«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» Өзбекстандын борбору – Ташкентке бет алды.
Ташкент шаары, ал жайгашкан Фергана өрөөнү – цивилизациялардын, маданияттардын, улуттардын, глобалдуу процесстердин бекем чырмалышкан аймагы катары, түрдүү өлкөлөрдөн топтолгон түрдүү изилдөөчүлөрдүн башын бириктирип жаткандыгы – кербендин маңызы менен максатына төп келип тургандай.
Кербенчилердин жумушу көп, бере турчу суроолору, бөлүшө турчу ойлору, козгой турчу кептери, талаша турчу талкуусу көп. Мунусунда алардын Өзбекстандын эс тутум жолдорун бойлой окшоштуктары, айырмачылыктары, жалпы дарты менен жараатын кайра аңдап түшүнүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүгү болмокчу.
Ташкентке карай
«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербенинин» бул жолку калтыра турчу изи кыйла жыш болчудай. Анткени анын катарын жаңы адамдар толуктады. Ошентип кербен Ташкентке карай сапар алды!
Кербен жерге конору менен кечки Ташкентти аралап, сейилдөөнү чечти.
Ташкентти кыдыруу
Кербендин Ташкенттеги экинчи күнү уникалдуу «Бермет» үйү – тик махалледен башталды.
Андан соң, кербенчилер Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театрына бет алышты.
1947-жылы курулган театрдын имараты улуттук архитектуранын уникалдуу үлгүсү жана өлкөнүн маданий мурасы болуп саналат. Анын курулушуна 1945-жылы Ташкентке айдалып келген япондук туткундар катышкан.
Театрдын имаратынын курулушу 1939-жылы башталып, бирок согуш мезгилиндеги кыйынчылыктардан улам 1942-жылы үзгүлтүккө учураган. 1944-жылы курулуш аянты кайра ачылып, иш улантылган. 1945-жылы ноябрда Квантун армиясынан япондук туткундар Ташкентге айдалган. Алар театрдын курулушунун акыркы этабына катышып, бул жакта эмгектенишкен.
Имараттын архитектору – А.В. Щусев. Чоң театрдын труппасы жаңы имаратта 1947-жылдын ноябрында иштей баштаган. Белгилей кетсек, театрдын курулушу аяктагандан кийин академик А.В. Щусевдин сунушу менен анын порталынын алдына фонтан орнотулуп, архитектуралык ансамбль түзүлгөн.
Кербен Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик репрессия курмандыктарын эскерүү музейинде конокто болду.
Бул музей 20-кылымдын 30-жылдарында массалык түрдө репрессияланып, атуу ишке ашкан жерде жайгашкан.
Музейдин тарыхына кайрылсак, 2002-жылдын 31-августунда Репрессия курмандыктарын эскерүү күнүндө Ташкентте «Мекендин эрдиги үчүн» эрдик менен күрөшкөн жана массалык репрессияга дуушар болгон инсандарга арналган «Шахидлар хотираси» мемориалдык комплексинин салтанаттуу ачылышы болгон. Музей шаардын эң кооз жерлеринин биринде – Ташкент телемунарасынын так маңдайында, Бозсу каналынын жээгинде жайгашкан.
Сталиндик доордогу кандуу жылдарда сүрөтчүлөр, жазуучулар, көрүнүктүү илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер жана миңдеген жөнөкөй үй-бүлөлөр репрессиянын курмандыгы болушкан. Музейдин директору Хасанов Бактиярбизге экскурсия кылып, экспозиция менен тааныштырды. Музейдин илимий кызматкери Бахром Ирзаевге бул жолугушууну уюштуруудагы көмөгү үчүн, жылуу кабыл алып, мемориалдык комплекс менен кенен тааныштыргандыгы үчүн «Эсимде» изилдөө аянтчасы терең ыраазычылык билдиребиз!
Андан соң, бул музейде эс тутум кербенинин катышуучулары, музейдин илимий кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы, Казакстандагы жана Өзбекстандагы массалык репрессия, эс тутум саясаты жана тарых темаларындагы изилдөөлөрү менен бөлүшүштү:
- Өзбек тарыхчысы Бахром Ирзаев «Германиядан билим алган өзбек окумуштууларынын жапырт репрессияланышы» тууралуу изилдөөсүн айтып берди.
- Казак сүрөтчүсү Сауле Сулейменова «Калдык эс тутум» – 1930-жылдардагы Казакстандагы ачарчылык темасынын көркөм сүрөттө чагылдырылышы жөнүндө бөлүштү.
- Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директору Бактыгүл Мидинова «Эс тутум саясаты жана Кыргызстандын улуттук музейлери» аттуу изилдөөсү менен бөлүштү.
- Казакстандык тарыхчы Нестор Маничкин «Поляктар менен украиндердин Борбордук Азияга депортацияланышы: үй-бүлөлүк тарых жана постколониялык изилдөөлөрдүн контекстинде жамааттык эс тутум» аталышындагы ишин доклад кылды.
Бухарага карай
«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» Түркстандын эң байыркы шаарларынын бири – Бухарага бет алды.
Бухара шаары өзүнүн байыркы архитектурасы, атмосфералуу көчөлөрү, жан дүйнөсү менен кербенчилердин көңүлүндө орун ээлеп калды.
Андан соң изилдөөчүлөр «Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербенинин» алкагында жасап жаткан изилдөөлөрүнүн ара жыйынтыктары менен бөлүшүштү.
Презентациялар аяктагандан кийин тапчан үстүндө, ысык чай менен кербенчилердин изилдөөлөрүнүн айланасында жана ар кыл темаларда кызуу талкуу жүрдү.
«Эс тутум жолдорундагы Борбордук Азия кербени» Умида Ахмедова менен Янгиабад жайма базарында жана «Эски жува» (же «Чорсу») базарларында болду. Ошентип, кербендин бул жолку сапары ушуну менен жыйынтыкталды.
Эсте калган ирмемдер
Бухаранын көчөлөрүндөгү уникалдуу каалгалар.
Сауле Сулейменова «Эсимде» изилдөө аянтчасына «Калдык эстелик» эмгегин белекке берди.
Эмиль Насритдинов Бухаранын көчөлөрүн кагазга түшүргөндүгү менен бөлүштү.
Наталья Адрианова кылдаттык жана берилүү менен ар бир көрүнүштү сүрөткө тартып жүрдү.