Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

#мектеп. Мунара Абдукахарова: «Көчмөн китеп» долбоору

22 апреля, 2024 г.

🔰 Мунара Абдукахарова – заманбап сүрөтчү, «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин алкагында «Көчмөн китеп» долбоорун ишке ашырды.

Ал бардык каалоочуларга 4 ирет сайма-курак жолугушуу сабактарын өткөрдү.

Долбоордун максаты – тилди, андагы калыптанып калган стереотиптерди ирония аркылуу сөздөрдүн оюну менен кайрадан куруу же мурастарыбызга болгон калып көз караштарыбыздан бошотууга аракет жасоо.

«Көчмөн китеп» долбоорунда көчмөндөрдүн маданий мурастарынын эки багытын айкалыштыруу идеясы камтылган: оозеки мурас жана тиричилик буюмдары. Күнүмдүк тиричилик буюмдары көчмөн адамдын жашоо турмушуна тыгыз байланышкандыктан Мунара сөздөрдү, элдик лакаптар, уламыш, айтыштарды визуалдаштыруу үчүн көбүнчө кийимдерде сайма саюну алгачкы үлгү катары алды.

Опубликовано в разделах: Мектептер