Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

#жарыя. Штепан Черноушектин «Талаа жана аяз» тасмасынын ачык көрсөтүүсү

6 сентября, 2024 г.

📢 10-сентябрда «Эсимде» изилдөө аянтчасы, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси, «Gulag.cz» уюму жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу институту Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата чехиялык Штепан Черноушектин «Талаа жана аяз» тасмасын көрсөтөт.

❔Тасма көрсөтүүгө режиссёр Штепан Черноушек жеке өзү катышып, көрөрмандардын суроолоруна жооп бермекчи.

🔰 Советтик террор Казакстандын эс тутумунда терең жараат калтырды. Миллиондон ашык казактар ачкачылыктан кырылып, бүткүл Совет аймактарынан миллиондогон репрессиялангандар Казакстандын какыраган талааларына жөнөтүлгөн.

«Gulag.cz» уюмунун тобу 2021-жылдын ноябрында казактын ажайып талааларындагы эмгек лагерлеринин калдыктарын, бул жерлерге айдалып, камакка алынган чехтер жана Чехословакиянын жарандарын изилдөөгө барышкан.

Экспедициянын жыйынтыгында жергиликтүү тарыхтын кара барактарынын окуялары менен каардуу кышкы ландшафт боюнча авантюралык сапарды бириктирген уникалдуу документалдуу тасма жаралган.

📍⏰ Тасма көрсөтүү Ж.Баласагын атындагы КУУнун чоң акты залында 10-сентябрь күнү саат 14.00дө башталат.

📍Фрунзе 547

Опубликовано в разделах: Анонстор жана программалар