«Жымжырттыкты бузуп» мектебинин соңку III сессиясы 21-22-23-24-апрель күндөрү Баткен облусунда болуп өттү.
Катышуучу Автандил Эшмамбет сессиянын жүрүшү боюнча сүрөт баяны менен бөлүштү.
1-күн. Кыргызстан Баткенден башталат.
Самолёт баткендиктер үчүн кадимки транспорттук каражат, ал эми аэропорт көнүмүш жай. Унаа менен 4-5 сааттык жол жүрүп борборго жете алган ысык-көлдүктөр үчүн самолёт мынчалык тааныш эмес, андыктан Баткендин аэропорту өзгөчө шаңга бөлөнгөндөй туюлат. Бул менин Баткенге эң алгачкы келишим.
Бизди Баткен мамлекеттик университетинин окутуучусу – Кубанычбек Таиров жылмаюу менен тосуп алды. Ал баткендик эсимдечилердин эң жигердүүсү, бирок эң алгач ал – баткенчи, Баткен тууралуу бардыгын эс тутумунда түйүп алган тирүү энциклопедия сыяктуу, чөп-гүлүнөн тартып, бул чөлкөмдө аягы баскан байыркы адамдар, алар тууралуу аңыздар, цивилизациялар, жада калса адам дооруна чейинки динозаврларынан өйдө билими менен күнү-түнү бөлүшүүгө даяр.
Дароо эле Баткен шаарын аралап, борборундагы базарына жөнөдүк. Жолдо биринчи жолу «чарпая» сөзүнүн маанисин билдим, анын өзүн көрдүм.
Кыштан курулган арканын төбөсүндө «Айдарали базары» деген жазуу орун алган. Ал базарга өзгөчө бөтөнчөлүк берип турат. Аркадан киргенде эле оң-солдо түркүн-түстүү өнүмдөр: Баткендин өрүгү, өрүк кошулган курут, насвай, ал эми бурчта тапчан орундуу чайкана. Жол бою өзгөчө шык менен Баткенди бизге тааныштырып келаткан Эльмира Ногойбаева мындай чайканалар азайып бараткандыгын белгиледи. Демек биз бактылууларданбыз. Шишкебек, ширин самса, ысык чай. Саякатыбыз гастрономиядан башталды.
Кубанычбек Таиров эсимдечилерди «Айгүл-Тоо» тарыхый музейине коштоп барды. Бул музей Баткен мамлекеттик университетинин жамаатынын жана музей сакчысы Абдиллаев Жамалидин аванын аракетинен пайда болуп, иштеп келет. Жамалидин ава музейге, анын ар бир экспонатына өзгөчө сүйүү жана сарамжалдуулук менен мамиле кылган инсан, дагы бир баткенчи, дагы бир эсимдечи.
Кубанычбек Таиров Баткендин өзү адамдары, кыжы-кужу базары, момо тоголок үйлөрү сыяктуу түркүн баалуулуктарды алып жүргөн кайталангыс шаар экенин аңдап турса да: «Баткенде көрө турганга эч нерсе жок дей беришчү эле, андыктан музей ачалы деген демилге келип чыккан», – деп музейди аралап, катышуучуларды ээрчитип кетти.
Музей Баткенди жана баткендиктерди чагылдырат. Анда анын тээ байыркы замандарынан тартып, бүгүнкүгө чейинкиси убакыт ырааттуулугу боюнча жайгаштырылган. Бирок бул кириш бөлмөгө тийиштүү эмес. Музейдин кириш бөлмөсү Баткенден чыккан сыймыктуу уул-кыздарына арналган. Кубанычбек Таировдун айтуусу боюнча баткендиктерге баткендиктер гана шык, түрткү боло алат, ошол себептен музейдин биринчи бөлмөсүнүн дубалдары чоң ийгиликтерге жетишкен баткендиктердин сүрөтү менен толтурулган. Ошол себептен да Баткендин чыгаан кыздары тууралуу долбоордун үстүнөн иштеп жатышкандыгын билдирди. Кыздарга шык берүү, алардын дараметин өөрчүтүү үчүн.
Музейдин кийинки бөлмөсү чөлкөмдө табылган политеисттик ишенимдердин изи, кыргызаврус, Баткен чеби, «Барса-келбес» үңкүрү (Канигут) тууралуу айтып бере алат. Ал эми бөлмөнүн так ортосунда скульптор, сүрөтчү Айдар Айтматовго таандык «Кыргыз жоокеринин» айкели орун алган.
