Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Медиадагы кыргыз тилинин экосистемасынын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» изилдөөсүнүн отчету презентацияланды

25 мая, 2024 г.

Кечээ (24-май, 2024-жыл) «Эсимде» изилдөө аянтчасы «Internews» кеңсесинде «Медиадагы кыргыз тилинин экосистемасынын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» изилдөөсүнүн отчетунун презентациясын жасады.

🔍 2023-2024 жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөө маанилүү маселелерге токтолуп, төмөндөгү бөлүмдөрдү камтыйт:

• Кыргыз тилинин семантикалык өзгөрүүгө дуушар болушу. Кыргыз тилинин экосистемасынын өзгөрүшү
• Лингвистикалык анализ
• Журналистиканын стандарттарынын сакталышы жана контенттин кызыктуулугу

Ар бир бөлүм окурмандарга лингвистикалык жана семантикалык изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде сунуштарды берет.

Изилдөөнүн толук версиясы жакынкы убактарда кеңири коомчулукка жарыяланат.

Изилдөөнүн авторлору:

• Асель Мурзакулова
• Назикбек Кыдырмышев
• Марат Токоев
• Мукарам Токтогулова
• Гулзада Станалиева

🙌🏻 «Эсимде» аянтчасы бул изилдөөнү жүргүзүүгө колдоо көрсөткөндөргө, көмөктөшкөндөргө жана өнөктөштөрүнө терең ыраазычылык билдирет.

Опубликовано в разделах: Иш чаралар, Эсимденин изилдөөлөрү