түрдөгү сүргүн болуп саналат. Тарых барактарында сүргүн авторитардык мамлекеттердин саясий маселелеринде колдонулган ыкма болгон. 

СССРде Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде ондон ашуун элдер депортацияланган. Жалпысынан депортацияланган элдер “фашисттик немецтер менен күч бириктирип, өлкөгө чыккынчылык кылгандыгы үчүн”сүргүнгө айдалган деген шаблон үстөмдүк кылган. Алсак, депортация боюнча бир нече китептердин автору Бугайдын эмгектеринде жалпысынан депортацияланган элдер “коллобарцианизмге” күнөөлөнгөн[1]

Чындыгында, Сталин жана анын командасы тарабынан ишке ашырылган кандуу депортациянын себеби – улутчулдук саясаты болгон. Баарына маалым болгондой советтерде ар түрдүү жүздөн ашык улут жашаган. Советтер алгачкы жылдарда баардык улут бир, тең укукта болорун билдирсе дагы, убакыттын өтүшү менен советтик идеологиянын башында орус эли туруп, “совет адамынын” тиби иштелип чыккан. Мындайча өлкөдөгү ар кыл улуттарды бир советтештирүү, совет адамы кылуу принциби жаралган. Буга ылайык жалпы совет этносун түзүү максатында бардык элдердин улуттук, жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн , тилин жоюп, орус тилин, маданиятын таратуу керектелген. Ал эми орус элинин саясий күчүн артыруу, советтештирүү үчүн алар эки нерсеге назар салган. Биринчиси түрк жана мусулман калктарды департациялоо, экинчиси бошотулган жерлерге славян элдерин жайгаштыруу болгон.

1944-жыл, 14-ноябрь… Аза күтүү, эскерүү күнү 

интернеттен алынган

ЦГА КР. Ф. 350. Оп. 17с. Д. 180. Л. 247-250Кавказдан түрк-месхетиндерди Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча архивдик документ.

Архивдик документте 16000 түрк-месхетиндерди жашыруун түрдө Кыргызстандын төрт облусуна түтүн-түтүн менен бөлүштүрүлгөндүгү көрүнүп турат. 1944-жылы 14-ноябрда алар Казакстан, Кыргызстан, Озбекстанга депортацияланган. Аларды депортациялоого даярдыктар 1944-жылдын 20-сентябрындан 15-ноябрына чейин жүргүзүлгөн. Кылым карыткан тарыхый мекендеринен айрылып, өлкөнүн сыртына күчтөп көчүрүлүп, көчмөн элдерге айланат. Бирок жолдон ар кандай себептерден улам жарымынан көбү каза болот.

Көкөйдө калган темир-жол жана үзүлбөгөн үмүттөр

Түрк-месхетиндерди депортациялоо – тарыхтагы эң мыйзамсыз иштердин бири. Анткени Советтердин “эл чыккынчысы” деген шаблону аталган элдер үчүн негизсиз эле. Тагыраагы түрк-месхетиндердин жашаган аймактарга фашисттердин буту тийген эмес. Эми советтер жаңы шылтоо ойлоп табышат. Буга ылайык түрк-месхетиндерге душмандардын кол сала тургандыгын, аларды жеңгенден кийин бир, үч айда кайра мекендерине кайтып келишерин билдирет. Ошентип андан бери үч ай эмес, бир кылымдай мезгил өттү.

Кызыл аскерлер үйлөрдү, айылдарды буктурмага алып, баарын айыл сыртына топтой баштаган. Бейкапар жаткан элдин оюна тууган мекенинден башка жерге көчүрөт деген түшүнүк он уктаса да кирген эмес. Окуя башталар-башталбас армян, грузин аскерлери келип, түрк-месхетиндерди талап-тоноп, малдарын алып, көчүрүүгө жардам бере баштаган. Бул туурасында 80 жаштагы Ясин ата мындай деди:

Бизге 1944-жылы 14-ноябрда кечке жакын аскерлер келип, бир, эки саат убакыт беребиз даярдангыла деди. Эч кимди эч жака чыгарган жок. Ал убакта биздин үй-бүлөдө чоң энем, апам, байкем менен жашачубуз. Байкем 14 жашта эле. Экинчи байкем башка айылда калып келе албай калган. Себеби бир айылдан башка айылга өткөргөн эмес. 