Музейдин кийинки бөлүктөрүндө түрдүү доорго таандык чопо, жыгач идиштер, жез кумгандар ж.б. экспонаттар жайгашкан. Ошондой эле Баткендин кол өнөрчүлүгүнө, килем согуу өнөрүнө арналган өзүнчө бурч бөлүнгөн. Көрсө, «чемодан» сөзү кыргыздардын кийим-кече, зергер буюмдарды салууга колдонулган «чавадан» буюмунан келип чыккан экен.
Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналган бөлмөдө баткен диалектисинде жазылган фронттон келген каттар, 500 койго тете эски пара, музейге ишеним менен согушка катышкан аталарынын буюмдарын өткөрүп берген баткендиктердин «Ишеним бурчу» бар.
Музей өзүнүн интерактивдүүлүгү менен да көңүлүмдү бурду. Баткенчилердин үйүнүн формасын кайталаган атайын бөлмөдө түрдүү жасалгалар, буюм-кечелер орун алган. Көрүүчүлөр жер төшөк үстүндө отуруп, буюмдарын кармап көрүп, таанышып, баткенчилердин күнүмдүк турмушун элестете алышат.
Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик туткунга түшүп, андан соң француздар тарабында Германияга каршы согушуп, ага карабастан Совет бийлиги тарабынан Сибирге айдалган Казысалиев Мамашариптин өздүк күндөлүгү менен да ушул бөлмөдөн тааныштык. Советтик репрессиялык машинанын согуш туткундарына жасаган адилетсиздиги бул адамды да буйтап өтпөй калган. Коюлган айыптарды четке кагып, совет өкмөтүнөн адалет издеген, 3 класс гана билим алган адамдын орусча жазган аппеляциялык каты таң калтырбай койбойт.
Музейден чыгып, деңизге карай бет алдык. Ооба, деңизге карай. Баткендиктер Төрт-Күл суу сактагычын «Баткендин деңизи» деп коюшат экен. Мадыген геопаркынын этегинде жайгашкан деңиз – адам менен табият жараткан кайталангыс кооздук. Түстүү боёктуу ландшафт көк деңиз менен жуурулушуп, көз жоосун алат. Бекеринен баткендиктер мындай романтикалуу атап коюшпаган.
Эсимдечилер Баткендин сырларын дагы 3 күн бою ачмак. Андыктан панорамалык көрүнүшкө суктанып, таза абадан кере-кере дем алып, мейманканабызга жөнөдүк.
Мейманканадагы бөлмөлөрүбүзгө жайгашкандан кийин, короого чыкканыбызда дубалдын бийик жерине илинген «Кыргызстан Баткенден башталат» деген жазууну көрдүк. Ырас, Кыргызстан Баткенден башталат, муну биз – калгандар алигиче түшүнбөй келгендирбиз, бирок баткенчилер ар дайым билип, жакшы түшүнүп келишкен.
2-күн. Өрүктүн көзү менен.
Ким айтканы тилекке каршы эсимде жок, бирок «Өзүбүздү сүйгөнгө тарыхыбыз жол берет. Болгону биз тарыхыбызды билбейбиз» деген сөздү мен эсиме жакшы түйүп алдым. Бул күндү ушул бир сүйлөм менен сыпаттамакмын.
Алгач, антрополог Зарина Урманбетова бардык катышуучулардын алдына: «Биз эмнеден деколониалдашабыз?», – деген суроону коюу менен сөзүн баштап, төмөндөгү ой жүгүртүүлөрү менен акылыбызга чабуул таштады:
Биз деколонизация тууралуу дискуссияга өзүбүз жеттикпи же мүмкүнчүлүктөр пайда болгон үчүн сүйлөп баштадыкпы?
Эмнеге өзүбүздүн тарыхыбызды өзүбүздүн көзүбүз менен карап, өзүбүздүн акылыбыз менен аңдашыбыз кажет?
Биз орус колониализминен гана деколониалдашабызбы же катмарлашып жаткан бүгүнкү колониалдык процесстерге да реакция кылабызбы?
Биз муну менен эмне далилдегибиз келип жатат? Муну менен биз орустарга кыр көрсөтөбүзбү?
Батыш институттары деколониалдашууну өзүнө ыйгарып алышты, алардын деколониалдашуусунда позитивдүү дискриминациянын – инклюзивдүүлүк менен жаракаттарды жабуунун аракеттери байкалат. Бирок мында тараптардын ортосундагы диалог тууралуу сөз кылууга болобу?
Биз өз ой жүгүртүүбүздө деколониалдаштык десек, анда калгандар колониалдашкан болуп калабы?
Деколониалдашуунун автору да, ыкмалары да жок, анын аталышы да суроо жаратат. Негизи эле «деколониалдашуу» деген ылайыктуу терминби?
Ушул ж.б. суроолордун алкагында, конок спикерлер жана катышуучулар алар үчүн деколонизация эмне экендигин бөлүшүштү.
