
Кыргыз тилин илгерилетүүгө багытталган «Сүйлө. Тартынба!» долбоорунун негиздөөчүсү Эркайым Алиева «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин алкагында чыгармаларында деколониалдык нарративдер орун алган, улуттук иденттүүлүгүнүн айланасында изденген кыргыз жазуучулары тууралуу видеороликтердин сериясын жасады.
Ал видеороликтер «Сүйлө. Тартынба!» жана «Эсимденин» Instagram, Facebook баракчаларында жарыяланды:
- Казат Акматовдун «Мезгил» романы
- Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы
- Алыкул Осмоновдун «Ата-Журт» ыры
- Советтик жардамчылар тууралуу кыргыз чыгармаларында
- Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы
