Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Посткоммунисттик Борбор Азия – ой жүгүртүү мейкиндиги»

31 июля, 2024 г.

📢 «Эсимде» изилдөө аянтчасы 2024-жылдын октябрь айында өтө турчу IV Конференциясы тууралуу жарыялайт!

  • Борбор Азиядагы изилдөөчү жана активисттер жамааттарынын деколониалдык процесстердин өнүгүшүнө салымы катары каралган – коммунисттик жана посткоммунисттик доордогу унутулуп калган окуяларды жана жараяндарды чагылдырган же сактаган изилдөө жана активисттик практикалар/долбоорлордун кызматташуусу.
  • Санариптик эс тутум: мамилелер жана ыкмалар. Документтер, медиа жана маалымат базалары.
  • Борбор Азиядагы айлана-чөйрөгө жана климаттын өзгөрүшүнө деколониалдык көз караштар.

🙌 2024-жылдын октябрында боло турган «Эсимденин» IV конференциясына тарыхты жана эс тутумду изилдегендердин баарын чакырабыз.

📤 Конференцияга катышууну каалагандар 2024-жылдын 25-августуна чейин esimdekg@gmail.com дарегине табыштама (400 сөздөн турган кыскача баяндама, резюме) жөнөтүүнү суранабыз.

🔅Конференция кыргыз, англис жана орус тилдеринде жүрөт.

🕟 Конференциянын программасына кошулганыңыз тууралуу кабар 2024-жылдын 10-сентябрына чейин жөнөтүлөт.

💌 Суроолоруңуз болсо esimdekg@gmail.com дареги дареги кызматта!

Опубликовано в разделах: important, Конференция