Атамды 53 жашында аскерге алып кеткен. Малдарыбыз, майда-чүйдө буюмдарыбыздын баары калып ала алган жокпуз. Биздин үй бир койду сойдук, болду. Буудай, жүгөрү башка нерселерди алдырган жок. Баары калып кетти. Илгери америка машиналары бар эле, чоң машиналар. Бир вагонго беш, алты үй-бүлөлөрдү басып алып кеткен[2].

Ясин Сафаров. ДЕПОРТАЦИЯ КҮБӨСҮ, 81-ЖАШТА.

Адам чыдагыс оор күндөр жаш балдардын ээс-тутумунда кудум кечекидей сакталып калган. Болот Алиев депортация учурунда 4-5 жашта болгон. окуянын кандай башталганын мындай эскерди:

Орус аскерлери түндө келди. Алар бир айылды үч күнгө, бир айылды үч айга сүргүнгө айдайбыз, силерди сактап калабыз деген. Жылуу бир нерсе, жууркан, төшөк, кийим алсаңар болот деди. Бир айылга төрт машина жөнөткөн. Солдаттар айылга кирди. Малды короодон чыгарыш үчүн иттерди сарайга киргизгенге аракет кылышты. Иттер дагы кирген жок. Алар кийин көз алдыбызда малдарды айдап чыкты. Ноябрдын он төртү, он беши эшик суук, малдар чыкпайт. Чыкса да кайра короого качып кирет. Кой, аттарды сыртка чыгарышты”.

Кийин грузиндер атын минип, камчы менен келип, биздин малдарды чыгарганга жардам бере баштады.Вагонго барганга чейин эки күн бош талаада калдык. Аскерлердин колунда калашников автомат менен бизди тегеректеп турду. Ошондо элестетсеңиз, кимди сургүндөп жатат. Кары-картаңдар, аялдар, жаш балдар. Эркектер согушка кеткен. Биздин айылдан 22 адам кетип, 14ү кайтып келген. Калганы келген жок. Ар ким от жакты. Эшик суук. Биз оттун жанында эч нерсе ойлонбостон жүрдүк. Эки күн калдык. Тегеректе солдаттар. Эгер качкандар болсо, атканга приказ бар деп коркутушту. Мен Рашид деген бала экөөбүз айылга качканга аракет кылдык. Уулу бир тууганым келип бизди колубуздан кармап калды. Андан кийин вагондорду алып келди.[3]

Болот атанын айтуусу боюнча депортация учурунда жандарына эч нерсе ала алган эмес. айрымдар унун, тамагын, чакан буюмун алган. Баардык мүлктөрү, малдары, кышка даярдаган тамак-аштары калып кеткен. Алгач аскерлер элди сыртка эки-үч күн элди чогултуп, анан Барком станциясына алып жөнөшөт….

Барком темир-жол станциясынын тарыхы да кызыктуу. Буга чейин түрк-месхетин эркектери согушка алынган эмес. Бирок 1941-жылы 40 миңдей эркек согушка катышат. Ал эми айылда калган кары-картандар, аялдар, жараланган эркектер темир-жолду курууга жапырт киришет. Албетте, көп өтпөй ушул темир-жол менен сүргүн болорун ким ойлогон. Тилекке каршы, алар өздөрү курган темир-жолдо Орто Азияга депортацияланат. Алардын жашоосун такыр башка багытка буруп, жандуу эс-тутум жайы иретинде көкөйдөн кеткис болуп калат.

Депортацияланган элдер жол бою аскерлердин көзөмөлүндө болгон. Вагондордо тазалык сакталбай, ар вагонго төрт, беш үй-бүлөдөн шыкап сала беришкен. Алар бир айдай куру нан, суу ичип иретүү тамактабагандыктан көбү жолдо ачарчылыктан, оорудан каза болгон. изилдөөнүн жүрүшүндө Болот ата баштан өткөргөнүн төмөнкүдөй баяндап берди:

Поезд кетти. Эшиктери грузовой болгон. Кичинекей терезе. Ошентип вагондордо улуулар бар, кыз бар, келин бар, эркектер бар. Туалет жок да баарына. Уулу сөздө уят жок. Атам “коркпогула, ар биринер вагондон бир бурч кесин(бөлүп) парда астык. Бир станциядан кээде суу алат. Чоң станцияларда бизге шорпо беришти. Биздикилер чочконуку болсо керек деп, такыр жеген жок. Үйдөн не алып чыгышса, ошону жедик.”