Философ жана тарыхчы Элери Битикчи:
«Эң алгач, деколониалдашуу – бул өзүн сүйүү тууралуу. Мен үчүн ал кичинекей кездеги жаракаттардан арылуунун куралуу болду. Ошол учурларда институционалдык басым бар болчу, мен өзүмдүн орус болуп жаралбаганыма ызаланчымун. Азыр деле «кыргызчылык» жаман нерсе катары кабылданат. Кыргызды жалкоо дейбиз, кечигет дейбиз ж.б. Бирок бул биздин ойлор эмес, буларды бизге колонизаторлор таңуулап койгон. Мен бул жолдон өткөм. Дарылангам. Мен үчүн деколониалдашуу учурда кереги жок. Ошол эле учурда деколониалдашуунун артынан чексиз күрөшкө кирип алган да туура эмес деп ойлойм. Анткени күрөштүн ичинде гана жүрө бересиң. Менин деколонизациядан үйрөнгөнүм – колонизаторлордой болбоо».
Картограф Талгат Жумашев:
«Деколониалдашуу – гештальт-терапия сыяктуу. Деколониалдашуунун азыркы жасаган аракети – маселенин өзөгүн изилдөө. Бул бир нерсеге карама-каршы коюу дегендик эмес, бул өзүн-өзү таануу дегенге жакыныраак».
Эльмира Ногойбаева:
«Деколонизация сделала меня уверенной и свободной. Нам всегда говорили: «У вас нет культуры. У вас фольклор». И мы сами тоже воспринимает это как фольклор. И мы все равно становимся объектом. Империи, государства все время нас образовывают. Мы объективизируем себя постоянно. Но есть отношения субъект – субъект. Да, «деколонизация» – неудачный термин. Он не находит общее пространство».
Изилдөөчү Асель Мурзакулова билимдердин деколонизациясына айлана-чөйрөнүн көзү менен карап көрүүнү сунуштады. Ал «адам эмес агенттер же каармандар» да бул жараяндарда чоң роль ойнойт деп эсептейт. Мисалы буга Баткендин өрүк дарагынын позициясы тарабынан карап көрсөк кандай болот?
Анткени биз адамдардын позициясы тарабынан караганыбызда, адатта ой жүгүртүүнүн белгилүү траекториясы пайда болорун, ал эми качан гана өрүк дарагынын көзү менен карай алганыбызда биз параллелдүү жараяндарды – мейкиндик жана убакыт катмарларын көрө аларыбызды белгилейт.
Журналист Сабыр Абдумомунов «Климаттык өзгөрүүлөр: алар өнүгүү жана өнүкпөөгө кандай таасир этет?» аталышындагы баяндамасында Баткендеги климаттык өзгөрүүлөр жана алардын адамдарга, жаратылышка тийгизген таасири тууралуу айтып берди. Анда пестициттерден улам саны азайган жылан жана бакалар, саны көбөйгөн чегирткелер менен келемиштер, сөксөөл токойлор, илегилектердин кайтышы, экологиялык миграция ж.б. темалар камтылды.
Сабыр Абдумомунов экологиялык чечим катары – саман шыбак үйлөрдү жандандыруу керектигин, б.а. өзүбүзгө кайтуу абзел экендигин белгиледи. Мындан тышкары ал Бишкектин колониялык өзгөчөлүгү кантип Баткенге жана баткендиктерге басым жасагай тургандыгы тууралуу кеп козгоду. Эмне себептен диалектилерди адабий тил катары кабылдоо керек экендигин, эмне себептен Баткендин кара чапандарына суук мамиле жасалары тууралуу суроолорду койду, ушул темалардын айланасында кызуу талкуу жүрдү.
Андан соң, мектептин катышуучулары анын алкагында жасаган иштери менен бөлүшүштү: Исмаил Карыпов блогерлер менен изилдөөчүлөрдүн кесилишпес дүйнөлөрү үчүн аянтча түзүүгө аракет жасаган, Айгүл Омурканова санарип доордогу кыргыздардын аза-күтүү тариздери тууралуу макала жазган, ал эми Айжан Кадралиева советтик куугунтуктоолордун машинасы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын жолуна кандай из калтыргандыгын изилдеген.
Бул күн ушундайча жыйынтыкталды.
3-күн. «ә» тыбышынын өксүктүгү.
Баткенден түркүн таттуулар, уникалдуу кара чапандан тышкары, өзүм үчүн көптөгөн жаңы сөздөрдү да жыйнай келдим:
Агыл – малкана, жейде – эркек көйнөгү, пас жак – төмөн жак, балыш – жаздык ж.б.
Көрсө, тилибизди биз өзүбүз эле жакырдантат экенбиз, албетте бул биздин колонизатордон үйрөнгөн адатыбыз. «Таза сүйлө», «адабий тилде сүйлө» дегенди сиңирип алып, бай тилибизди өксүк кылат экенбиз, тилдин байлыгын сактап жүргөндөрдү кемсинтет экенбиз, бири-бирибизди жалган калыптарга матырып, бирдей таризге салганга аракет кыла берет экенбиз. Түшүнүп-түшүнбөй эле баткен диалектисине мүнөздүү «ә» тыбышын кыргызчага киргизүүнү сунуштагандарды жапырт мазактайт экенбиз. Бул тууралуу спикер катары конокко келген доц., т.и.к. Абдинаби Кадыров айтып берди. Бул күнү биз «Кән чебине» бет алмакпыз, бул чеп дал ошол «ә» тыбышынын өксүктүгүнөн «Кан чеби» деп жазылып, маани-маңызы толугу менен алмашылып колдонулуп жүргөн экен.
Экинчи конок спикер – медиатор, омбудсмен Хаитбай агайды Эльмира Ногойбаева «салттуу акылман» (орус. «традиционный мудрец») деп тааныштырды. Хаитбай агай биз менен Баткендеги кен казуу иштери, Баткен жана баткендиктердин дарамети, «Теке секирик» стратегиясы, эчки чарбачылыгы ж.б. тууралуу бөлүштү.
Жалпы 5 га жерди ээлеген Кән чебине жетүү үчүн биз Кожошкен дарыясын бойлой, Дара капчыгайын аралап, Тунук-Суу айылына 3 саат бою көтөрүлдүк. Чептин көпчүлүк булактарда колдонулуп жүргөн аталышы – Кудаяр хандын чеби. БатМУнун окутуучулары, анын ичинде Кубанычбек Таиров бул аталышты чоң жаңылыштык деп эсептешет. Алар «Кән чебин» орто кылымга таандык, кербен токтоочу жер же каракчылардан коргонуучу чеп болушу мүмкүн, бирок Кудаяр ханга эч тиешеси жок курулуш деп божомолдошот. Аскер чебине окшоштургандар да бар.
Күнүбүздүн көпчүлүк бөлүгү сапарда болду, андыктан биз жол бою түрдүү темаларда талкуу жүргүзүп, аны өтө кызыктуу жана пайдалуу өткөрдүк.
4-күн. Төрт-Күлдүн үстүнөн учкан кит.
Заманбап сүрөтчү Жазгүл Мадазимова: «Баткендин өзүнө чоң кыялдануулар жетишпегенин сездим, адамдар чоң кыялдарынын артынан алыскы Москвага барышат, швабра кармап кыялданышат. Ал эми Москвада швабра кармап кыялдануу – чоң эрдик. Андыктан мен кыялдангым келди, Төрт-Күлдүн үстүнөн швабрадан жасалган китти учурайын дедим. Ооба, кит Төрт-Күлдө жашабайт, ооба, кит уча албайт. Бирок мен өзүмө чектөөсүз кыялданууга руксат бердим. Дал ушул контрасттар мени толкундадатат», – деп мектептин алкагында жасап жаткан долбоору тууралуу бизге айтып берди.
Ал эми Байбол Сагынбеков өзүнүн мектеп алкагында жасаган «Даанышман» аттуу долбоорунда кыргыздын күүлөрү тууралуу ой жүгүркөн: Күүлөр тарыхый окуяларды кантип чагылдырат? Советтик пропаганда күүлөрдүн негизги идеяларына жана концепцияларына кантип таасир эткен? «Куйма кулак» деген ким? Колониялык ой жүгүртүү күүлөрдүн маданиятын түшүнүүгө кантип тоскоол болууда? Урбанистика кантип бизди табияттан ажыратты? ж.б.
Бардык катышуучулар өзүлөрүнүн долбоорлорун презентациялап бүткөн соң, биз Баткен шаарын кыдырууга жөнөдүк. Айдаралиден базарлык алдык. Мен өзүмө Баткендин кара чапанын алдым. Андан соң айтылуу скульптор Садыков Тургунбай жана анын окуучуларынын колунан жаралган шаар четиндеги «Манас ордо» скульптуралык комплексин көрүп кайттык. Баткен шаарынын да балдай таттуу куйма балмуздак саткан «Байчечекейи» бар экен, андан ооз тийдик.
Эртеси биздин кетер күнүбүз болчу. Андыктан шаардын борборундагы «Эркиндик» айкелине кол булгалап: «Биз сени сагынабыз, биз дагы келгиче ордуңда тур. Биз сени унутпадык. Биз сени жүрөгүбүзгө алып барып орноттук. Анткени Кыргызстан Баткенден башталат», – деп коштошо кеттик.