Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Үркүн. Эскерүү жүрүшү 2024» иш-чарасы жыйынтыкталды

14 августа, 2024 г.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы «Тосор коому» бирикмеси менен биргеликте уюштурган «Үркүн. Эскерүү жүрүшү 2024» иш-чарасы жыйынтыкталды.

Эскерүү жүрүшүнө болжолдуу 50дөй адам катышып, 3 күн, 2 түн бою уланды. Жүрүшчүлөр жалпы 45 км жөө жүрүп, деңиз бийиктигинен 3800 метрге көтөрүлүштү.

8-август. Биринчи күн

Жүрүшчүлөр Тосор жана Тамга айылдарынын ортосундагы, Тосор айылынан 5 км алыстыкта жайгашкан жерде жолугууну макулдашышкан.

Катышуучулар чогулган соң, Үркүндө курман болгондорго куран окулду, митинг-реквием уюштурулду, анда каалоочулар өз ойлорун билдирип, эскерүү жүрүшүнүн жана Үркүн тууралуу эс тутумду сактап калуунун мааниси тууралуу сөз сүйлөштү, былтыркы жылдын катышуучулары өз кеңештерин айтышты. Каттоо жүргүзүлүп, шам-шум тамагы таратылып, жүрүш башталды.

Кыргын-Сай

«Тосор коому» мындай эскерүү жүрүштү төртүнчү ирет уюштуруп жатат жана анын ар дайым ушул жерден башталганы бекеринен эмес. Жүрүшчүлөр аралап бараткан сайдын аталышын, тарыхын жолдо тыным алган учурда Айбек Сарыгул жана Тыныбек Жукешов баяндап беришти.

Бул жерде 1916-жылы орус жазалоо отряды Ысык-Көлдүн Күңгөйүнөн качып келаткан адамдарды жапырт түрдө кырган деп эл арасында айтылып келет. Алардын көпчүлүгү Чиркей (Саяк) уруусунан болгон дешет. Ошол бир айылдын элинен секелек кыз гана аман калып, кийин Тосор айылына турмушка чыгып, ушул сайдагы трагедия тууралуу айылдыктарга, жаш балдарга айтып берчү экен. Сайдын аталышы мына ушундан калган.

1953-жылы Иосиф Сталин өлгөндөн кийин, Тамга санаториясындагы Сталиндин айкели ушул сайга ташталып, кийин анын айланасында орнотулган, ошондон тартып ал жер – Сталин-Сай деп аталып келген.

Үркүндү башынан кечиргендердин көзү өткөн сайын, Кыргын-Сай тууралуу сейрек айтылып, аты өчүп, унутта калган. Кийин гана сайдын эски аталышы эл оозунда кайтарылып, ал жерге аң-сезимдүү мамиле жасала баштаган.

Үркүндүн 105 жылдыгына карата сайдын башындагы ташка эскерүү тактасы орнотулуп, ал Үркүн тууралуу эс тутум жайларынын бирине айланганын жана мунун өтө маанилүү экендигин Тыныбек Жукешов белгилейт.

Берикбай баатыр

Жүрүшчүлөр үчүн бара жаткан ар бир коктунун, жайлоонун, капчыгайдын аталышы, анын артында жаткан окуялары тууралуу билүү абдан кызык болду.

Тосор айылы аркылуу өткөн негизги жол – Берикбай баатыр көчөсү деп аталат. Андыктан жүрүштүн катышуучулары бул адам тууралуу суроо узатып келатышты.

Айбек Сарыгулдун айтымында, ал адам Чүй өрөөнүндөгү көтөрүлүштү басып, Ысык-Көл өрөөнүнө бет алган орус жазалоо отрядын Боом капчыгайында тосуп, өткөрбөө аракеттерине катышкан.

Андан кийин Тосорго келип, өз эли менен Чыгыш Түркстан тарапка качкан. Анын атынан «Берикбайдын ашуусу», «Берикбайдын тосмосу» сыяктуу аталыштар сакталып калган, ал эми Узун-Кыр тоо массивинин этегинде Берикбай баатырдын деп эсептелген күмбөз жайгашкан. Күмбөздөн тышкары, анын айланасында он чакты эски мүрзөлөр да бар.

Жүрүшчүлөр кайың менен Теңир-Тоо карагайы жуурулушуп өскөн Кайың жайлоосуна токтоп эс алган соң, ажайып, бирок татаал жол изи менен кете беришти.

Ошентип 8 сааттык 15 км жол жүргөндөн кийин кечкуурун Дуулат-Булак жайлоосуна келишип, ал жерде тамактанып, эртеңки жолго уктап эс алуу үчүн чатырларда жайгашышты.

9-август. Экинчи күн

Экинчи күн Дуулат-Булактын этегинен башталды.

