Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Бүбүйра Кыдыралиева акка моюн сунду

15 августа, 2024 г.

Ата-Бейиттеги сырды ачыкка чыгарып, сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Бүбүйра апанын арты кайрылуу болуп, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Апанын жаназасы 15-август Бер-Булак айылында өтөт.

Ата-Бейит – сталиндик репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жерлердин ачыкка чыккандарынын эң алгачкысы. Андыктан Бүбүйра Кыдыралиеванын жалпы советтик кылмыштардын жүзүн ачууда чоң ролу болгон деп айтууга болот.

Бүбүйра апабыздын кыргыз эле эмес, дүйнөлүк тарыхта ушундай бийик орду бар. Ыраазыбыз апабызга! Жараткан бейишинен берсин!

Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган. Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бирок совет доору болгондуктан, Бүбүйра Кыдыралиева укканын ачык жарыялоого батынган эмес.«Эл душманы» жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген «Ата Бейит» көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Маалымат Кыргыз «Азаттык» үналгысынын баракчасынан алынды.

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар