Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Үркүн. Эскерүү Жүрүшү 2024

12 июля, 2024 г.

«Эсимде» «Тосор» коому менен бирге Үркүн эскерүү жөө жүрүшүнө барат. Эгер сиз дагы жөө жүрүшкө катышкыңыз келсе, анда бул текстти аягына чейин окуңуз!

Үркүндү эскерүүгө кызыкдар болгон бардык каалоочулар, уюмдар жана коомчулуктар биздин жөө жүрүшкө кошула алат: бул тарыхыбыздын маанилүү бөлүгү тууралуу эс тутумду сактап калууну каалагандар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

🔺Жүрүштүн негизги максаты колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын эс тутумда актуалдаштыруу.

🔴 2024-жылдын эскерүү жүрүшү Тосор айылынан башталып, 8-9-10-август болот. Белгиленген күндөрү бардык катышуучуларга тамак-аш, жата турчу жер (боз үй) даяр.

‼️ Болгону ар бир катышуучу ыктыярдуу түрдө кийинки жылкы жөө жүрүш үчүн 1000 сомдон жогору каалагандай акчалай салым кошо алат. Ушундайча, Үркүн эскерүү жүрүшүнүн ар жылы үзгүлтүксүз улантылышы камсыздалат. Тагыраагы, сиздин катышуу ордуңуз мурунку жылдын катышуучуларынан топтолгон эсептен камсыздалып жатат.

🔗 Катталуу үчүн телеграм каналга өтүңүз! Кененирээк алдыдагы постторубуздан маалымдап турабыз!

https://t.me/urkun_jurush_2024

Опубликовано в разделах: Анонстор жана программалар, Иш чаралар