Чоробек Сааданбек «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин алкагында 1916-жылдагы окуялардын жана жапырт көчүүнүн призмасы аркылуу өз тааным жана ата-тегин изилдөөгө деколониялык мамиле жасады.
1916-жылы Үркүндө Кочкор эли дагы орус колониалдык бийлигинин каршы көтөрүлүшкө чыккан. Кочкорлуктардын бир бөлүгү Канатты көтөрүлүшкө хан шайлап, Чүйгө өтүп барып Токмокту камагоо катышса, Ормон хандын урпактары баштаган топ Кочкордогу Столыпино кыштагын камоого алган.