Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени – Ысык-Көл

25 июля, 2024 г.

«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» бул сапарында Ысык-Көлдүн Каракол шаарына бет алды. Кербенчилер Каракол шаарын бекеринен тандап алган эмес, бул шаардын тарыхы, анын бүгүнкү аңдап түшүнүлүүсү, шаар тарыхынын анын жашоочуларында, процесстеринде, маданиятында, музейлеринде, эскерүү жайларында чагылышы – уникалдуу. Муну аңдап түшүнүү үчүн кербенчилер өзүнө суроо бере алат, салыштыра алат, айырмачылыктарын түшүнүп, окшоштуктарын таба алат, кабыл ала алат, четке кага алат. Бирок сапар Каракол шаары менен эле чектелбеди, Ысык-Көл аймагынын түштүк-чыгыш, түндүк-чыгыш жээктерин камтып, кербенчилердин эс тутумунда өзүнүн контрасттары менен сакталып калды.

Кербенге төөсүн желдирип кошулгандар болду, кол булгалап, өз изин бойлоп кеткендер болду, ал гана эмес алыста туруп, виртуалдык кербенге кошулган тилектештер, санаалаштардын үнү жетип турду. Ушунусу менен ал – кербен. Эс тутум жолдорунда Борбордук Азиянын башын бириктирген кербен.

1-күн. Бишкек – Каракол жолу.

«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» сапарын Бишкек шаарынын Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Үркүндү эскерүү ташынан баштады.

Бул жерге мемориалдык комплекс куруу үчүн 1993-жылы өкмөт Орто-Сай сейил багынан 2,5 гектар жер тилкесин «Ашар» кыймылына бөлүп берген. Бирок бул жерге тек гана чакан эстелик-таш орнотулуп, мемориал курулуучу аймак ар кандай кафе-ресторандарга жана башка оюн-зоок жайларына айланган.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Түштүк дарбаза, Бишкек шаары.

Кербенчилер зыярат кылган экинчи жай – Боом капчыгайындагы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эстелик болду.

Бишкек–Балыкчы унаа жолунун түндүк тарабында, Боомдун батыш кире бериш жагында 2006-жылы, Үркүндүн 90 жылдыгында 1916-жылдагы окуяларды эскерип, кыргыздардын колониалдык бийликке каршы көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү мемориалы орнотулган.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. 1916-жылдардагы окуялардын жана Үркүндүн курмандыктарына арналган эстелик, Боом капчыгайы.

Кербен өз сапарындагы дагы бир жай – Боом капчыгайы, Кубакы аймагындагы «Ажардын көрүстөнү» болду.

Бул көрүстөн – 1916-жылы атылып өлтүрүлгөн белгисиз аялдын сөөгү коюлган бейит. Башына ок тийип, көз жумган аялдын сөөгү эгемендүүлүк алгандан кийин эскерүү жүрүш учурунда ашууда табылып, Боом капчыгайына көмүлгөн.

Бул жерге алгач Касымаалы Баялиновдун Үркүн трагедиясы жөнүндөгү аңгемесинин каарманы Ажардын образдуу болочок эстелигинин белгиси катары таш тургузулган. Ал эстелик Үркүн окуяларында курман болгон бардык аялдарга: энелерге, эжелерге, кыздарга, арналмак.

Ал эскерүү ташында: «Бул жерде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларда курман болгондордун элесине жалпы улуттук тарыхый жана Ажардын эстелиги тургузулат» – деген жазуу чагылдырылган. Ал эми азыркы жаңы эстеликте акын Ысак Шайбековдун «Кайран эл» поэмасынан үзүндү жазылып турат.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. «Ажардын көрүстөнү» эстелиги, Кубакы аймагы.

«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербенинин» сапарындагы кийинки жай – Каракол шаарынан анча алыс эмес жердеги, «Кыргыз Эл» уюмунун демилгеси менен тургузулган таш эстелик болду.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Үркүнгө арналган эскерүү ташы, Түп айылы.

2-күн. Каракол шаары менен таанышуу жана изилдөөлөрдү презентациялоо.

«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» экинчи күнүн Каракол шаарындагы КР Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынан баштады. Изилдөөчүлөрдүн сурамы боюнча архивдин кызматкерлери материалдарды берип, таанышуу үчүн бөлмө менен камсыздашты. «Эсимде» изилдөө аянтчасы архив кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирет!

