📢 «Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы 2024-жылдын октябрь айында өтө турчу IV Конференциясы тууралуу жарыялайт!
- Борбор Азиядагы изилдөөчү жана активисттер жамааттарынын деколониалдык процесстердин өнүгүшүнө салымы катары каралган – коммунисттик жана посткоммунисттик доордогу унутулуп калган окуяларды жана жараяндарды чагылдырган же сактаган изилдөө жана активисттик практикалар/долбоорлордун кызматташуусу.
- Санариптик эс тутум: мамилелер жана ыкмалар. Документтер, медиа жана маалымат базалары.
- Борбор Азиядагы айлана-чөйрөгө жана климаттын өзгөрүшүнө деколониалдык көз караштар.
🙌 2024-жылдын октябрында боло турган «Эсимденин» IV конференциясына тарыхты жана эс тутумду изилдегендердин баарын чакырабыз.
📤 Конференцияга катышууну каалагандар 2024-жылдын 1-августуна чейин esimdekg@gmail.com дарегине табыштама (400 сөздөн турган кыскача баяндама, резюме) жөнөтүүнү суранабыз. Конференция кыргыз, англис жана орус тилдеринде жүрөт.
🕟 Конференциянын программасына кошулганыңыз тууралуу кабар 2024-жылдын 10-сентябрына чейин жөнөтүлөт.
Суроолоруңуз болсо esimdekg@gmail.com дареги дареги кызматта!