“Жолдо санитарлар келип температурага карашат, эгер ооруса алып кетишет. Алып кеткендердин кайда кеткени белгисиз. Эч бирөөсү кайтып келген жок.”[4]

Волгага келгенде силерди Волгага төктүрөт деген имиштер айтылды. Бирок болгон жок. Эшиктерди килиттеп, терезелерди жапты. Волганы өтүп Казакстандын стептерине келдик. Баардык жерде вагон токтогондо солдаттар болгон. Бир аял баласын суукта үшүтүп калган экен. Орус офисери келип, баланы аялдын бетине атты (ыргытты). Биз муну да көрдүк

Ахыскада илгери алдын-ала темир жол курулган. Ноябрдын 14нөн 31-декабрда Өзбекстанга келип түштүк. Бир жарым ай жол жүргөнбүз. Урал тоолору менен келдик. Жолдо жеңил тамак берип, элдин карны тойгон эмес. Суу берген. Жолдо каза болгондор көп болду. Вагондор токтогондо совет аскерлери келип, тинтип өлүктөрдү карашкан. Биздикилер өлүктарды жашырган эле. Эгер аскерлер тапса, вагондон түшүрүп ыргытып салган[5]

Кыргызстанга бир айдай жол жүрүп келишкен. Аларды атайын айыл-айылдарга чачыранды абалда бөлүштүрөт. Келгиндердин эскерүүсү боюнча, жергиликтүү бийликтин убадалары тамак-аш, кийим-кечек, турак-жай менен камсыздоо ж.б. иштери аткарылган эмес. Анткени, согуштан кийин Кыргызстандын абалы оор болуп, жардамдашууга күчү жетпей турган. 

Башка элдер сыяктуу түрк-месхетиндер дагы он жылдай НКВДнын көзөмөлүндө болуп, алардын айткандарына моюн сунуп жашаган. Атайын коменданттык саат болгон. Бир айылдан руксатсыз экинчи айылга барганга болбойт, мектепте окууга, мамлекеттик-коомдук жумуштарда иштөөгө тыюу салынган. Алар бир жумушчу күч иретинде гана колдонула баштаган. 

“Комендант убакта бир айылдан экинчи айылга өтө албайсың. Өлүктөр болсо да, аны өздөрү коштоп барган“Коменданттык убакта эч жака чыга албайсын. Бир жактан бир жака бара албайсың. Бир жерге барыш үчүн руксат алышың керек. Мен апам менен Быстровка жактан 1954-жылы Кеңеш айылына келгенбиз. Руксат алып, Токмоктон бизди кармап калышты. Балаңдын паспорту жок деп жолдон кармап калат. Анан ошондо эптеп ыйлап, сыктаганда бизди кое беришти. Апам бул жакты көрүп ыраазы болду”.[1]

“Билесизби, азыркыга чейин Шлагбаум көчөсү сакталып калган. Шлагбаумда аскерлер, күзөтчүлөр болгон. Ал жактан пропуск менен гана өтө алгансын. Ар бир айылда өзүнчө комендатура болгон. Мисалы айылдан бир жака барыш үчүн, бир нерсеге алууга болсун аскер коменданттан руксат алышын керек болгон[2]

Советтердеги коменданттык мезгилде бир айылда жашаган карачай, балкар, түрк-месхетин үй-бүлө мүчөлөрү бири-биринен кабары болсо да жолуга алган эмес. Себеби, аларга жашаган жерин таштап башка айылга барууга, жолугууга тыюу салынган. 

Ошондой азаптуу турмушту башынан өткөргөн Ысык-Атанын, Кеңеш айылындагы түрк-месхетиндердин жетекчиси Шахзада ата мындай деди:

“1944-жылы депортация заманында менин апам бир баласы менен Кыргызстанда, атамдын уругу болсо Өзбекстанга бөлүштүрүлөт. 

Атам 1941-жылы согушка кетип, бир буту жараланып калат. 1945-жылы согуштан Грузияга кайтып келген. Келсе эл жок, журт жок. Анан кызыл аскерлерге эмнеге мен кан төктүм, менин үй-бүлөм жок , ата-энем жок дейт. Аскерлер Орто Азия кеткенин айтат. Орто Азия чоң да сураштырып, андай-мындай кылып Самарканттан табат. Келсе атасы каза болуп калыптыр, апасы үч кызы менен жашап жаткан болот. 