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. КР Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгы, Каракол шаары.

Андан соң «Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» Ысык-Көлдүн жана өлкөнүн татаал тарыхын өзгөчө чагылдырган «Жеңиш» сейил багын зыярат кылды. Бул сейил бак – түрдүү тарыхый нарративдер жана окуялар чырмалышкан коллективдик эс тутумдун маанилүү мейкиндиги.

Сейил бактын борбордук бөлүгүн Экинчи дүйнөлүк согушка арналган мемориал ээлейт. Борбордук мемориалга бара турчу жолдо коопсуздук органдарынын кызматкерлерине – «чекисттерге» урмат көрсөткөн бюсттар орнотулган.

Ал эми аллеянын оң тарабын Ысык-Көл облусунун саясий репрессиялардын (1937-1953) курмандыктарына арналган мемориал ээлейт. Бул мемориал өтүмүштүн каталарын моюнга алуу, кайра карап чыгуунун үзгүлтүксүз жараянын баса белгилеген «тирүү» эстелик. Анткени дубалда чегилген ысымдар тизмеси мезгил-мезгили менен толукталып турат.

Сейил бактын бурчунда болсо, Үркүнгө – кыргыз элинин 1916-жылдагы трагедиясына арналган эстелик монумент жайгашкан.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. «Жеңиш» сейил багындагы мемориалдык жайлар, Каракол шаары.

Кербенчилер күндүн экинчи жарымын «Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербенинин» алкагында жасаган өзүлөрүнүн изилдөөлөрүн презентациялоого арнашты.

Өзбекстандан келген кербендин катышуучусу, көркөм өнөр таануучу жана куратор – Максуд Аскаров өзүнүн «Эс тутум тоннели» көргөзмөсү тууралуу айтып берди. Бул көргөзмө джадидчилик кыймылына жанан анын реформатор лидерлери: Махмудхожа Бехбуди, Абдурауф Фитрат жана Абдулхамид Чулпанга арналган. Максуд Аскаровдун сөзү боюнча бул көргөзмө унчукпоонун жана коомдук «амнезиянын» кесепетин чагылдырат, эмнеге тарыхты кайра жазбастан, аны эстеп жүрүү маанилүү экендигин баса белгилейт.

«Эс тутум тоннели» көргөзмөсү тууралуу кененирээк төмөнкү шилтеме:

https://www.gazeta.uz/ru/2024/02/02/jadids/?fbclid=IwY2xjawEWH-RleHRuA2FlbQIxMAABHejFpGMSiY-_wdsygkjNrPbTHzwCLuT1el144V_fvFij6yVZqoPSIVAIIw_aem_AyKuMMAjYoIt3if3_Cu1sw

Өзбекстандык көркөм өнөр таануучу Максуд Аскаров.

Франциянын Борбор Азия изилдөөлөрүнүн институтунун жетекчи илимий кызматкери – Гзавье Аллез «Казакстан жана Кыргызстандагы айыл менен шаардын ортосундагы ажырым тууралуу о жүгүртүүлөр: Социалдык-саясий жана культурологиялык ыкма» аталышындагы изилдөөсү тууралуу баяндап берди.

Буга чейин ал өзүнүн «Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу. Алай, 1906-жыл» аттуу китебин «Эсимдеге» белек кылган. Бул китеп Курманжан Датканын уулу Асанбек менен француз окумуштуусу жана полиглот Поль Пеллионун 100 жыл мурунку жолугушуусу тууралуу баяндайт.

Китеп орус жана кыргыз тилдеринде «Эсимденин» китепканасында!

Франциялык изилдөөчү Гзавье Аллез жана анын китеби.

3-күн. Музейлерди жана эскерүү жайларын кыдыруу.

«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» үчүнчү күнүн дунган эли жашаган Ырдык (дун. Эрдогу) айылындагы музейден баштады. Бул музей дунган элинин тарыхын, маданиятын, тиричилигин чагылдырган экспонаттарды гана камтыбастан, уникалдуу оозеки уламыштардын, тарыхтын алып жүрүүчүсү.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Дунган музейи, Ырдык айылы.

