«Эсимде» изилдөө аянтчасы 1986-1990-жылдардагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы демократиялык кыймылдар жөнүндө тегерек үстөл өткөрдү.
Тегерек үстөлгө окумуштуулар, изилдөөчүлөр, саясатчылар, жарандык активисттер жана айтылган кыймылдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара төмөндөгүдөй панелдерден турду:
- Кыймылдардын мурасы жана таасири
- Сөз эркиндигинин бул кыймылдардагы орду
- Студенттик кыймылдар
Биринчи панелде Бүбүайша Арстанбекова, Кыяс Молдокасымов, Жумагазы Садыр уулуна (каймана аты Чоң Аюу) сөз берилип, демократиялык кыймылдардын эркиндикке болгон баасы жөнүндө ой бөлүшүштү.
Экинчи панелде Бакыт Орунбеков, Байма Сутенова, Ракыя Жусупова 90-жылдардагы демократиялык кыймылдардын бүгүнкү сөз эркиндигине тийгизген таасири тууралуу пикирлерин билдиришти.
Үчүнчү панелде Кубат Чекиров, Гүлзада Абдалиева, Акчолпон Койчиева ошол жылдардагы студенттердин көз караштары, демократиялык кыймылдарга кошулган себептери менен бөлүшүштү.
Катышуучулардын көпчүлүгү учурундагы кыймылдардын мүчөлөрү. Алар ич ара ачык калган суроолорду талкуулашып, ой-пикирлери менен бөлүшүп, иш-чара жыйынтыкталды.
Тегерек үстөлдөгү талкуулар документтештирилип, «Эсимде» изилдөө аянтчасы жүргүзүп жаткан изилдөөгө, аналитикалык отчетко колдонулат.