Ошентип жокчулуктан апасы, бир кызы дагы каза болот. Кийин аялын, баласын издеп Кыргызстанга келет. Кыргызстанга келип табат. Бул жакта жер кененирээк,  мал чарбасы бар, абасы, суусу атабыздын көңүлүнө жагып калат. Анан кайра Өзбекстанга барат. Туугандарынын балдарына көчөлү деп айтат. Алар 9,10 жаштарына келген, тууган-уруктары бар да, биз калабыз деп коюшат. Атам  эки кызын алып 1946-жылы атам Кыргызстанга келет.”

Жаңы туугандар

Ошентип Кыргызстанга келгенден кийин жашоо үчүн күрөштү уланытшат. Алгач кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда бир ишенбестик болот. Анткени, советтер жергиликтүү элдерге “ келгиндер бандиттер, адам жегич” деп пропаганда кылышкан. 

Биз кыргыздар ким , кандай эл деп таңыркасак, кыргыздар бизди адам жегич катары көрүшкөн. Анткени советтер эл арасында түрк-месхеттер“ бандиттер, адам жейт” сыяктуу сөздөрдү тараткан. Кийин азан айтылып, биздикилер намаз окууганда, кыргыздар “ булар мусулман экен да, мусулман адамды жебейт” деп ишенишкен

Биз биякка келгенде советтер, булар эл жей турган киши. Сүйлөшпөгүлө, жакындабагыла деген экен. Анан апам каламага окшош эшикте нан жасайт да, балдарга берели дейт. Алар алгысы келет ,бирок чоңдору бербе, бербе дейт. Анан унчукпай барып, тарелкага салып ата менен апанын жанына барып, биз да мусулманбыз, нанды бөлүп жейли дейт. Үйдөгү чал, апа жейт. Ошентип нан, сүт берип, алар менен аябай жакын болуп калганын айтчу. Эки үч жылдан кийин тил табышып калдык. 

Бир жолу ата-энемди зыярат кылып мүрзөгө барсак, 85-90 жаштагы Кадыр ата бизди таанып калды. Ай балам келиптир, короосундагы козуну сойгула деди. Эмкисинде атайылап келели деп калдым. Бизде  жакшы катнаш болгондуктан, бизди унутпаптыр. 

Советтердин пропагандасы дайыма оңтойлуу жыйынтыктарды бере берген эмес. түрк тектүү кыргыз, түрк-месхетиндердин түбү, тили, дини, каада-салты, үрп-адаты, жашоо-образы окшош болуп, алар бат эле бир туугандардай болуп калышкан.

Изилдөөнүн жүрушүндө сүргүн катышуучулары окуяны эске аларда көздөрү жашылданып, мукактанып, тээ түпкүрдө жаткан нерсени айтып, дүйнө жүзүнө жар салууга жетишип калганга аракет кылгандай сезилди. Анткени алардын дагы ичер суусу канча калгандыгын ким билет……. өкүндүргөнү 1956-жылы депортацияланган элдерге тууган мекенине кайтуу укугу берилет. Бирок түрк-месхетиндер бул укуктан куру калган. 

Бүтпөгөн көчтөр, сүргүндөр, үзүлбөгөн үмүттөр далэ болсо, тарыхтан оз ордун ала элек. 

Болот Алиев. 1940-жылы Ахыска районунда төрөлгөн. Азыр 80 жашта. Чүй облусу, Новопавлока айылы.
Болот Алиев үй-бүлөсү менен. Солдон экинчи аял – энеси, жанындагы атасы. Бир кылымдык сүрөт.

[6] Болот Алиев


[5] Ясин Сафаров, Чүй обл., Чалдовар айылы, 1941-жыл.

[4]Болот Алиев, , Чүй обл., Новопавловка айылы, 1940-жыл


[3] Болот Алиев,, Чүй обл., Новопавловка айылы, 1940-жыл.


[2] Ясин Сафаров. Чүй обл., Чалдовар айылы, 1940-жыл.


[1]Бугай Н.Ф. И.Берия – И. Сталину “ Согласно вашему указанию…”.  Бугай Н.Ф., Гонов А.М. Кавказ: народы в эшалонах. – М., 1998. 

Опубликовано в разделах: Жазма, Лонгриддер, Мектептер