Эс алууга токтогон сайын Үркүн тууралуу жана ага байланыштуу окуялар, жеке тагдырлар жөнүндө бөлүшүп жатышты. Жүрүшчүлөр бири-бири менен жакындан таанышышты. Бул жылкы эскерүү жүрүшүнө түрдүү курактагы, түрдүү кесиптеги, түрдүү тармактагы, жада калса башка өлкөлөрдөн келгендер да болуптур. Эң улуусу 65 жашта, эң кичүүсү 15 жашта экен.

Ал эми жүрүшчүлөргө жол көрсөтүп бараткан Мукамбетов Таабалды балачагы өткөн тоолор, жайлоолор тууралуу, алардын аталыштарын чечмелеп берип жатты.

Жүрүшчүлөр узак жолго, көтөргөн жүгүнө карабастан жолдо жаткан таштандыларды өзү менен чогултуп жүрүштү.

Бул күнү алар 7,5 саат, 15 км жөө жүрүп, Ашуу-Төр капчыгайынын оозуна келип түнөштү.

10-август. Соңку күн

Бул жүрүшкө катышууга сизге эмне түрткү болду?

Жүрүшкө катышууңуздун максаты эмнеде?

Эскерүү жүрүшү кандай таасир калтырды?

Эскерүү жүрүшүнүн мааниси эмнеде?

Дал ушул суроолордун айланасындагы ой бөлүшүүлөр менен эскерүү жүрүшүнүн жыйынтыктоочу күнү башталды.

Жүрүшчүлөр 1916-жылдагы Үркүн окуясын аңдап түшүнүү үчүн кыргыз эли кабылган азаптын аз да болсо бир бөлүгүн жон-тери менен сезүү маанилүү болгондугун, өтмүштүн окуялары коомдун бүгүнкүсү менен эртеңкисин аныктай тургандыгын, келечекте ушундай окуялар кайталанбашы үчүн Үркүн тууралуу эс тутумду сактай жүрүү, унутпоо жана унуткарбоо зарыл экендигин айтышты.

Катышуучулар бири-бирине ыраазычылык билдирип, кийинки жылдагы эскерүү жүрүшүнө сунуштар айтылган соң, Ашуу-Төр капчыгайын бойлой жүрүшүн башташты.

Үч миң метрден жогору карагай өспөйт, жашылдын бою кыскарып, улам жогорулаган сайын сейректейт, боз тоо-таш менен алмашат. Аппак мөңгүлөр жакындап, этегиндеги кичи көлдөр көрүнө баштайт. Бирде жаан жаайт, бирде күн кайнатат. Ооз менен бет кесилткен шамал болот. Топоздор жүрөт, аларды ээрчип мамалактар.

Жүрүшчүлөр белгилегендей, алардын 3 күн, 2 түн бою тамак, ысык чай берген адамдары, жатканга чатырлары, жылуу төшөктөрү болду, анан ар ким өзү үчүн жооптуу болду, Үркүндөгүдөй ымыркай, наристелери, кары ата-энеси, мал-жандыгы, топтогон мүлкү менен жүрүшкөн жок. Жергиликтүү тургундардын бири баяндап берген «чолок» Муканбек атанын тагдыры жүрүшчүлөрдү өзгөчө таасирлентти. Үркүндө манжаларын суука алдырган жаш өспүрүмдүн атына кийин эл арасында «чолок» деген лакап кошулуп айтылып калган экен.

Бул жерлердин аталыштары да өзүнчө тарыхка жана мааниге ээ: Кыргыздар илгертен улуу жут учурунда Чыгыш Түркстанга көчүп-конуп жүрүшкөн, ар дайым алакада болушкан, андыктан жүк артынган төөлөрүн эс алдырып, оңдоп-түзөгөн жердин аталышы – Төө-Түзөтчү болгону да бекеринен эмес.

Же болбосо Арпа-Тектир – жапайы арпа жайнаган жердин аталышы, ал эми ийри-буйру карагайлар өскөн жерди Жаман-Карагай деп коюшкан.

Ошентип жүрүшчүлөр 3800 метр бийиктикке көтөрүлүштү, 5 сааттын ичинде 10 км жөө басып, Тосордун Сыртына жетишти. Алыстан зымырыт түстүү Ара-Көл көрүндү. Бул алардын жете турчу жери эле. Ушинтип алар Үркүндө курман болгондорду эскеришти. 3 күн. 2 түн. Жөө. Үркүн учурунда курман болгондорго куран окуп, акырын ылдый көздөй – Тосор айылына бет алышты. Бири-бири менен коштошушту, ысык тамак, жылуу жай менен камсыздап берген тосорлуктарга ыраазычылык билдиришти.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы да «Тосор коому», «Тосор жаштары» бирикмелерине, Эскерүү жүрүшүнүн катышуучуларына, алыстан колдоосун көрсөткөн тилектештерине терең ыраазычылык билдирет!

Опубликовано в разделах: Иш чаралар, Сүрөт баян, Эскерүү жерлери