Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Жымжырттыкты бузуп» мектебине ачык кабыл алуу!

20 августа, 2024 г.

🎓 «Жымжырттыкты бузуп» мектеби 🎓

📢 Эсимде жана Жарандык агартуу академиясы «Жымжырттыкты бузуп» мектебине ачык кабыл алууну жарыялайт!

«Жымжыртыкты бузуп» мектеби жеке өзү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүгө, жамааттык өтүмүштү түшүнүүгө жана учурдагы ордубузду аныктоого багытталган.

Биз биргеликте практикалык билимдерди, көндүмдөрдү, стратегияларды жана эрежелерди үйрөнөбүз, жамааттык иш-аракеттерди жасайбыз.
Мектеп окутпайт, бирок катышуучулар үйрөнүшөт. Анда лекцияларды, семинарларды жана бейформалдуу баарлашууну айкалыштыруу аркылуу биргелешип үйрөнүүнүн жаңы формасы түзүлөт. Эксперттер жана катышуучулар, конок спикерлер жана команда – ар бирибиз билбегенибизди билебиз. Биргеликте катышуучулар алган жана ала турчу билимдин үстүнөн иштейбиз.

Бизди 3 сессиядан турган эс тутум, деколонизация, жамааттык талкуулар жана иш-аракеттер жөнүндө биргелешип иштелип чыккан курс күтөт!

❕Катышуу үчүн esimdekg@gmail.com электрондук дарегине резюме жана шык кат жөнөтүү керек.

Эркин форматтагы шык катта төмөнкү суроолорго жооп берүү сунушталат:
● Кыргызстандагы илгерилөө жана өзгөрүү жараянындагы сиздин жеке ордуңуз жана ролуңуз кандай? Алардын натыйжасында кандай өзгөрүүлөр орун алды?
● Сизди эмне толкундантып, эмне шыктандырат?
● Мектептин мүчөсү болуу сизге эмне үчүн маанилүү? Мектепте эмне менен бөлүшүүгө даярсыз?

❕Катышуу орундарынын саны чектелүү, табыштамалар 2024-жылдын 1-сентябрына чейин кабыл алынат.

💌 Бардык суроолор боюнча кийинки дарекке кайрылсаңыз болот: esimdekg@gmail.com