Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Зууракан Сыдыкова: Математика манасчы аял

2 сентября, 2024 г.

Тарыхыбызда аял манасчылардын болгондугу тууралуу так, далилдүү маалыматтар болсо да, алардын аттары көмүскөдө калып, коомго таанылбай, изилденбей келет.

«Аялдан манасчы чыкпайт» деген ишеним адат-салттарды бекем туткан салттуу чөйрөдө эле эмес, маданият ишмерлери менен изилдөөчүлөрдүн чөйрөсүндө деле бекем орноп калгандай туюлат.

Бирок тарыхыбызга кайрылсак, аял манасчылар болуп эле келиптир, азыр деле айтып, жазып келатышкан апалар, кыз-келиндер бар.

Бул эпизоддо манасчы жана математика мугалими Зууракан Сыдыкова жөнүндө болмокчу.

🙌🏼 Подкастыбыздын жаңы чыгарылыштары – ысымы да, эмгеги да өз заманынын көңүл сыртында калган аялдардын тагдырына арналган атайын рубрика.

🖇️Тарыхтын «актай» барактарынын контекстинде журт тууралуу айтылбагандай эле, унутта калган кыргызстандык аялдардын тагдыры жөнүндө. Ал аялдар тууралуу жылбаяндар адатта унчукпайт, ал аялдар бүгүн да көп айтылбай келет. Бирок алардын жеке, үй-бүлөлүк, коомдук жашообузга кошкон зор салымы талашсыз.

Подкаст алардын аттарын, алар тууралуу эсти, татыктуу ордун кайтарууга умтулат. Аялдардын үндөрү – алардын образдары баатырдык мүнөзгө ээ эмес, анткени баатырлыгы жашырылган.

💡Биз муну кайтарабыз. Себеби алардын турмушу аркылуу өзүбүздү аңдайбыз, эмнеге татыктуу экенибизди билебиз. Муну да сүйүү аркылуу жасайбыз, анткени биз аны сезбей коё албайбыз, баалабай коё албайбыз.

Аялдардын ысымын кайтаруу. Алар жөнүндө эсти кайтаруу. Түрдүү эстерди кайтаруу. Эсимде. Эстөө маанилүү.

Опубликовано в разделах: Аудио, Подкасттар