Анын себеби музей сакчылары – Дагазиев бир туугандар. Бизге дунган элинин кызыктуу тарыхы тууралуу баяндап берген Дагазиев Лимин (Рамазан) музейчиликти өзүнүн агасы Люшурдан мураска алган. Дунган элинин пайда болуусу жөнүндө уламыш, Кытайдан көчүп келүүсү, Үркүн учурундагы дунгандар, апийим маданиятынын коомдук-саясий жараянга тийгизген таасири жөнүндө кызыктуу баян изилдөөчү-кербенчилерди таасирлентти.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Дунган музейи, Ырдык айылы.

Кербен Ырдыктан чыгып, табияттын ажайып объектиси болгон Жети-Өгүз капчыгайына барды. Капчыгайды аралап, табияттын улуулугуна, таасирлентүүчү тариздерине суктанып, кербенчилердин ортосунда байыркылардын жаратылышка калтырган эс тутум издери жөнүндө талкуу жүрдү.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Жети-Өгүз капчыгайы

Кербен ошондой эле Каракол шаарынын борборундагы Дунган мечитин зыярат кылды.

Дунган мечити 1910-1912-жылдары 1877-жылы Кытайдан Караколго качып келген дунгандар тарабынан тургузулган. Мечитти Ибрагим ажы негиздеп, аны салдырыш үчүн Бээжинден атайы Чжоу-Сы баш болгон мыкты архитекторлорду алдырып келген.

Мечиттин курулушуна айыл тургундары да жардам беришкен. Тек кабаттуу имараттын дубалына, чатырына бир да мык кагылган эмес. Мечит сырттан X кылымда кытай империясынын тушунда курулган архитектуралык имараттарга окшош. Анын чатырынын учтарына ажыдаардын келбети орнотулган. Беттери жакшылыктын жышаанын билдирген өсүмдүктөрдүн жана жамандыктан коргоочу мифологиялык жандыктардын түстүү сүрөттөрү менен кооздолгон.

Совет бийлигинин учурунда кампа катары иштетилген бул имарат өз убагында аймактагы чиркөөнүн спорт мектеби катары да колдонулуп калган. 1960-жылдары гана сыйынууга ачылып, ошондой эле тарых музейи катары катталган.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени Дунган мечитинде, Каракол шаары.

«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» андан соң, Пржевальск пристаны айылындагы Кусеин Караса уулу Н.М. Пржевальскийдин музей-мемориалдык комплексине барды.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени Кусеин Караса уулу жана Н.М.Пржевальский музей-мемориалдык комплексинде, Прежевальск пристаны айылы.

Кербен ал жерден чыгып, Каракол шаардык тарыхый музейине жөнөдү.

Музейде Эсимдечилердин көңүлүн Элла Майярдын сүрөттөрүнүн көргөзмө залы, ошондой эле Үркүнгө арналган дубалча бурду. Бул дубалчанын оң тарабында тиричилик буюмдарына байланышкан адамдардын эскерүүсү жазылган. Ал эми так ортосун ак чүпүрөктөргө чүмкөлгөн чоң сүрөт ээлейт.

Алтын Капалова менен Оксана Карпишникованын эмгегинен жаралган бул дубалча – кыргыз музейлериндеги Үркүнгө арналган аз инсталяциялардын бири.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Каракол шаардык тарыхый музейи, Каракол шаары.

Кербен барган кийинки жай – Кыдыр аке атындагы Ак-Суу райондук мамлекеттик аймак таануу музейи болду.

Музейдин кызматкери кербенчилерди музейди кыдыртып, андагы экспонаттар менен тааныштырды, аймактын тарыхы жана Кыдыр акенин орду тууралуу баяндап берди.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. Кыдыр аке атындагы Ак-Суу райондук мамлекеттик аймак таануу музейи, Ак-Суу айылы.

Кербен Ак-Суу айылындагы «Эски тегирмен» жеке музейине баргандан соң, ушуну менен үчүнчү күндүн сапарын жыйынтыктады.

Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени. «Эски тегирмен» жеке музейи, Ак-Суу айылы.

Соңку күн

Кербенчилер күндүн таңын кыдырган музейлери тууралуу талкуудан башташты, алардын тийгизген таасири, ортосундагы айырмачылыктары, жаралган суроолорунун айланасында дискуссия жүргүзүлүп, бул тууралуу ой жүгүртүүлөрүн камтыган текст жазууну кепилдешкенден соң, артка – Бишкекке кайтышты.

Опубликовано в разделах: Сүрөт баян, Экспедициялар